Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:00

Палестина дүйнөлүк коомчулуктан жардам күтөт


Махмуд Аббас БУУда. Нью-Йорк, 2-февраль, 2018-жыл.
Махмуд Аббас БУУда. Нью-Йорк, 2-февраль, 2018-жыл.

Палестинанын лидери Улуттар Уюмунун башкы жыйынына келип, Израил менен мунасага жетишүүдөгү талабын айтты. Махмуд Аббас быйыл эл аралык тынчтык конференциясын өткөрүүнү сунуш кылды. Ал эми Израилдин өкүлү тил табышуунун жалгыз жолу - эки тараптын түз сүйлөшүүсү экенин айтып, буга каршы чыкты.

“2018-жылы кеңири масштабдуу эл аралык тынчтык конференциясын чакыралы. Ага бардык кызыкчылыгы бар тараптар, ириде БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү катышсын”.

20-февралда Коопсуздук кеңешинде палестин лидери Махмуд Аббас жарыялаган жаңы тынчтык планы ушундай.

- Конференциянын жыйынтыгы мындай болушу керек – Палестинаны Бириккен Улуттар Уюмунун толук укуктуу мүчөсү катары таануу. Биз буга татыктуубуз. Бизди толук кандуу мүчө болууга татыксыз деп ойлойсуңарбы? Эмне үчүн? - деди Аббас.

Ал Израил да, Палестина да 1967-жылкы чек араны таанышы керек деген пикирин дагы кайталады. Палестина автономиясы Иерусалимдин чыгышын болочок борбору катары санап, аны 1967-жылы Израил өзүнө каратып алган деп эсептейт.

Трамптын Иерусалим боюнча чечимине каршы чыккан палестиналык демонстранттар.
Трамптын Иерусалим боюнча чечимине каршы чыккан палестиналык демонстранттар.

Жер талашы ондогон жылга созулуп, адам өмүрүн алган куралдуу жаңжалдар да болуп келет.

Кошмо Штаттар мурдараак Иерусалимди Израилдин борбору катары тааныганы белгилүү. Муну БУУнун Башкы ассамблеясы четке каккан. Палестина лидери ошондон кийин "эки тараптын талашына АКШ жалгыз калыс боло албайт, анын бир да тынчтык планын кабыл албайбыз" деп жүрөт.

- Урматтуу төрага, биз бүгүн эшигиңизди каккылап турабыз. Анткени силер эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо вазийпасы жүктөлгөн эң жогорку эл аралык уюмсуңар. Силерден бийик эч ким жок. Акылгөйлүк жана акыйкаттык менен чечилээр деп, силерге тынчтык тууралуу көз карашыбызды сунуш кылдык. Кайсы убак болбосун, тез арада жана ойт берип кетпестен сүйлөшүүгө даярбыз, - деп Махмуд Аббас Улуттар Уюмунун баш катчысына кайрылды.

Ошондон кийин ал жыйындан чыгып кетти.

Дэнни Денон.
Дэнни Денон.

Израилдин Улуттар Уюмундагы элчиси Дэнни Денон болсо "ортого кеңири коомчулукту салуу менен Палестина талашты чечүүдөн качууда" деп сындады.

- Мырза Аббас биз менен калып, сүйлөшүүнү улантат деп күттүм эле. Тилекке каршы, ал дагы чыга качты. Азыр эле ушул бөлмөдө болгонду карап көрсөңөр. Аббас мырза келди, талаптарын үстөлгө койду да чыгып кетти. Эми бизден жыйынтыкты күтүп атат. Бул ыкма жарабайт. Алга жылуунун жалгыз жолу - Израил менен палестиналыктардын түз сүйлөшүүсү.

Кошмо Штаттардын өкүлү Иерусалимди Израилдин борбору катары тааныган чечими өзгөрүлбөсүн, бирок Вашингтон чатакты жөнгө салууда Палестинанын жетекчилиги менен иштешүүгө даяр экенин айтып өттү.

БУУнун башкатчысы Антониу Гутерреш бардык тараптарды натыйжалуу, ынтымакташкан аракетке чакырды.

Палестинанын сунушу боюнча азырынча бир жаңсыл чечим кабыл алына элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG