Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:58

Иерусалимдин макамы - күчөгөн нааразылыктар


Бейруттагы кагылыш. 10-декабрь, 2017-жыл.
Бейруттагы кагылыш. 10-декабрь, 2017-жыл.

Өткөн дем алышта дүйнөдөгү бир катар өлкөлөрдө АКШга каршы нааразылык акциялары өттү. Кызуу кандуу чакырык, айыптоолорго улай айрым жерлерде кагылышуу да болуп кетти. Жаалданууга Трамптын Иерусалимди Израилдин борбору деп таанышы негиз.

Палестинанын өзүндө көчө кагылыштары жекшембиде (10-декабрда) да уланды. Иордан дарыясынын батыш жээги менен Газа тилкесинде таш аткан палестиналыктарга израилдик аскерлер көздөн жаш агызчу газ колдонду.

АКШ президенти Доналд Трамптын Иерусалимди Израилдин борбору деп тааныган 6-декабрдагы чечимине каршы өткөн дем алышта бир катар мусулман өлкөлөрүндө кайрадан митингдер өттү.

Ливандын ордо калаасы Бейрутта митингчилер менен полиция кагылышты. АКШ элчилиги жакты тосуп турган полицияга таштар жааганда алар жаш агызчу газ, суу атып элди артка сүрүштү. Жаракат алгандар да болду.

Мындан тышкары АКШнын Нью-Йорк, Пакистандын Карачи шаарларында, Марокко, Индонезия, Египет жана Түркиянын борборунда миңдеген адамдар митинг, жүрүштөргө чыгышты. Демонстранттар палестиналыктарды колдоп чакырык таштап, АКШ, Израил желектерин, Трамптын сүрөтүн өрттөштү.

Түркиянын Сивас шаарындагы митингге келген президент Режеп Тайып Эрдоган Израилди катуу айыптады:

- Палестина 1947-жылдан тарта оккупацияда болуп келди. Израил баскынчы өлкө. Израил – террорчу өлкө. Эй, Трамп, сен жасаган жаңылыштыкты биз жасабайбыз.

Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаняху буга "өз жарандары күрттөрдү бомбалап, террорчуларга жардам көрсөтүп жаткан Түркия бизге акыл үйрөтпөсүн!" деп жооп кайтарды. Ал Парижде Франция президенти менен жолугуп жаткан эле. Башкы тема боюнча Нетаняхунун жообу бул болду:

- Париж – Франциянын борбору, Иерусалим – Израилдин борбору. Ал 3000 жыл бою Израилдин, 70 жылдан бери еврей өлкөсүнүн башкалаасы болуп келди. Биз сиздердин тарыхты жана тандоону сыйлайбыз. Досубуз катары силер да биздикин урматтаарыңыздарды билебиз. Менимче, бул дагы тынчтык үчүн маанилүү.

Макрон менен Нетаняху
Макрон менен Нетаняху

Бирок француз лидери Эммануэл Макрон кесиптешинин айткандарын колдогон жок:

- Франция чөлкөмдөгү Израил менен Палестина ортосунда эл аралык таанымга ээ чек аралуу, тынчтыкта жашаган эки өлкө пайда болуусун каалайт. Ушул маанини улай мен премьер-министр Нетаньяхуга Кошмо Штаттардын президентинин бир аз мурдагы билдирүүсүн колдобой турганымды чечмелеп бердим. Франция ал чечим эл аралык укукка каршы жана тынчтык үчүн кооптуу деген ишенимде. Анткени жакынкы келечекте ал - коопсуздукту камсыздоодо пайдалуудай көрүнбөйт. Анын ичинде израилдиктер үчүн дагы.

Израил менен Палестина ондогон жылдардан бери жер талаштын айынан жаңжалдашып келет. Лидерлер тынчтык дегенде мына ошол жаңжалдын чечилишин эске алышууда.

Ишембиде Араб өлкөлөрүнүн лигасынын тышкы иштер министрлери да Египетте чукул жыйынга чогулушуп, өз турумдарын такташты.

- Биз тынчтык - стратегиялык вариант болушун каалайбыз. Ошондой эле чөлкөмдөгү бардык эл үчүн толук жана туруктуу тынчтык болуусун талап этебиз. Бирок Палестина улуттук аймагында суверенитет алып, эркин жана көз карандысыз болмоюн тынчтыкка жетишилбейт. Иерусалим эркин жана Палестинанын борбору болбосо да тынчтык өкүм сүрбөйт, – деди иордан министри Айман ас-Сафади.

Иерусалим
Иерусалим

10-декабрда жарыяланган жыйынтык билдирүүсүндө министрлер Трамптын чечимин «жараксыз», эл аралык укукту "олуттуу бузат" жана "жол берилгис" деп баалашты. Өз өлкөлөрүнүн лидерлерин чукул саммитке чогулууга чакырышты.

Бирок Америка Кошмо Штаттары өз жүйөсүн коргоодо. Мамлекеттик катчынын жардамчысы Дэвид Саттерфилд Трамптын чечимин “кадыресе реалдуулукту аңдоо” деп чечмелеп, ал шаардын чек арасынын акыркы макамына байланыштуу сүйлөшүүлөрдүн алдын ала чечими эместигин айтты.

Дүйнөлүк коомчулук, анын ичинде Европадагы эң жакын өнөктөштөрү дагы АКШнын кадамын сынга алууда.

Буга чейин эл аралык коомчулук бул чөлкөмдө көз карандысыз эки мамлекет болушу жана Иерусалимдин макамы Израил менен Палестинанын ортосундагы сүйлөшүүлөр аркылуу чечилиши керек деген турумду карманып келишкен. Азыр да көпчүлүк өлкөлөр ушул турумду колдоодо.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG