Миңдеген палестиндер жума намаздан кийин Иордандын Батыш жээгиндеги Хеброн, Вифлеем, Рамалла шаарларында Израилдин күч түзүмдөрү менен кагылышты.
Алар Израил аскерлерине таш ыргытып, экинчи тарап көздөн жаш агызуучу газ, желим октор менен жооп берди.
Дарыгерлерлердин айтымында, бул кагылыштар учурунда ондогон киши чыныгы октон, желим октон, адамды тумчуктуруп, дем алуусун кыйындаткан газдан жаракат алды.
Ал эми Газ секторунун Израил менен чек арасында жүздөгөн адам жөөт коопсуздук күчтөрү менен кагылышканда кеминде бир палестин каза тапкан.
Израил армиясы да Газадагы демонстранттарга чыныгы ок атылганын, алардын арасынан "эң башкы эки козутуучуну" иргеп бутага алганын ырастады.
Бул АКШ президенти Дональд Трамптын Иерусалим шаарын Израилдин борбору деп тааныгандан кийин тутанган нааразылык акциялар учурунда адам өлүмү катталган алгачкы учур болду.
Исламчыл “Хамас” кыймылы палестиндерди тынчтык жараянын токтотуп, Трамптын Иерусалим боюнча планына каршылык көргөзүш үчүн жаңы интифадага же көтөрүлүшкө чакырган.
1987-1993, 2000-2005-жылдары биринчи жана экинчи интифадаларда миңдеген палестиналыктын, 1000ден ашуун израилдиктин өмүрү кыйылган.
"Жаалдануу күнү" деп аталган акцияга 8-декабрда миңдеген палестиндер чыкты.
Жума намаздан кийин миңдеген адамдар Иерусалимдеги "ал-Акса" мечитинин жанындагы демонстрацияга да чогулушту. Газа секторундагы жүрүшкө да миңдеген адамдар катышты.
Буга чейин “Хамас” башкарган Газа секторунда, Израилдин оккупациясындагы Иордандын Батыш жээгинде, дарыгерлер билдиргендей, Израилдин коопсуздук күчтөрү менен 7-декабрда болгон кагылыштардан кеминде 31 палестин жарадар болгон.
Израил соңку окуялардан улам Иордандын Батыш жээги менен Иерусалимдин чыгышында коопсуздук күчтөрүн чыңдап жатат.
Мусулман дүйнөсүндөгү нааразылык
Палестиндерге тилектештик билдирген демонстрациялар Жакынкы Чыгыш менен мусулмандар басымдуулук кылган башка мамлекеттерде 7-декабрдан бери жүрүп жатат. Бул демонстрациялар учурунда Израил менен АКШнын желектери да өрттөлүүдө.
Иерусалим боюнча АКШнын чечимине каршы топтордун жүздөгөн адамдар катышкан акциялары буга чейин Түркиянын Стамбул, Анкара шаарларында, Иорданияда, Тунисте, Бангладеште, Иракта, Иранда, Ооганстанда, Малазия, Индонезия, Иран, Египетте болду.
- Мен бул жерге башка арабдар сыяктуу эле Трамптын чечимине каршы болгонум үчүн келдим. Менимче, бул бизди кордоп, кемсинтүү. Бул текебердикти кабыл ала албайбыз. Биз Иерусалим арабдардыкы менен палестиндердики экенине ишенебиз, - деди Каирдеги демонстранттардын бири Ибрахим Фадун кабарчыларга.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Пакистан кызматынын маалыматы боюнча 8-декабрда бул өлкөнүн Пешевар, Кветта шаарларында жана башка аймактарында демонстранттарды көчөгө ашынган динчил “Жамаат-е-Ислами” партиясы баштап чыккан.
Ал эми Исламабад, Карачи, Лахор шаарларындагы көчө жүрүштөрүндө АКШнын президенти Трамптын келбети өрттөлдү.
Кабулдун борборунда да 8-декабрда 1000дей адам президент Трамптын сүрөттөрүн, келбетин өрттөшүп, "Америка жоголсун!", "Израил жоголсун!" деп кыйкырып жатышты.
Иранда да жума намаздан кийинки демонстрацияларга он миңдеген адам чыгып, борбор Тегерандагы жүрүштө “Америкага өлүм!”, “Израилге өлүм!” деген чакырыктар жаңырды.
Бейрут шаарындагы жүрүшкө да миңдеген ливандыктар менен палестиналыктар катышты.
Стамбулдун Фатих районунда жума намаздан соң миңдеген адамдар палестин желегин көтөрүп, АКШга жана Израилге каршы ураандарды айтып турушту.
Иерусалим Израилдин борбору катары таанылган чечимди буга чейин АКШнын Евробиримдик менен араб дүйнөсүндөгү башкы өнөктөштөрү да айыпташып, ал тынчтык жараянды татаалдаштыра турганын белгилешкен.
БУУнун Коопсуздук кеңешинин курамындагы сегиз өлкө 8-декабрга чукул жыйын чакырып, ал эми Түркия келерки аптада мусулман мамлекеттердин башын бириктирген - Ислам Кызматташтыгы Уюмунун чукул саммитин уюштурууда.
АКШнын чечимин сындаган дүйнө лидерлери мындан Улуттар Уюмунун резолюциялары бузулганына көңүл буруп жатышат.
- Биз бул маселе боюнча Улуттар Уюмунун резолюцияларын бекем карманабыз. Аларда Иерусалимдин макамы "эки мамлекет" (Израил, Палестина) чечиминин алкагында жөнгө салынышы зарыл экендиги ачык көрсөтүлгөн. Биз ушул жараян кайра калыбына келишин каалайбыз. Ушул контекстен караганда кечээ кечинде чыккан чечимге макул эмеспиз, - деди Германиянын канцлери Ангела Меркел 7-декабрда Берлинден.
Трамптын жарыясы, Иерусалимдин мааниси
Дональд Трамп Иерусалимди Израилдин борбору катары таанып, АКШнын элчилигин ушул шаарга көчүрүү ишин баштоого буйрук бергенин 6-декабрда Ак үйдөн жарыялаган.
Ал өз чечимин “реалдуулукту” моюнга алуу катары мүнөздөп, эки тарап тең кабыл алгыдай келишимге жетиш үчүн өзү колдон келишинче аракет кылаарын да билдирген.
АКШда Конгресс өлкөнүн элчилигин Иерусалим шаарына көчүрүп, бул шаарды Израилдин борбору катары таанууга жол ачкан мыйзамды 1995-жылы эле кабыл алган. Бирок андан бери АКШнын президенттери бул мыйзамдын аткарылышын алты ай сайын улам атайын документке кол коюу менен кийинкиге калтырып келишкен.
Иерусалимди толугу менен өзүнүн борбору катары санаган Израилди эми президент Трамптын колдогону - АКШнын көптөн берки саясатынын кайра каралышы.
Буга чейинки саясатка ылайык, Иерусалимдин макамы Израил менен Палестинанын ортосундагы сүйлөшүүлөр аркылуу чечилиши керек эле.
АКШ мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон 8-декабрда Парижде иш сапарда жүргөн жеринен америкалык элчиликти Иерусалимге көчүрүү үчүн бир нече жыл керек болоруна токтолду.
Ага катар ал президент Трамптын бул шаарды Израилдин борбору деп таанышы "Иерусалимдин эң соңку макамын билгизбей турганын" да кошумчалады.
Иерусалимдин макамы – Израил-Палестина жаңжалынын эң талуу маселеси.
Палестиндер Иерусалимдин чыгышын өздөрүнүн болочок мамлекетинин борбору катары көрүшөт. Ал жерде азыр 200 миңдей палестин жашайт.
Чыгыш Иерусалимди 1967-жылкы кыска согушта ээлеп алган Израил болсо мусулмандардын, христиандардын, жөөттөрдүн да ыйык жайлары бар шаарды 1948-жылы мамлекет болуп түзүлгөндөн тартып эле өзүнүн жана жөөт калкынын байыркы борбору деп эсептейт.
Өлкөнүн мамлекеттик институттарынын баарынын кеңселери да ушул шаарда орун-очок алган.
Бирок эл аралык коомчулук Иерусалимдин бүткүл аймагына Израилдин суверенитетин тааныган эмес жана дүйнө өлкөлөрүнүн элчиликтери Тел-Авивде жайгашкан.