Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:56

Трамптын чечимине каршы демонстранттар полиция менен кагылышты


Полиция менен кагылышуу. 7-декабрь, Израил.
Полиция менен кагылышуу. 7-декабрь, Израил.

Иерусалимди Израилдин борбору катары таануу боюнча АКШ президенти Дональд Трамптын чечимине каршы демонстрацияда полиция менен палестиндер кагылышты. Полиция көздөн жаш чыгаруучу газ, желим ок колдонду.

Башаламандык Хеврондо, Вифлеемде жана Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги башка шаарларда да болду. Израил полициясы бул аймактарга кошумча күч жөнөтүп жатканы кабарланды.

Трамптын чечимине нааразы палестиндер 7-декабрда көтөрүлүшкө чыгышкан.

ХАМАС радикал кыймылынын жетекчиси Исмаил Хания бүгүн палестиндерди жапырт нааразылыкка чыгууга чакырып, 7-декабрды “баскынчылыкка каршы көтөрүлүш күнү” деп атады.

Президент Трамп 6-декабрда Ак үйдөгү сөзүндө Иерусалимди Израилдин башкалаасы катары таануу боюнча чечимин жарыялаган. Ал АКШнын элчилигин эми Тел-Авивден Иерусалим шаарына көчүрүү ишин баштоого көрсөтмө бергенин да билдирген.

Орусия, Германия, Британия, Сауд Арабия, Евробиримдик бул кадамды айыптап, эми чөлкөмдөгү тынчтык жараяны кыйынчылыкка учурай турганын айтып жатышат. Израил гана “адилет жана тайманбас” чечим деп, Трампты жарыясын кубаттады.

XS
SM
MD
LG