Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:29

Израил АКШнын ичин суутту


 Коомдук байланыштар боюнча америка-израил комитетинде (AIPAC) сөз сүйлөп, АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон чыгыш Иерусалимде турак-жай курулуштарын салганы жаткан Израилдин пландары эки тараптын ишенимин суутарын эскертти.
Коомдук байланыштар боюнча америка-израил комитетинде (AIPAC) сөз сүйлөп, АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон чыгыш Иерусалимде турак-жай курулуштарын салганы жаткан Израилдин пландары эки тараптын ишенимин суутарын эскертти.

Шейшемби күнү Вашингтондо өткөн АКШ-Израил сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы белгисиз бойдон калды. Президент Барак Обама менен премьер Бинямин Нетаняху баш-аягы үч сааттай көзмө-көз аңгемелешти, бирок экөө тең журналисттер алдына чыккан жок. Муну байкоочулар эки тараптын ортосундагы пикир келишпестиктер жөнгө салына электигине жорушту.

Израил премьеринин кеңсеси жарыялаган билдирүүдө гана жолугушуу "жакшы кырдаалда" өткөнү, Обама менен Нетаняху эки ирет жолукканы айтылат. Ал эми Ак үйдүн өкүлдөрү сүйлөшүүлөр тууралуу дегеле эчтеме айтышкан жок.

Өткөн аптада Обама чыгыш Иерусалимде Израил 1600дөй еврей үч-бүлөсү үчүн турук-жай курууну чечкенин кескин сынга алган. Евросоюздун тышкы иштер министрлер Кеңеши да Израилден бул пландарын тезинен токтотууну талап кылган. Британ министри Дэвид Милибэнд еврей маалаларын кеңейтүүнү мыйзамсыз иш деп атаган.

Акырында Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун өткөн аптада региондо болгон кезде Израилдин чыгыш Иерусалимдеги курулуштарды улантуу ниетин дүйнөлүк коомчулук айыптап жатканын эске салган. "Келгиле, ачык эле сүйлөшөлү: оккупацияланган аймактардагы мындай кадам – ал кайсы жерде болбосун – мыйзамсыз иш болот, андыктан ал токтотулушу керек",-деп айткан баш катчы.

Бирок Израилдин премьери Нетаняху Вашингтонго келерде жана келген соң да Иерусалимдин чыгышында курулуштарды улантканга еврейлердин укугу бар деп ырастады. Буга омок болгон эч кандай эл аралык эрежелерди ал, албетте, атаган жок. Болгону ал: "Еврей эли Иерусалимди үч миң жыл мурда курган, аны азыр да куруп жатат. Иерусалим – конуш жай эмес, биздин борборубуз", -деп билдирди коомдук байланыштар боюнча америка-израил комитетинин курултайында.

АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон ошол эле жыйында сүйлөп, жаңы курулуштар өз ара ишенимди кетирерин, жакындашуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү коркунучка калтыра турганын эскертти.

"Ким бирөөлөр Израил менен АКШ ортосундагы азыркы пикир келишпестиктерди пайдаланганга умтулушу мүмкүн, андай болгондо АКШ түбү барып тынчтык процессинде олуттуу роль ойноо мүмкүндүгүнөн ажырайт". Ошону үчүн Клинтон Израилден чыгыш Иерусалимде эле эмес, Иордан дарыясынын батыш жээгинде да ар кандай курулуштарын токтотууну талап кылды.

Шейшемби күнү Ак үйдөгү сүйлөшүүлөр жыйынтыксыз аяктаганы дайын болор замат Израил өкмөтү кошумча дагы бир план кабыл алганы маалымдалды. Атап айтканда, бийликтер Иерусалимдин чыгышындагы эски конок үйдүн ордуна еврей обосолдору үчүн дагы 20 үй кура турган болду.

Израилдин бул пландары палестин автономиясынын жаалын кайнатты. "Нетаняхунун саясаты бизди сүйлөшүү үстөлүнө отургуза албайт",-деп билдирди Махмуд Аббастын улук кеңешчиси Набила Абу Рдайнаха Рейтердин кабарчысына.

XS
SM
MD
LG