Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:21

АКШ БУУнун Иерусалим боюнча резолюциясына вето койду


Кошмо Штаттардын Улуттар Уюмундагы элчиси Никки Хейли.
Кошмо Штаттардын Улуттар Уюмундагы элчиси Никки Хейли.

Кошмо Штаттар Иерусалимди Израилдин баш калаасы катары тааныган чечимди жокко чыгарууну караган Улуттар Уюмунун резолюциясына вето койду. Египет даярдаган резолюция долбоорун Коопсуздук Кеңешинин курамындагы 14 мамлекет колдоду.

Кошмо Штаттар бул резолюция долбооруна вето коеру баарына маалым болсо да, араб мамлекеттери добуш берүү менен көп өлкөлөр, анын ичинде Американын өнөктөштөрү болуп саналган Британия, Франция жана Жапония да Трамптын чечимине каршы экенин көрсөтүүнү каалашкандай.

АКШнын Улуттар Уюмундагы туруктуу элчиси Коопсуздук кеңешинин резолюциясын "кемсинтүү" деп атады.

- Биз Коопсуздук кеңешинде күбө болуп жаткан окуя - бул кемсинтүү жана ал эч качан унутулбайт. Бул Улуттар Уюмунун израил-палестин жаңжалын чечүүгө пайдасы тийбестен, тескерисинче зыяны тийип жатканынын мисалы, - деген Никки Хейли элчиликти кайда жайгаштыруу мамлекеттин өз иши экенин кошумчалады.

Ал АКШ бул жолу койгон вето "американын суверенитетин коргош үчүн" коюлганын кошумчалады. Вашингтон соңку алты жыл ичинде биринчи жолу Улуттар Уюмунун резолюциясын өткөрбөй койду.

Египет даярдаган документте Трамптын Иерусалим боюнча билдирүүсү терең өкүнүчтү жаратканы жазылган. Ошондой эле Иерусалимдин макамы боюнча бардык чечимдердин мыйзамдык күчү болбой турганы жана ал чечимдер артка чакырылышы керек экендиги белгиленген.

Иерусалим боюнча резолюцияны Коопсуздук Кеңешинин 14 мүчөсү колдоду.
Иерусалим боюнча резолюцияны Коопсуздук Кеңешинин 14 мүчөсү колдоду.

АКШнын президенти Доналд Трамп 6-декабрдагы өз билдирүүсүндө Иерусалимди Израилдин баш калаасы деп таанып, элчиликти Тел-Авивден ал жакка көчүрүү боюнча Вашингтондун чечимин жарыялаган.

Трамптын бул жарыясы Жакынкы Чыгыш менен мусулмандар басымдуулук кылган башка мамлекеттерде нааразычылык толкундарын жараткан. Ал тургай бир апта мурда Стамбулда өткөн Ислам кызматташтык уюмунун саммитинде Израилди Палестинанын баш калаасы катары таанууга үндөгөн чакырык айтылган.

Иерусалим боюнча Вашингтондун чечимин АКШнын Евробиримдиктеги өнөктөштөрү да айыптап, ал тынчтык жараянды татаалдаштыра турганын белгилешкен.

Британиянын Улуттар Уюмундагы элчиси Маттю Рикпроф добуш берүүнүн алдында өз өлкөсүнүн чечимин дагы бир жолу кайталады:

- Биз мурда айткандай, Иерусалимди Израилдин баш калаасы деп таануу жана элчиликти көчүрүү боюнча бир тараптуу чечим менен макул эмеспиз. Бул чөлкөмдөгү соңку окуялар көрсөткөндөй, мындай чечимдер бул аймакка тынчтык алып келбейт. Британиянын элчилиги Тел-Авивде жайгашкан жана биз аны көчүрүүнү боолгологон жокпуз.

Британиянын Улуттар Уюмундагы элчиси Маттю Рикпроф.
Британиянын Улуттар Уюмундагы элчиси Маттю Рикпроф.

​Трамп өз чечимин реалдуулукту таануу катары түшүндүргөн. Израилдин лидери Биньямин Нетаньяху Трамптын бул чечимин кубаттап, башка мамлекеттерди да Вашингтондун жолун жолдоого чакырган.

18-декабрдагы Коопсуздук Кеңешинин жыйынында Улуттар Уюмундагы Израилдин элчиси Данни Данон Иерусалим түбөлүк Израилдин баш калаасы бойдон кала берерин айтты.

Данни Данон. Нью-Йорк, 14-март, 2016-жыл.
Данни Данон. Нью-Йорк, 14-март, 2016-жыл.

- Алар бул суроо боюнча кайра-кайра добуш берсе болот. Жүз жолу добуш берсе да бул нерсе Иерусалим Израилдин түбөлүк баш калаасы болгонун жана ар дайым боло берерин көрсөткөн фактыны эч өзгөртпөйт.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху резолюцияга вето койгону үчүн Никки Хейлиге өзүнүн "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу ыраазылык билдирди.

Иерусалимдин макамы – Израил-Палестина жаңжалынын эң талуу маселеси.

Палестиндер Иерусалимдин чыгышын өздөрүнүн болочок мамлекетинин борбору катары көрүшөт. Ал жерде азыр 200 миңдей палестин жашайт.

Чыгыш Иерусалимди 1967-жылкы кыска согушта ээлеп алган Израил болсо мусулмандардын, христиандардын, жөөттөрдүн да ыйык жайлары жайгашкан бул шаарды 1948-жылы мамлекет болуп түзүлгөндөн тартып эле өзүнүн жана жөөт калкынын байыркы борбору деп эсептейт.

Өлкөнүн мамлекеттик институттарынын баарынын кеңселери да ушул шаарда орун-очок алган.

Бирок эл аралык коомчулук Иерусалимдин бүткүл аймагына Израилдин суверенитетин тааныган эмес жана дүйнө өлкөлөрүнүн элчиликтери Тел-Авивде жайгашкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

XS
SM
MD
LG