Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:16

Израил танктарын Газа тилкесине жакындатты


26-мартта Израил Газа тилкеси менен чек арага танктарды жайгаштырды.

25-мартта тараптар бири-биринин аймактарына ракетадан сокку урушкан. Анын алдында Палестин администрациясынын өкүлү Египеттин ортомчулугу менен ок атышууну токтотуу макулдашуусуна жетишилгенин билдирген. Тел-Авив бул маалыматты комментарийлеген жок.

Израилдин чек арага жакын аймактарындагы шаарларда коопсуздук чаралары күчөтүлүп, сиреналардын үнү жаңырып турду. Жергиликтүү тургундарга бомбалардан жашырынуучу жер төлөөлөргө жакын болушу керектиги эскертилди. Мектептер жабык калууда.

Газа тилкеси менен чек арадагы абал 26-мартка караган түнү курчуп кеткен. Палестин аймагынан атылган ракета Тел-Авивдин четиндеги райондогу турак жайга тийип, жети киши жарадар болгон.

АКШда жүргөн Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху сапарынын программасын кыскартып, мекенине чукул учуп барды.

Биньямин Нетаньяху
Биньямин Нетаньяху

Израил жооп кайтарып, Газага сокку урганда кеминде беш киши жараат алды. Жөөт аскерлери ХАМАС кыймылынын лидери Исмаил Ханиянын иш кеңсесин бутага алышкан. Саясатчы болжол менен ага чейин башка жерге эвакуацияланган.

25-мартта Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Газа тилкесинен Израил тарапка ракета атууну айыптады. БУУнун расмий өкүлү Стефан Дужарич буларды айтты:

"Газадагы соңку окуялар баш катчы Антонио Гуттеришти тынчсыздандырат. Израил тарапка ракета атуу олуттуу окуя жана мыйзамдарды одоно бузуу болуп саналат. Газа тилкесине жасалган соккулар тууралуу да кабардарбыз жана жакындан байкоо салуудабыз. Биз бардык тараптарды сабырдуулукка чакырабыз".

Газаны башкарып келаткан исламчыл согушкер кыймыл жана палестиналык майда уюмдар түн ортосунда жасаган билдирүүдө Египеттин арачылыгы менен ок атышууну токтотуу жөнүндө макулдашылганы айтылат. Израил бийлиги бул маалыматты комментарийлеген жок.

ХАМАС Газаны өз көзөмөлүнө алган 2007-жылдан бери Израил тилкеде үч жолу согуш жүргүзгөн. Газадан атылган ракеталарга Тел-Авив аба соккулары менен жооп берген учурлар көнүмүшкө айланган. Бирок оор техниканы чек арага тартуу өтө өзгөчө окуя.

Кырдаал мындан ары начарлайт деп кооптонгон Газанын жашоочулары нан, эң керектүү азык-түлүк сатып алууга шашылып жатышат.

Акыркы беш жылдагы олуттуу кагылышуулар Израилдеги шайлоонун алдында болду. Палестиналык согушкерлерге каршы катаал саясат жүргүзгөн премьер-министр Биньямин Нетаньяху кызматын сактап калуу үчүн күрөшмөкчү.

Коррупциялык чатактарга малынган премьерге атаандаш болуп армиянын жогорку генералы жетектеген борборчул коалиция чыгууда.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG