Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:56

Дөбө талаш дөө-шааларды козгоду


Голан дөңсөөлөрү.
Голан дөңсөөлөрү.

Голан дөңсөөлөрүнө байланыштуу АКШ менен Түркия баштаган өлкөлөр кайрадан кайым айтышууда. Трамп "Голан дөңсөөлөрүн Израилдин аймагы деп таанууга убакыт келгенин" айтса, Эрдоган мындай билдирүү аймакты жаңы кризиске түртөөрүн эскертти.

Голан кимдики?

"Кечээ АКШ президенти Дональд Трамптын Голан дөңсөөлөрү тууралуу билдирүүсү аймакта жаңы кризис, жаңы чыңалуу жаратат. Биз Голан дөңсөөлөрүн басып алууну мыйзамдаштырууга жол бербейбиз", - деди президент Режеп Тайип Эрдоган 22-мартта​ ​Ислам кызматташтык уюмунун саммитинде сүйлөп жатып.

Эрдоган Ислам кызматташтык уюмунун саммитинде сүйлөп жаткан учур. 22-март, 2019-жыл
Эрдоган Ислам кызматташтык уюмунун саммитинде сүйлөп жаткан учур. 22-март, 2019-жыл

Түркия жана Ислам кызматташтык уюму бул талылуу маселеде унчукпай калбасын да эскертип өттү. Аны Иран жетекчилиги да кубаттады.

Сирия Трамптын “жоопкерчиликсиз билдирүүсүн чечкиндүү сынга аларын” билдирди.

Орусиянын президенттик администрациясы Трамптын билдирүүсү "Жакынкы Чыгыштагы ансыз да чыңалып турган абалды ого бетер курчутат", - деп баалады. Ошол эле маалда бул “чакырык сөз бойдон эле каларына үмүттөнөбүз”, - деди Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков.

Евробиримдик да Голан тууралуу туруму өзгөрбөгөнүн маалымдады. "Голан дөңсөөлөрүн Израилдин аймагынын бир бөлүгү катары карабайбыз" деген биримдиктин тышкы саясат боюнча комиссарынын маалымат катчысы Майя Косьянчичтин сөзүн "РИА-Новости" мисалга тартты.

Нетаньяхунун ыраазылыгы

АКШнын президенти Дональд Трамп 21-марттагы “Твиттердеги” билдирүүсүндө бул маселе Израилдин коопсуздугу жана аймактагы стабилдүүлүк үчүн өзгөчө стратегиялык мааниге ээ экенин жазган. Израилдин премьери Биньямин Нетаняху Трампка ыраазы. «Тарыхка кирди» деп мактады:

- Адегенде ал Йерусалимди Израилдин борбору деп тааныды жана АКШ элчилигин бул жерге көчүрдү. Андан кийин ал Иран менен түзүлгөн кырсыктуу келишимден чыгып, кайра санкцияларды салды. Эми ошондой эле тарыхый иш жасап, Израилдин Голан дөңсөөлөрүндөгү суверенитетин таанып жатат.

Алты күндүк согуштун ажырымы

Израил 1800 чарчы чакырым аянттагы Голан дөңсөөлөрүнүн бир ыптасын 1967-жылы басып алган. Ал окуя "Алты күндүк согуш" деп тарыхка кирген.​

1981-жылы Израил парламенти “Голан дөңсөөлөрү тууралуу” мыйзам кабыл алып, бул аймакты өзүнүкү деп белгилеп койгон. Бирок Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңеши баштаган эл аралык коомчулук бул чечимди тааныган эмес.

Жарым кылымдан ашык убактан бери Сирия менен Израил бир нече ирет согушуп, тынчтык келишимине жете албай келишет.

Майк Помпео менен Биньямин Нетаняху. 20-март, 2019-жыл.
Майк Помпео менен Биньямин Нетаняху. 20-март, 2019-жыл.

Израилде жарым айдан кийин парламенттик шайлоо өтөт. Анын үстүнө Нетаньяху коррупцияга да айыпталып жатат. Ушул учурда Голан боюнча билдирүү, атүгүл АКШ мамлекеттик катчысынын Иерусалимге келиши Нетаньяхуга зор колдоо деп жазат "Рейтер" агенттиги.

Ошол эле учурда Трамптын билдирүүсү чөлкөмдө тынчтык орнотуудагы АКШнын ортомчулук ролун татаалдатышы да мүмкүн делет. Израил менен Палестина да көптөн бери элдеше албай келишет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG