Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:50

Араб өлкөлөрү Трамптын Голан дөңсөөлөрү боюнча чечимин айыпташты 


Дональд Трамп менен Бинямин Нетаняху Вашингтондогу расмий иш-чарада. 25-март, 2019-жыл.
Дональд Трамп менен Бинямин Нетаняху Вашингтондогу расмий иш-чарада. 25-март, 2019-жыл.

Перс булуңундагы төрт мамлекет - Сауд Арабиясы, Бахрейн, Катар жана Кувейт АКШ президенти Дональд Трамптын талаштуу Голан дөңсөөлөрүнө Израилдин ээлигин тааныган чечимин айыпташты.

АКШнын өнөктөштөрү болгон төрт мамлекеттин билдирүүсүндө Трамптын чечими аймактагы туруктуулукка терс таасир этиши мүмкүндүгү айтылат. Ошондой эле Голан дөңсөөлөрү "Израил басып алган араб аймагы" экени белгиленген.

Сауд Арабиясы Трамп кол койгон документти "БУУнун уставы менен эл аралык укукту бузуу" деп атады.

Кувейт менен Бахрейн Вашингтондун чечимине өкүнүчүн билдирсе, Катар Израилди Голанды басып алууну токтотууга, эл аралык резолюцияларды сактоого чакырды. Орусия менен Иран да бул чечимди сынга алды.

Трамп 25-мартта Голан дөңсөөлөрүн Израилдин аймагы катары тааныган документке кол койгон. Вашингтондогу расмий иш-чарага Израилдин премьер-министри Бинямин Нетаняху да катышкан.

Израил 1967-жылы алты күндүк согушта мурда Сирияга караган Голан дөңсөөлөрүн ээлеп, 1981-жылы аннексиялаган. Эл аралык коомчулук Тел-Авивдин кадамын мыйзамсыз деп эсептейт жана Голанга Израилдин ээлигин тааныган эмес.

XS
SM
MD
LG