Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:02

АКШ Палестинага экономикалык жана гуманитардык жардамды жандантат


Палестинанын желегин көтөрүп турган жигит.
Палестинанын желегин көтөрүп турган жигит.

АКШ Палестин автономиясына экономикалык жана гуманитардык жардамды жандантууну пландоодо.

7-апрелде Мамлекеттик департамент жарыялаган билдирүүгө ылайык, Вашингтон бул максатта 235 миллион доллар коротууну көздөп турат.

Анын 75 миллиону Иордан дарыясынын батыш жээгин жана Газа тилкесин өнүктүрүүгө багытталат. 10 миллиону - аймакта тынчтык орнотуу жаатында Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) колдоосунда жүзөгө ашырылып жаткан программаларга жумшалат, 150 миллиону БУУнун гуманитардык программаларынан алкагында болот. "Америка добушу" радиосу билдиргендей, дагы 15 миллион доллар COVID-19 илдетинин кесепетин жоюуга каралат.

Палестиналыктар АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын администрациясын Израилдин пайдасын көздөйт деп бир тараптуу деп айыптап келишкен. Азыркы президент Байден бул каржылык учурдагы куткаруу пакетти 20-январда Байдендин АКШнын президенти кызматына киришкенден берки эң көрүнүктүү кадамымынын бири деп атады.

XS
SM
MD
LG