Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:23

Парламент Кумтөрдөн улам чукул жыйынга чогулду


Kyrgyzstan - Trip to Kumtor mining, 14 November 2017, generic
Kyrgyzstan - Trip to Kumtor mining, 14 November 2017, generic

Жогорку Кеңеш 17-майда Кумтөрдүн айланасындагы соңку жагдайды талкуулоо үчүн кезексиз жыйынга чогулду. Анда кенге байланыштуу түзүлгөн мамлекеттик комиссия маалымат берип жатат.

Парламенттин бүгүнкү кезексиз жыйынына министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов баштаган өкмөт мүчөлөрү да катышууда.

12-майда Кумтөргө байланыштуу мамлекеттик комиссиянын отурумунда анын төрагасы, депутат Акылбек Жапаров ишкана Кыргызстандын мыйзамдарынын негизинде иштөөсү керек экенин белгилеп, жалпысынан "Кумтөр Голд" 4 миллиард 252 миллион 800 миң доллар төлөөгө милдеттүү экенин билдирген. Жапаровдун айтымында, мунун 3 миллиард 86 миллиону келтирилген экологиялык зыянга байланыштуу айып пул, 1 миллиард 166 миллиону төлөнбөй калган салык.

Акылбек Жапаров кыргыз тарап деле “Центерра” менен соттошуудан кайра тартпашы мүмкүн экенин ишарат кылган.

"Эл аралык сотко биз даярданып жатабыз. Биринчи Кыргызстандын соттору, юристтер менен далилдердин баарын алып, эгер алар эл аралык сотко барса, балким, биз алардан биринчи сотко беришибиз керек", - деп билдирген 12-майда Акылбек Жапаров.

Жапаров мурунку президенттер жана өкмөт башчыларынын "Эл аралык сотко барсак эле утулабыз, ошондуктан барбай эле коёлу" деген бүтүмдөрдү эмненин негизинде чыгарганын таба албай коюшканын айтты.

16-майда Кумтөр кенин иштеткен канадалык “Центерра Голд” компаниясы (Centerra Gold Inc) кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыялады. Бул тууралуу билдирүү чет элдик компаниянын сайтына жарыяланды.

"Центерра Голд" кыргыз өкмөтүнөн Кумтөр кенине байланыштуу жакында кабыл алынган мыйзамды же "Кумтөр Голд Компани" ишканасына экологиялык чыгым менен салыктан улам салынган айыппулду токтотууну талап кылат. Компания кыргыз өкмөтүнүн акыркы аракеттерин Кумтөр кениндеги инвестициялык келишимдерди бузуу деп эсептейт.

Канадалык компания ошондой эле Бишкек келишимге келбесе, "Кумтөр Голд Компани" тарткан бардык чыгым үчүн арбитраждык сотто кыргыз өкмөтүнүн жоопкерчилигин кароону өтүнөрүн билдирет.

"Центерра Голддун" президенти жана башкы аткаруучу директору Скотт Перри “компаниянын өз укугун, “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын жана акционерлердин кызыкчылыгын арбитражда коргоодон башка аргасы калган жок. Эгерде өкмөт конструктивдүү диалогго барууну кааласа биз даярбыз” - деп билдирет.

Билдирүүдө кыргыз өкмөтүнүн "мыйзамсыз аракеттери" катары: 6-майда Кумтөрдү сырттан башкарууга жол ачкан мыйзамдын кабыл алынышы, 7-майдагы соттун 3 миллиард доллар экологиялык доо койгон арызды шашылыш канааттандырганы, укук коргоо органдарынын "Кумтөр Голд Компанинин" бир катар менежерлеринин үйүнө чейин барып кызматкерлерин коркутканы, 15-майда компаниянын Бишкектеги кеңсесинде тинтүү жүргүзүлгөнү белгиленген.

Компания тараптарда ишти карай турган арбитрды тандоого 28 күн бар экенин эскерткен. Эгер тараптар арбитр ким болоору тууралуу мунаса таба алышпаса, анда “Центерра” арбитрды дайындап берүү өтүнүчү менен Гаагадагы Туруктуу арбитраждык сотко кайрылмакчы.

16-майда Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) кыргыз парламенти 17-майда «Kумтөр Голд Компанини» мамлекетке өткөрүү жараянын баштоо жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн экенин белгилеп, тынчсыздануусун билдирди. Эл аралык банктын кайрылуусунда “бул сыяктуу чечимдер Кыргызстандын эл аралык өнөктөштөрүнүн жана чет элдик инвесторлордун алдындагы милдеттенмелерин аткаруусуна шек жаратат” деп айтылат. Банк бул өлкө экономикасын калыбына келтирүүдө жана инвесторлор үчүн "кооптонууну пайда кыла турган тобокелдик" экенин белгилейт.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кени. Аны канадалык "Центерра Голд" компаниясы иштетет, Кыргызстандын кендеги үлүшү 26% түзөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG