Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:23

Кумтөр: Эл аралык сотто эске алчу жагдайлар


Кумтөр алтын кени, 14-ноябрь 2017-жыл.

Миллиондогон доллардык доолор, жылдарга созулган соттошуулар, жеңилүү жана жеңиштер. Кумтөр алтын кенинин айланасындагы жаңы жагдайлар Эл аралык арбитраж маселесин кайра күн тартибине чыгарууда. “Азаттык” кыргыз өкмөтүнүн буга чейинки айрым эл аралык соттошууларына сереп салды.

Жаңы арбитражга жол ачабы?

Кыргыз тарап Кумтөр кениндеги экологиялык зыян жана төлөнбөгөн салыкка байланыштуу канадалык инвесторго кеминде 4,2 миллиард доллардык доо коюп жатат. Кенди иштеткен “Центерра Голд” компаниясы экологияга байланыштуу доолор эбак эле чечилгенин белгилеп, 45 күндүн ичинде сүйлөшүү башталбаса, Эл аралык арбитраждык сотко кайрыларын эскертүүдө.

Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы, депутат Акылбек Жапаров кыргыз тарап деле “Центерра” менен соттошуудан кайра тартпашы мүмкүн экенин ишарат кылып жатат.

Депутат Акылбек Жапаров.
Депутат Акылбек Жапаров.

«Эл аралык сотко биз даярданып жатабыз. Биринчи Кыргызстандын соттору, юристтер менен далилдердин баарын алып, эгер алар эл аралык сотко барса, балким, биз алардан биринчи сотко беришибиз керек», - деп билдирген 12-майда Акылбек Жапаров.

Жапаров мурунку президенттер жана өкмөт башчыларынын "Эл аралык сотко барсак эле утулабыз, ошондуктан барбай эле коёлу" деген бүтүмдөрдү эмненин негизинде чыгарганын таба албай коюшканын айтты.

Кыргызстан менен «Центерранын» Кумтөргө байланыштуу талашы буга чейин эки жолу же 2006-жылы жана 2016-жылы Эл аралык арбитражга жеткен. Экөөндө тең тараптар жаңы келишим аркылуу кепке келишкен. Мамлекеттик комиссия бул ирет деле инвестор менен тынчтык келишими түзүлүшү мүмкүндүгүн четке какпайт.

Бирок тараптар маселени Эл аралык арбитражда чечебиз деп калса, анда кыргыз бийлиги өз позициясын коргой алабы? Өкмөттүн чет өлкөлүк инвесторлор менен буга чейинки соттошуулары эмнени каңкуулайт? Бул суроолорго жооп издөөдөн мурда Эл аралык арбитражга кыскача түшүндүрмө бере кетели.

Эл аралык арбитраж деген эмне?

Эл аралык арбитраж - бейтарап арбитрлардын жардамы аркылуу мамлекет менен инвесторлордун ортосундагы талаш-тартыштарды чечүүнүн бир жолу. Лондон, Париж, Сингапур сыяктуу дүйнөнүн бир топ ири шаарларында мындай арбитраждык институттар бар.

Адатта алардын иши эл аралык келишимдер же конвенциялар менен жөнгө салынат. Дүйнөлүк практикада көбүнесе Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык соода укугу боюнча комиссиясынын (UNCITRAL) Арбитраждык регламенти жана Дүйнөлүк банктын Инвестициялык талаштарды жөнгө салуу борборунун жоболору кеңири колдонулат.

Бул жоболорго ылайык, мамлекет менен инвестордун ортосундагы чыр-чатактарды көбүнчө үч арбитрдан турган трибунал карайт. Ал үчүн мамлекет да, инвестор да өздөрү туура көргөн бир арбитрды көрсөтүшөт. Анан ал эки арбитр чогулуп, үчүнчү арбитрды тандап алат. Бул трибунал тараптардын жүйөлөрүн угуп, далилдерди талдагандан кийин гана чечим чыгарат. Утулган тарап айып пулду да, арбитрларга кеткен чыгымды да төлөйт.

Эл аралык соттошуулар боюнча адис, кыргызстандык юрист Жоомарт Жолдошевдин айтымында, жаатташкан тараптар дайыма эле айып пул өндүрүү үчүн эл аралык арбитражга кайрыла бербейт.

Юрист Жоомарт Жолдошев.
Юрист Жоомарт Жолдошев.

“Эл аралык арбитраждык соттун чечимдеринин ишке ашырылышы бир аз татаалыраак болгондуктан көп учурда ал соодалашуунун ыкмасы катары колдонулат. Сотко кайрылып, ал аркылуу каржылык зыян алып келебиз деп, соода ыкмасы катары колдонулуп келет. Кыргызстан буга чейинки Эл аралык арбитражда каралган маселелердин көбүндө жеңилип келген, же болбосо соодалашып бир келишимге келген учурлар бар”, - деди юрист Жолдошев.

Миллиарддык доолор

Бириккен Улуттар Уюмунун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясынын (UNCTAD) маалымат базасы көрсөткөндөй, 2003-жылдан бери кыргыз өкмөтү менен чет өлкөлүк инвесторлор ортосундагы 17 талаш Эл аралык арбитражга жеткен.

Бул иштер боюнча инвесторлор кыргыз тараптан өндүрүп берүүнү талап кылган доонун жалпы суммасы 2,2 миллиард доллардан ашат.

Албетте, бул Кыргызстан ушунча суммадагы айып пулга жыгылды дегенди билдирбейт. Себеби, 17 доонун үчөө боюнча мунаса табылса, эки иш токтотулган.

Алты иш боюнча узак жылдардан бери толук жыйынтык чыга элек. Ошентсе да калган алты териштирүү инвестордун пайдасына чечилген. Булар БУУнун маалымат базасына катталган же ачыкка чыккан гана иштер.

Өкмөттүн бул маселелер менен алектенген Соттук өкүлчүлүк борбору Эл аралык арбитражда Кыргызстанга байланыштуу канча иш жүрүп жатканы, аларда кыргыз тараптын позициясы канчалык корголуп жатканы тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна азырынча жооп бере элек.

Бирок бул борбордун мурдагы директору Аяз Баетов Эл аралык арбитраждык териштирүүлөргө байланыштуу маселелер бар экенин четке какпайт.

Юрист Аяз Баетов.
Юрист Аяз Баетов.

“Биринчиден, кайсы бир иштерде эч нерсе көрсөтө албайсың. Такыр эле туура эмес иш кылынган болсо, аны кантип актайсың? Ошондой иштер болгон. Натыйжада утулуп калышты. Бирок кээ бир иштерде адистер жок же барбай калышып, же бюрократия болуп жатып утулуп калган учурлар да болгон. Биздин саясатчылар да ар нерсени сүйлөп жиберет. Эл аралык деңгээлде саясатчылардын сөздөрү деле далил катары колдонулушу мүмкүн”, - деди Баетов.

Чуулгандуу иштер

Андыктан Кыргызстандын тарыхында өкмөт Эл аралык арбитраждык соттордо олчойгон доого жыгылган учурлар аз эмес. Алардын айрымдары боюнча айып пулду төлөө маселесинде соттошуулар алигиче уланып келе жатат.

Маселен “Ак кеме” мейманканасына байланыштуу эл аралык териштирүүлөр башталганына быйыл 15 жыл болду.

Бул мейманкананы курган түркиялык “Sistem Muhendislik Insaat Sanayi ve Ticaret Anonim Sirketi” компаниясы 2005-жылдагы март ыңкылабынан кийин бул жайга ээлик кылуу укугунан негизсиз ажырап калганын жүйө кылып, эл аралык сотко кайрылган. Арбитраж 2009-жылы Кыргызстанды түрк инвесторлорго 8,5 миллион доллар төлөп берүүгө милдеттендирген.

Кыргыз өкмөтү мынча айып пулду төлөөгө көнгөн эмес. Кийин бул суммага үстөк кошулуп, 11 миллион долларга чыккан. Быйыл 5-январда Нью-Йорктун федералдык судьясы Кыргызстан соттун чечимдерин аткарбаганы үчүн бир күндүк туумдун (пения) көлөмүн 5 миң доллардан 15 миң долларга көбөйткөнү маалым болду.

Мындан тышкары 2019-жылдын август айында кыргыз өкмөтү Торонтодогу Эл аралык арбитраждык сотто - Канаданын «Stans Energy Corp» тоо-кен компаниясына утулуп, 24 миллион доллар доого жыгылган. Компания Кеминдеги сейрек кездешүүчү металл бар Кутесай II жана Калесай кендерин иштетүү лицензиясын кыргыз тарап 2010-жылдардын башында “мыйзамсыз жокко чыгарды” деп арбитражга кайрылган.

Айып пулду төлөө маселеси дале чечиле электигин эл аралык соттошуулар тууралуу жазып келе жаткан “Law360” порталы билдирүүдө. Маалыматка ылайык, 2020-жылдын декабрь айында «Stans Energy Corp» АКШнын Колумбия округунун райондук сотуна доону өндүрүү үчүн кошумча чечим кабыл алуу өтүнүчүн жолдогон.

Дагы бир түркиялык «Entes Industrial Plants, Construction and Erection Contracting Co. Inc» (Entes - Энтес) компаниясы Кыргызстандын Транспорт министрлигинен 25 миллион доллар өндүрө албай келет.

Бул компанияны 1999-жылы Кыргызстандын өкмөтү Бишкек-Ош жолунун 620 чакырымын реконструкциялоо долбоорун аткаруу үчүн жалдаган. Бирок долбоор белгиленгенден узарып, кошумча жумуш жана инструкциялар менен коштолгон. Мындан улам компания кыргыз өкмөтүнөн кошумча чыгымдарды төлөп берүүнү талап кылган. Бирок кыргыз тарап аны толук төлөөдөн баш тартканда “Entes” 2009-жылы эл аралык сотторго кайрылган жана сот 2015-жылы инвестордун пайдасына чечим чыгарган.

"Ак кеме" мейманканасы.
"Ак кеме" мейманканасы.

Жогорудагы бир нече компания башка доогерлер бирге кыргыз өкмөтүнө коюлган айып пулду Кыргызстандын “Центеррадагы” акцияларынын эсебинен өндүрүүгө аракет жасашкан. Алардын өтүнүчү менен 2014-жылы Канаданын Онтарио соту акциялардын бир бөлүгүн убактылуу камакка алган. Бирок 2016-жылы кыргыз бийлиги “Центеррадагы” үлүш өкмөткө эмес, “Кыргызалтын” акционердик коомуна таандык деген жүйө келтирип, акциялардын башын бошотуп алган.

Юрист Жоомарт Жолдошев арбитраждын чечимдери азыр аткарылбаганы менен кези келгенде кайра козголушу мүмкүн дейт.

“Арбитраждын чечимин аткаруу иш жүзүндө оор маселе. Себеби мамлекет өз ыктыяры менен аткарышы керек. Андай болбосо, мамлекеттин аброюна кандайдыр бир зыян алып келет. Мисалы, Кыргызстан утулган учурда да андан акчаны өндүрүп алуу оңой жолго турбайт. Себеби Кыргызстандын сыртта активдери жок. Кийин болуп кала турган болсо, ал иштер козголушу мүмкүн”, - дейт юрист Жоомарт Жолдошев.

Саналуу жеңиш

Деген менен эл аралык соттошууларда кыргыз өкмөтү жеңген учурлар да бар. Буга латвиялык ишкер Валерий Белоконь менен соттошуу мисал болуп берет. Белоконь мурдагы кыргыз президенти Курманбек Бакиевдин тушунда, тагыраагы 2007-жылы Бишкекте “Манас” банкын түптөгөн. 2010-жылы апрель окуяларынан соң Убактылуу өкмөт аталган банкты мамлекеттин карамагына алган.

2011-жылы Белоконь “Манас” банкындагы менчик укугу зыянга учураганын жүйө келтирип, Париждеги арбитраждык сотко кайрылган. Сот 2014-жылы латвиялык банкирдин арызын канааттандырып, кыргыз өкмөтүн 16,5 миллион долларга доого жыккан. Бирок кыргыз тарап Париждеги апелляциялык сотко кайрылып, 2017-жылдын февраль айында Белоконго каршы чечим чыгартууга жетишкен.

Анын өкүмүндө Белоконь “Манас” банкын арам акчаны адалдоону өрчүтүш үчүн сатып алганы, мурдагы президенттин уулу Максим Бакиев менен жакын байланышта болгону үчүн банктагы мыйзамсыз транзакциялар көз жаздымда калып келгени белгиленген. Айтор Париждеги апелляциялык сот Белокондун миллиондогон доллардык доосун токтотуп, тескерисинче латвиялык ишкерди кыргыз тарапка 300 миң евро төлөөгө милдеттендирген.

Бирок мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевге байланыштуу соттук териштирүүлөргө түздөн-түз катышкан, Кыргызстандын Улуу Британиядагы мурдагы элчиси Гүлнара Искакова бул иш далилдер анык болгону үчүн кыргыз тараптын пайдасына чечилгенин, болбосо көп соттошуулар ийгиликсиз аяктап жатканын айтат.

Маселен, 2010-жылдан кийинки бийликтин Максим Бакиевди Лондондогу сот жообуна тартуу аракетинен майнап чыккан эмес.

Кыргызстандын Улуу Британиядагы мурдагы элчиси Гүлнара Искакова.
Кыргызстандын Улуу Британиядагы мурдагы элчиси Гүлнара Искакова.

“Биздин өкмөт биринчи кайсы бир иштерди жасайт. Анан гана юридикалык жагын карайт. Көбүнчө биздин иштерибиз юридикалык келишимдерге, мыйзамдарга дал келбей калат. Ошондой эле биздин адистер да өкмөттүн чечимдерин юридикалык жактан негиздеп, талдап бере албайт. Ошондуктан көп эле эл аралык соттордо Кыргызстан жеңбейт”, - деди Искакова.

Арбитраж сабактары, Кумтөрдүн тагдыры

Мурдагы элчи кошумчалагандай, “улутташтыруу” термини инвесторлордун укугу корголгон бардык өлкөлөрдө терс реакцияны жаратат жана эл аралык сотто далилдер гана маанилүү болот. Андай болбосо ошол эле Кыргызстандын элчиликтерине инвестиция тартып келүү оор болот.

“Кумтөрдүн кемчиликтерин көрсөтөбүз десек, анда коррупция болгонун далилдеш керек. Парламентте айтса, же жазып койсо, жөн эле сөз бойдон калат. Далилдеш керек. Бирок биз коррупция болгонун далилдесек, ошондо алар эл аралык аренада “Кыргызстан инвесторлорду коркутуп-үркүтүп, менчиктерин тартып алып жатат” деп айта албай калышат”, - деди Кыргызстандын Британиядагы мурдагы элчиси Гүлнара Искакова.

Кен тармагындагы маселелерди чагылдырып жүргөн журналист жана изилдөөчү Рыскелди Сатке да эл аралык арбитраж маселесинде даярдык маанилүү деп эсептейт.

Журналист, изилдөөчү Рыскелди Сатке.
Журналист, изилдөөчү Рыскелди Сатке.

“Себеби бул өтө эле татаал маселе. “Ура, баарын жайлайбыз” деп койгон болбойт. Эл аралык арбитражга келгенде өтө эле күчтүү адистер, өзгөчө адвокаттык фирмалар керек. Бизде Кыргызстанда андай фирмаларды билбейм. Жок болсо, анда чет элдик фирмаларды эле жалдаш керек. Ошол эле учурда алардын иши арзан эмес. Адвокаттык фирмалардын акысы бир топ эле болот”, - деди Сатке.

Кантсе да Кумтөрдүн айланасындагы соңку жагдайлар кандай өнүгөрү, иш Эл аралык арбитражга жетер-жетпеси азыр анык эмес.

14-майда “Центерра” ээлик кылган “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам президент Садыр Жапаров кол койгондон кийин күчүнө кирди. Ал күнү Канаданын жана Британиянын Кыргызстандагы элчиликтери биргелешкен билдирүү таратып, тоо-кен тармагына байланышкан акыркы окуяларга тынчсызданып турушканын, мындай жагдай Кыргызстанга түз инвестициянын келишине, экономикага кесепетин тийгизерин белгилешти.

Кантсе да Кумтөр маселесин иликтеген мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров канадалык инвесторлор экология үчүн жооп бериши керек экенин, аларга коюлган доону далилдей турган 700 барактай маалымат топтолгонун билдирүүдө. “Центерра” бул аптанын башындагы билдирүүсүндө Кыргызстанда коюлуп жаткан дооматтарды четке каккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG