Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:51

Кыргызстан "Систем Мүхендислик" жана "Энтес" боюнча сотто утуп алды


"Кыргызалтын" ишканасы 16-июнда тараткан кабарга ылайык, Канаданын Жогорку Сотундагы отурумда кыргыз тарап түркиялык "Систем Мүхендислик" жана "Энтес" компанияларын утту. 15-июндагы отурумда сот эки компаниянын апелляциялык доо арызын канааттандырган эмес.

Канаданын Онтарио провинциясынын Жогорку Соту төрт чет элдик компаниянын “Центерра Голддогу” Кыргызстандын акцияларын алып берүү өтүнүчүн былтыр июлда да канааттандырган эмес. Андыктан, арыздануучу тарап талаштуу маселе боюнча башка сотторго кайрылса болору айтылган.

Сөз болуп жаткан арыздар түркиялык Sistem Muhendislik Insaat Sanayi жана Entes Industrial Plants Constraction & Erection Constracting Co. Inc. компанияларынын, канадалык Stans Energy Corp. компаниясынын жана Латвия жараны Валерий Белокондун адвокаты тарабынан берилген. Доо арыз ээлери Centerra Gold Inc. компаниясындагы “Кыргызалтындын” акцияларын өткөрүп берүүнү өтүнүшкөн.

XS
SM
MD
LG