Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:38

Парламент кезексиз жыйынга чогулуп, Кумтөр маселесин карай баштады


Жогорку Кеңеш. 2021-жылдын 17-майы.
Жогорку Кеңеш. 2021-жылдын 17-майы.

Жогорку Кеңеш бүгүнкү, 17-майдагы кезексиз жыйынында Кумтөр алтын кениндеги ишмердүүлүккө байланыштуу маселеден кийин мамлекеттик чек арадагы абалды талкууламай болду.

Жыйында бул эки маселени бир күндө эмес, эки башка кароо тууралуу сунуш айтылды. Бирок ал сунуш көпчүлүктүн колдоосуна ээ болгон жок.

Парламенттин бүгүнкү кезексиз жыйынына министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов баштаган өкмөт мүчөлөрү да катышууда.

16-майда Кумтөрдү иштетип жаткан канадалык “Центерра Голд” компаниясы кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыялады.

12-майда Кумтөрдөгү ишмердүүлүктү текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров ““Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу башкаруу киргизип, май айынан тартып алтынды Кыргызстанда калтыруу сунуш кылынып жатканын” билдирген, компания Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин айткан.

28-29-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду. Тажик тараптан 19 адам каза болгону расмий айтылды. Эки өлкө бул үчүн бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошту. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG