Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:42

Өкмөт эгемендиктин 30 жылдыгына карата элдик курултай өткөрөт


Төрага Улукбек Марипов баштаган министрлер кабинетинин мүчөлөрү. 15-май, 2021-жыл.
Төрага Улукбек Марипов баштаган министрлер кабинетинин мүчөлөрү. 15-май, 2021-жыл.

Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгын белгилөөгө байланыштуу түзүлгөн уюштуруу комитети кеңешмеге чогулуп, мааракелик иш-чаранын планын талкуулады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Ага ылайык, маареке тууралуу планда Бишкек шаарында жана аймактарда элдик курултай баштаган жүздөн ашык иш-чараны өткөрүү каралган.

“Талкуунун жүрүшүндө бир катар сунуштар жана сын-пикирлер айтылды. Президентинин кайрылуусуна ылайык, планга кыргыз элинин Бүткүл дүйнөлүк Курултайын өткөрүүнү киргизүү сунушталды”, - деп айтылат маалыматта.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов бардык иш-чаралар республикадагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен, санитардык ченемдерге жана талап-чектөөлөргө ылайык жүргүзүлүшү керек экенин эскертти.

2021-жылдын 31-августунда Кыргызстандын өз алдынча болгонуна туура 30 жыл толот. Мурдагы СССРдин курамындагы өлкөнүн эгемен тарыхында бир топ президент алмашып, бир нече жолу Баш мыйзам өзгөртүлгөн. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG