Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:40

Киев Медведчукту Орусияда кармалган украиналыктарга алмаштырышы ыктымал


Виктор Медведчук (ортодо).
Виктор Медведчук (ортодо).

Бул тууралуу Украин Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Алексей Данилов "Савик Шустердин сөз эркиндиги" программасындагы маегинде билдирди. Ал мындай чечимди президент кабыл аларын билдирип, бирок мындай мүмкүнчүлүк болсо, украин тарап аны пайдаланууга даяр экенин айтты.

Орусия президенти Владимир Путиндин бөлөсү деп айтылып жүргөн Виктор Медведчук 13-майда Киев шаардык соту тарабынан 9-июлга чейин үй камагына алынган. Ал "Мамлекеттик чыккынчылык" беренеси боюнча шектелүүдө.

Виктор Медведчук прокуратурада сурак берип жатып, өзүнө козголгон кылмыш ишин "саясий куугунтук" деп билдирген.

Виктор Медведчук Украинадагы орусиячыл саясатчылардын бири. Ал Орусиянын президенти Владимир Путин менен мамилеси жакшы саясатчы катары белгилүү.

Буга чейин Украинанын Коргоо жана коопсуздук кеңеши Виктор Медведчукка таандык "112 Украина", NewsOne, ZIK телеканалдарына беш жылдык санкция киргизген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG