Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:30

Кытай израил-палестин чатагы жөнгө салынбай жатканы үчүн АКШны айыптады


Газа тилкесин аткылоо учурунан бир көрүнүш. Май, 2021-жыл.
Газа тилкесин аткылоо учурунан бир көрүнүш. Май, 2021-жыл.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Израил-Палестин чатагы боюнча резолюция кабыл ала албай жатканы үчүн расмий Бээжин Вашингтонду айыптады. Кытайдын тышкы иштер министри Ван И мындай пикирин Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Куреши менен телефон аркылуу сүйлөшкөн учурда билдирди.

"Тилекке каршы БУУнун Коопсуздук кеңеши израил-палестин чатагы боюнча келишимге жетише албай жатканына АКШнын бир тараптуулугу таасир этүүдө" деди Ван И. Бул тууралуу Кытайдын "Синьхуа" агенттигине шилтеме кылып, "Интерфакс" жазды.

Ван И сүйлөшүүдө Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараяны баштапкы багытынан алыстап кеткени, БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясы аткарылбаганы тууралуу да пикирин билдирген. Ал "Палестин элинин эгемендикке жана мамлекеттүүлүккө ээ болуу укугунун бузулушу - алардын абалын оорлотуп, палестин-израил чырынын тереңдөөсүнө алып келди" деп билдирген.

Ван И Кытай май айында Коопсуздук кеңешине төрагалык кыларын белгилеп, жекшембиге белгиленген отурумда бардык тараптар бир пикирге келишет деп күтөрүн айткан. Мындан тышкары ал БУУнун Коопсуздук кеңеши эки мамлекеттин түзүлүшү тууралуу чечимди бекитүүгө тийиштигин, израилдиктер менен палестиндиктерди тынч сүйлөшүүлөрдү жандантууга чакыруусу зарылдыгын белгиледи.

Аймакта ушул аптанын башында абал курчуп кеткенден бери палестин тараптан кеминде 139 адам өлдү, анын 39у бала жана 22си аял. Израилде аткылоодон сегиз адам мерт кеткени расмий кабарланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG