Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:57

Жети медицина кызматкери коронавируска чалдыкты


Кыргызстандагы ооруканалардын биринде дарыгер бейтаптын сатурациясын текшерип жатат. Бишкек. Апрель, 2021-жыл.
Кыргызстандагы ооруканалардын биринде дарыгер бейтаптын сатурациясын текшерип жатат. Бишкек. Апрель, 2021-жыл.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги маалымдагандай, 16-майга карата COVID-19 вирусуна 7 медицина кызматкери кабылды. Алардын алтоо Бишкекте, бир дарыгер Ысык-Көлдө. Ошондой эле бүгүн эки медицина кызматкери вирустан сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанда бул илдет 4546 медкызматкерге жугуп, анын 4473ү айыгып чыкты. Вирустан кайтыш болгон дарыгерлердин саны 100дөн ашты.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына ылайык, ооруп айыккан 1500дөн ашуун медициналык кызматкерге 200 миң сомдон кенемте берилген. Ал эми каза болгон дарыгерлердин үй-бүлөсүнөн 60 арыз түшүп, 32 үй-бүлөгө бир миллион сомдон кенемте төлөндү. Жалпы кенемте төлөөгө 185 миллион сом жумшалды.

Министрлик кенемте төлөөнүн жол-жобосун жыл башында өзгөртүп, дарыгерлердин COVID-19 жугузуп алган жагдайын иликтеп, чечим чыгаруу милдетин оорукананын жетекчилигине жүктөгөн. Коронавируска кабылгандарга кенемтенин көлөмү 75 миң сом болуп азайган.

Өкмөт убада кылган кенемтени коронавирусту ооруканалардын “кызыл зонасында” эмес, Тез жардам кызматында, айыл-кыштактардын кире беришиндеги өткөрмө бекеттерде иштеп жүрүп жугузуп алган дарыгерлер ала албай жатканы кабарланган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG