Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:08

Түркмөн президентинин миллионер жээни


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Turkmen.news" басылмасы жана "Gundogar" гезити, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун жакын туугандары бул өлкөдөгү азык-түлүк таңкыстыгынан кандай пайда көрүп жатканын чагылдырган журналисттик иликтөөнү жарыялады.

"Turkmen.news", "Gundogar" жана OCCRPнин журналисттери түркмөн президентинин туугандарына таандык Британияда катталган "Greatcom Trade LLP" компаниясы 2016-жылы 25,7 миллион долларлык өкмөттүк келишим алганын жазышты.

Бул келишим Гурбангулы Бердымухамедовдун 2016-жылдын 11-ноябрындагы жарлыгы аркылуу өлкөнүн Соода жана тышкы экономикалык байланыштар министрлигин чет өлкөлүк жети компания менен 60 миллион долларлык импорттук келишимдерди түзүүгө түрткү болгон. Макаланын авторлору келишимдердин кеминде үчөө олуттуу суроолорду жаратарын белгилешет.

Президент таекеден миллиондогон келишим

Келишимде айтылган "Greatcom" компаниясы Түркмөнстанга 15 миң тоннадай кумшекер, жети миң тонна тооктун эти, эки миң тонна күн карама майы, 170 тонна сары май жана 107 тонна маргарин жеткириши керек болчу. Натыйжада бул келишим 27,5 миллион долларга бааланган.

Гурбангулы Бердымухамедовдун "Greatcom" компаниясына азык-түлүктөрдү импорттоо укугун берген жарлыгы анын чет өлкөлүк сатып алууларга буйрук берген уникалдуу документи болуп эсептелет. Анткени журналисттер президенттин миңдеген жарлыктарын изилдеп чыгып, ушул гана буйрук азык-түлүк менен камсыз кылууга түздөн-түз байланыштуу жападан жалгыз документ экенин таап чыгышкан.

"Бул жарлык түркмөн аткаминерлеринин баарына, соода маселелерин тейлеген вице-премьер-министрден тартып министрге чейин мындан ары алар ушул фирмалар менен гана иштешүүсү керек экенин эскерткен белги болуп саналат", - деди Түркмөнстанда азык-түлүк импорту системасын жакшы билген адам.

Режеповдун хансарайы

Журналисттер ошондой эле президенттин жээни Хажымурат Режепов мамлекеттик келишимден түшкөн кирешени эмнеге коротконун изилдешкен.

Бул "кирешелүү" келишим президенттин жээнине Түркмөнстандын борбору Ашхабаддан кымбат баалуу хансарай сатып алууга мүмкүнчүлүк бергени айтылат.

Үйдүн ичи Италиядан алынып келинген мрамор, коло жана хрусталь шамчырактар менен кооздолгон. "Мындай байлык Түркмөнстандын катардагы жаранынын колунан келбейт" деп жазышты материалдын авторлору.

Ал эми айтылып жаткан хансарайлар баш калаа Ашхабаддын Гажа районунда жайгашып, 2017-жылы өткөн Азия оюндарын утурлай курулган.

Жаңы турак жай комплексинин долбоору мамлекеттик бюджетке дээрлик 547 миллион доллар чыгым келтирген. "Amnesty International" эл аралык укук коргоо уюмунун айтымында, бала бакча, мектеп, соода борборлорун жана сейил бакты камтыган жаңы конушту куруу үчүн өкмөт эски үйлөрдү бузуп, алардын жашоочуларын тийиштүү кенемтесиз башка жерге көчүргөн.

Ал арада Түркмөнстанда учурда азык-түлүк таңкыстыгы өкүм сүрүп жатканы айтылып келет. Айрым түркмөнстандыктар таң эрте дүкөндөрдөн товар алып, кийин аларды кымбатка саткан учурлар катталган. Өлкөдө абал чыңалгандыктан алып-сатарлыкты ооздуктоо үчүн полиция кызматкерлери дүкөндөрдү текшерүүгө аргасыз болууда.

"Түркмөнстандыктар учурда субсидияланган тамак-аш үчүн узун кезекте турушса, президенттин үй-бүлө мүчөлөрү жыргал жашоодо жашап жатат. Биринчи жолу журналисттер президент Гурбангулы Бердымухамедов менен болгон байланыштар кирешелүү келишимдерди түзүүгө жардам бере тургандыгы жөнүндө далилдерди алууга жетишти", - деп жазат авторлор.

Былтыр азык-түлүк боюнча көйгөй күчөгөндө түркмөн бийлиги баш калаа Ашхабаддан башка бардык аймактарда талон менен субсидияланган товарларды сатып алууга милдеттендирген.

Мисалы Мары шаарынын тургундары үчүн субсидияланган азык-түлүктүн айлык нормасы төмөндөтүлүп, бир үй-бүлөгө айына эки тоок жана бир адамга алты жумуртка гана сатыла баштаган. Ал эми быйыл апрелде Балканабат шаарында да азык-түлүктүн айлык рациону төмөндөтүлүп, бир үй-бүлөгө бир тоок, бир литр өсүмдүк майы жана 250 грамм кумшекер гана сатылары айтылган.

"Human Rights Watch" эл аралык уюмунун өкүлү Рейчел Денбер азык-түлүктүн тартыштыгы жана узун кезек күтүү адамдарды стресс кылат деп эсептейт.

"Бердымухамедовдун айланасындагылар жана башкалар, бирөөнүн кайгысынан байып жатканы өтө жийиркеничтүү".

Ошондой эле иликтөөдө 1200 тоннадан ашык кондитердик азыктарды ташып келүү келишими көрсөтүлгөн. Ал бир жыл мурун ачылган шотландиялык "Intergold LP" фирмасы тарабынан кабыл алынган. Келишим өкмөткө 3,5 миллион доллар чыгым алып келген.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG