Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:18

Түркмөнстан: Президентти "кет" деген баракчалар тарады


Мары шаарындагы үйлөрдүн эшигинде жабыштырылган баракча.
Мары шаарындагы үйлөрдүн эшигинде жабыштырылган баракча.

Түркмөнабат, Мары жана Байрамали сыяктуу Түркмөнстандын ири шаарларында президент Гурбангулы Бердымухамедовду кызматтан кетүүгө чакырган баракчалар пайда болду. Бул диктаторлук бийликке көп жылдардан бери тумчугуп келаткан мамлекет үчүн адаттан тыш окуя.

Баракчалар тарагандан кийин Коопсуздук кызматкерлери бала бакчаларга, мектептерге, базарларга жана дүкөндөргө көзөмөл камераларын орното баштады.

Көчөдөгү баракчалар

"Азаттык" радиосунун түркмөн кызматынын кабарчысы билдиргендей, Мары шаарында коопсуздук кызматкерлери ишканалардан жана мекемелерден чукул арада көзөмөл камераларын орнотууну талап кылышууда.

Буга шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн кире беришиндеги президент Гурбангулы Бердымухамедовдун кызматтан кетишин талап кылган баракчалар себеп болгон.

Жергиликтүү тургундар да коопсуздук чаралардын кескин күчөшүн президентке каршы баракчалардын тарап жатканы менен байланыштырат.

Мары шаарында көзөмөл камералар орнотулууда.
Мары шаарында көзөмөл камералар орнотулууда.

Ошол эле учурда оппозициячыл "Түркмөнстандын демократиялык тандоосу" кыймылы Мары шаарындагы үйлөрдүн короолорунда таратылып жаткан баракчалар аларга таандык экенин билдиришти. Кыймылдын активисттери соцтармакта тараган видеолордо көп кабаттуу үйлөрдүн кире беришине жана башка жерлерге чакырыктарды илип жатканын көрсө болот.

29-мартта жергиликтүү кабарчылар Түркмөнабаттагы базарларда, ошондой эле, айрым соода борборлорунун кире беришинде президент Гурбангулы Бердымухамедовду кызматтан кетүүгө чакырган баракчалар чачылып жатканын билдирген. Мындан улам өткөн дем алышта өлкөнүн Улуттук коопсуздук жана Ички иштер министрликтеринин кызматкерлери полиграфиялык кызмат көрсөткөн ишкерлерди суракка чакыра баштаганы айтылган.

Түркмөн бийлиги учурда билим берүүчү мекемелердин, базарлардын жана соода борборлордун тегерегинде байкоочу камераларды орнотуу иштерин күчөттү.

Мындан бир нече жыл мурда бийлик Түркмөнстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен өз үйлөрүнүн алдына да камераларды орнотууну талап кылган болчу.

Ушул күндөрү Мары шаарында укук коргоо органдарынын кызматкерлери атайын жабдылган унаалар менен көп кабаттуу үйлөрдүн тегерегинде күнү-түнү нөөмөттө экени кабарланган.

Таштандылар да көзөмөлдөнөт

Ал эми марылыктар апта башынан бери бийлик VPN байланыштарды маал-маалы менен жапканын айтышты.

"Элдин Telegram, Viber, Tik-Tok, WhatsApp, Instagram жана YouTube сыяктуу социалдык тармактарды колдонушуна жол бербөө үчүн бийлик VPN-сервистерин жаап салышты", - деди Мары шаарынын тургуну.

Өлкөнүн айрым шаарларында Бердымухамедовго каршы баракчаларга байланыштуу ызы-чуу күч алып турган маалда, укук коргоо органдарынын кызматкерлери таштанды казгандардын көбөйүшүнөн улам чочулап жатышкандай.

Ушул күндөрү Марыдагы бийлик өкүлдөрү шаардагы таштанды төгүлүүчү жайларга келген адамдар менен баарлашып, аларды сүрөткө тартып, ошондой эле, таштандылардын арасынан бир нерсе издеп келишсе, коммуналдык чарба кызматкерлеринин формасын кийүүнү талап кыла башташканы айтылууда.

"Азаттык" радиосунун түркмөн кызматы Улуттук коопсуздук кызматынан жана Ички иштер министрликтеринен президент Бердымухамедовдун кызматтан кетишин талап кылган баракчалар боюнча комментарий ала алган жок.

Өткөн жылдын май айынан бери Түркияда, Түндүк Кипрде жана АКШда түркмөнстандыктар өлкөнүн бийлигине каршы бир катар нааразылык акцияларын өткөрүшкөн.

Ошондой эле буга чейин түркмөн президентине каршы баракчалар былтыр февралда Стамбулда түркмөн мигранттары жыш жашаган Аксарай районунда пайда болгон. Ал эми 2020-жылы күзүндө мындай баракчалар Москванын айрым райондоруна да тарап кеткен.

Президент Бердымухамедовго каршы баракчалар Түркмөнстанда экономикалык кризис курчуп турган кезде жана чет жактагы түркмөнстандыктар арасында жарандык активдүүлүк күчөп турган мезгилде таратылууда.

Гурбангулы Бердымухамедов 2006-жылы Сапармурад Ниязов көз жумгандан бери Түркмөнстанды башкарып келет. Ал адаттан тыш жүрүм-туруму менен эл аралык коомчулукту таңгалдырып жүрөт.

Президент Гурбангулы Бердымухамедов. 29-март, 2021-жыл.
Президент Гурбангулы Бердымухамедов. 29-март, 2021-жыл.

Түркмөнстандын авторитардык лидери шейшембиде жаңы түзүлгөн Сенаттын мүчөсү болуп шайланды. Бул шайлоо өнөктүгүндө эч бир оппозиция өкүлү талапкер катары каралган да жок жана элге кыйыр шайлоо укугу гана таңууланды.

Түркмөнстан адам укуктары жана жарандык эркиндиктин абалы боюнча дүйнөдөгү эң жабык жана репрессивдүү мамлекеттердин катарында турат.

Ызы-чуунун көлөкөсүндөгү экономикалык кризис

Ал арада Мары облусунун айрым мамлекеттик дүкөндөрүндө 3 жумадан бери туруктуу баада сатылган арзан нан табылбайт. Жеке соода түйүндөрүндө күнүмдүк тамак-аштын баасы көтөрүлүп жатат.

"Бир айдан бери эртең менен нан сатып алам деген үмүт менен күн сайын адамдар мамлекеттик дүкөндөрдүн алдында тизилип турушат", - деди Марынын тургуну "Азаттыкка". Ал ошондой эле нан сатылбай жаткандыгын кошумчалады.

Мурун мамлекеттик дүкөндөрдө бир нан бир манатка сатылса, эми жеке менчик дүкөндөрдө нандын баасы 8-9 манатка (2 доллардын тегереги) жетти.

"Нан мамлекеттик дүкөндөрдө чоңдорго экиден, балдар кезектешип алышса бирден сатышчу. Эми андай эмес", - деди жергиликтүү тургундардын бири.

Мындан тышкары Мары облусунун Байрамали шаарында ундун баасы кескин кымбаттады. Бир ай мурун 400 манат болгон 50 килограммдык бир кап ун 600 манатка (170 доллар) көтөрүлгөн. Базардагы сатуучулардын айтымында, баанын өсүшүнө нарктан тышкары Ашхабаддан Марыга ун ташууга байланыштуу маселелер да таасир этет.

Түркмөнстанда күнүмдүк керектелчү негизги азык-түлүк товарларынын тартыштыгы да байкалууда. Буга чейин бир нече жолу шекер, жумуртка, өсүмдүк майы, ун, нан тартыш болуп, мамлекеттик дүкөндөрдүн алдына кезектер пайда болгон.

Көгүлтүр отко бай Түркмөнстанда уланып жаткан экономикалык кризиске байланыштуу жеке менчик дүкөндөрдө жана базарларда баалардын тынымсыз көтөрүлгөнүнөн улам мамлекеттик дүкөндөрдө туруктуу бир баада сатылып жаткан товарларга суроо-талап жогорулаган.

Расмий бийлик өкүлдөрү эмне себептен азык-түлүккө чектөө киргизилгенин түшүндүрө элек.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG