Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:58

Түркияда түркмөн бийлигине каршы акция өттү


Түркмөн мигранттары.
Түркмөн мигранттары.

26-июнда Түркиянын Стамбул шаарында жашаган 50дөй түркмөнстандык пикетке чыкты. Алар түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун кызматтан кетишин жана Түркиядагы түркмөн мигранттарын тез арада мекенине жеткирүүнү талап кылышты.

Стамбул шаарында түркмөн активисттери тарабынан уюштурулган акцияны өткөрүүгө жергиликтүү полиция уруксат берген жок.

Мындай чектөөнү тартип коргоо кызматкерлери коронавирус пандемиясына байланыштуу Түркияда адамдардын топтолуп иш-чара өткөрүшүнө уруксат берилбегени менен түшүндүрүштү.

Акцияны уюштурган түркмөн активисттердин бири Берды аларга чагымчылар тоскоол болгонун айтты.

"Стамбул шаарында ондогон түркмөн жараны тынчтык митингин уюштурганбыз. Чогула баштаганда эле өздөрүн "түркмөн жараныбыз" деп атаган түрктөр келип, тоскоол боло баштады. Чагымчылдар кийин полиция кызматкерлерин чакырып, акыр-аягы биздин акцияны болтурбай коюшту. Бирок биз муну менен токтоп калбайбыз. Кийин Стамбул шаарынын мэриясынан уруксат алып расмий акция уюштуралы деп чечтик".

Акциянын катышуучулары. 26.06.2020
Акциянын катышуучулары. 26.06.2020

Түркмөнстандык Ханум Расулова да бул акцияга катышты. Ал үстүбүздөгү жылы Түркияда арак ичкенден кийин ууланып өлгөн 55 түркмөн мигранттын сөөгү мекенине жетпей Түркияда жерге берилгенин айтып, буга президент Гурбангулы Бердымухамедов жооптуу экенин белгиледи.

"55 түркмөн чет өлкөдө жерге берилди. Бул эмне деген уят иш? Түрк өкмөтү каза болгон мигранттарга жер бөлүп бербесе, сөөктөрү көчөдө калмак. Мунун баарына түркмөн президенти күнөөлүү. Диктатордун айынан миллиондогон түркмөн тентип жүрөт. Президенттин отставкасын талап кылабыз".

Буга чейин да Түркиядагы түркмөнстандык мигранттар Стамбулдагы консулдуктун алдында пикет уюштурууга аракет кылышкан, бирок полиция аларды кууп тараткан. Атын ачык атагысы келбеген түркмөн келин Түркияда жашап, эмгектенип жаткан миңдеген мигранттар коронавирус пандемиясынан улам мекенине кайта албай, аргасыз күн көрүп жатканын айтты.

"Диктатор президентти каалабайбыз. Эч кимге кереги жок китеп жазат, машина тебет. Мунун элге эмне кереги бар? Түркмөн эли азыр ачка отурат. Биз болсо чет элде карайлап жүрөбүз. Кетели десек учак, иштейли десек жумуш жок. Кыйналдык!".

Стамбул шаарында чогулган 50дөй түркмөнстандык мигрант шаардык мэриядан атайын уруксат алган соң пикет уюштурууга аракет кыларын жарыялап, таркаганга мажбур болушту.

Буга чейин чет өлкөлөрдө жашаган айрым түркмөнстандыктар да түркмөн бийлигин, президент Гурбангулы Бердымухамедовду айыптап нааразылык акцияларын өткөрүшкөн.

Түркияда 133 миңден ашык түркмөнстандык расмий катталган. Болжол менен 2 миллионго жакын түркмөнстандык мыйзамсыз жашап, эмгектенери айтылып келет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG