Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:27

Четте жүргөн түркмөндөр: Президент кетсин!


Стамбулда түркмөн бийлигине каршы нааразылыкка топтолгон түркмөнстандыктар.
Стамбулда түркмөн бийлигине каршы нааразылыкка топтолгон түркмөнстандыктар.

Чет өлкөдө жашаган түркмөнстандыктар топтолуп, түркмөн бийлигине каршы нааразылык акцияларын өткөрүштү. Ал арада азык-түлүк тартыштыгына кабылган Түркмөнстанда эгин талааларын күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери кайтара баштады.

20-майда Түндүк Кипрде жашаган түркмөнстандыктар президент Гурбангулы Бердымухамедовдун бийлигине каршы нааразылык акциясына чогулушту. Алар түркмөн президентин «диктатор, паракор» деп сындашты.

«Адамдар жумуш издеп, өлкөдөн чыгып кетип жатышат. Өлкөдө туташ коррупция. Окутуучу, дарыгер жана башка адистерди эч себепсиз жумуштан айдап, ордуна кошоматчыларды ишке алып жатышат. Бийлик коррупцияны, диктатордук режимди сындаган адамдарды куугунтуктап жатат. Бул система кошоматчылар үчүн гана кызмат кылып калды. 20 миң доллардан пара берген кошоматчылар гана иштеп жатат», - деген сын айтты алардын бири.

20 миң доллардан пара берген кошоматчылар гана иштеп жатат.

Нааразылык акциясынын катышуучуларына окулган билдирүүдө: «27-апрелде Мары жана Лебап облустарында катуу табигый кырсык болду. Түркмөн бийлиги 2019-жылы «Түндүк Кипр өлкөсүн тааныбайбыз, бир гана Кипр өлкөсүн тааныйбыз» деп жооп берген. Мунун айынан биз табигый кырсыктан жабыркаган туугандарыбызга жардам бере албай жатабыз», деп айтылат. Чогулгандар Мары, Ахал, Балкан деген мекениндеги облустардын аталыштарын жазып алып, кармап турушту.

Ушундай эле митинг Стамбул шаарында да өттү. Топтошкондордун арасында «Президент кетсин» деген жазууларды көтөргөндөр көрүндү. Алар да өлкөдөгү паракорлукту сынга алышты. Айрыкча Мары жана Лебап облустарындагы табигый кырсыкка бийлик эч кандай көңүл бурбаганына нааразы пикирлер айтылды.

Түркмөнстанда атайын уюшулбаса да жергиликтүү аткаминерлерди ортого алып, тилдеген нааразылык жыйындары маал-маалы менен боло баштады. Тургундардын нааразылыгына катуу шамалдан жана нөшөрлөгөн жаандан жабыркаган Түркмөнабад шаарына бийлик 20 күндөн бери эч кандай жардам бербегени да себеп болду. 27-апрелдеги табигый кырсыктан кеминде 35 адам жабыркаганы мурдараак кабарланган. Жергиликтүү кабарчынын айтымында, бийлик кырсыктын кесепетин жоюуга аракет кылган эмес.

Түркмөнабад. 4-май, 2020-жыл.
Түркмөнабад. 4-май, 2020-жыл.

«Сакарчак жана Бахар райондорунун айрым айылдарына электр энергиясы эмгиче бериле элек. Электр мамылары жыгылган бойдон жатат. Ал айылдарда бир да калыбына келтирүү иштери болгон жок. Бийлик келтирилген зыянды эсептеп кеткен менен эч кимге эч кандай жардам берген жок. Жок дегенде маалымат каражаттарынан эки облуста болгон кырсык тууралуу бир ооз да билдирүү чыгарылган жок», - дешти нааразы болгон түркмөндөр.

Ал арада Түркмөнстандын түштүк облустарында эгин талаалары сары башыл тартып, буудай быша баштады. Бийлик эгинди кайтарып, талааларга полиция кызматкерлерин койгонун жергиликтүү кабарчы билдирди. Өлкөдө ун тартыш болуп жаткандыктан айрымдар буудайды талаадан эле уурдай башташкан.

«Керки жана Хожамбаз райондорунда бийлик талаадагы буудайды коруганга коопсуздук, прокуратура, полиция жана аскер кызматкерлеринен куралган топторду түзүп жатат», - деди кабарчыбыз.

Маалыматка караганда, ушул тапта ачка элдин арасында талаадан картөшкө казып кеткендер чыкты. Ошондон улам бийлик буудайды кайтарыш үчүн кескин кадамдарга барууда. Карапайым калкта жегенге эч нерсе жок.

Өлкөнүн түштүгүндө буудай июнь айында орулат. Түркмөнстанда өткөн жылдары да түшүм жыйноо маалында талааларды күч органдарынын кызматкерлери көзөмөлдөп турган. Түркмөнстанда ун жетишпей турганына карабай өкмөт эгин талааларын азайтып, анын ордуна пахтанын планын жылдан жылга көбөйтүп баратат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG