Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:02

Коронавирус: Борбор Азияда коркунуч сакталууда


Кыргызстандагы эпидемиологиялык абал курчуган маалда ооруканалардын биринен тартылган сүрөт. 2010-жылдын 29-августу.
Кыргызстандагы эпидемиологиялык абал курчуган маалда ооруканалардын биринен тартылган сүрөт. 2010-жылдын 29-августу.

Коңшу Өзбекстандын борбору Ташкенттеги айрым мектептер аралыктан окутуу режимине өтүүдө. Ал эми Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал эки жол менен өнүгүшү мүмкүн экенин жарыялады. Түркмөнстанда болсо чет элдиктер үчүн үч карантиндик зона иштеп жатат.

Өзбекстан: балдар аралыктан билим алууга өтүүдө

Соңку күндөрү Өзбекстандын айрым аймактарында СOVID-19 вирусун жугузуп алгандардын саны көбөйгөнү айтылууда. Мындан улам борбор калаа Ташкенттеги орто мектептер аралыктан окутуу режимине өтө баштады. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги мындай кадамды коронавирустун тарашына каршы чара катары түшүндүрдү.

14-мартта Өзбекстанда 111 адамдан коронавирус аныкталды. Бир күндө 100дөн ашык адам коронавирусту жугузуп алган учур бул мамлекетте акыркы жолу былтыр декабрда катталган. Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө инфекциялангандардын саны өсүп жатканын ырастап, бирок “социалдык тармактарда айтылгандай, абал коркунучтуу эмес экенин” билдирди.

Ошондой эле 15-марттан баштап Ташкент шаарынын администрациясы базарларда жана соода борборлордо карантиндик чектөөлөрдүн толук сакталышына көзөмөл күчөтүлгөнүн кабарлады.

"Жооптуу бөлүмдөрдүн кызматкерлери менен биргеликте базарларда жана соода борборлордо дезинфекция иштери жүргүзүлүп, сатуучулар беткап жана колкап менен гана соода кылуусу дыкат көзөмөлдөнөт", - деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин социалдык тармактарда Өзбекстанда айрым ооруканалар толуп калганы боюнча билдирүүлөр тараган. Ал эми расмий эсеп боюнча Өзбекстанда 80 678 адам коронавирус жуктуруп алган.

Казакстан: окуялар эки багытта өнүгүшү ыктымал

Ал арада Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой 16-марттагы өкмөттүн жыйынында коронавируска байланыштуу божомолду жарыялады. Анын маалыматы боюнча эпидемиологиялык кырдаал эки жол менен өнүгүшү мүмкүн.

Оптимисттик божомол боюнча Казакстанда вирусту жугузгандардын саны суткасына 500 адамды түзүшү мүмкүн. Алексей Цой эгер күнүнө илдетке кабылгандар 1700дөн ашса, анда бул өлкөдө кырдаалдын оорлошконунан кабар берерин кошумчалады.

Ошондой эле министр казакстандыктар чектөө чаралары менен жашап жатканын, анын ичинде милдеттүү беткап режими менен социалдык аралыкты сактап жана эмдөөдөн өтүп жатышканын эскертти.

"Вакцинациянын биринчи этаптагы деми иммунитеттин калыптанышына жараша чектелет. Андан кийин эмдөөнүн таасири күчөйт жана өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын турукташуусуна натыйжасын тийгизет", - деди Цой.

Министр өлкөдөгү эмделе турган 6 миллион кишинин 76 миңден ашыгына вакцина сайылганын кошумчалады.

Учурда Казакстанда күн сайын 850-1000 адамдан вирус аныкталып жатат. Буга чейин Нур-Султан, Алматы шаарлары жана Батыш-Казакстан облусу вирус тез жайылып жаткан аймак катары таанылган.

Түркмөнстан: Чет элдиктер үчүн үч карантиндик зона иштейт

Ал ортодо Түркмөнстандын бийлиги карантиндик зоналарды кеңейтүүнү пландаштырууда. "Азаттык" радиосунун түркмөн кызматынын кабарчылары 15-мартта Лебап облусунун башчысы жана Түркмөнстандын Саламаттык сактоо министринин орун басары ошол аймакта жайгашкан карантиндик зоналардын бирине барышканын маалымдашты.

500 адамга ылайыкталган бул карантиндик аймак Амударыянын жээгинде, жакында пайдаланууга берилген жаңы көпүрөнүн жанында жайгашкан. Ал жерге барган түркмөн аткаминерлер бейтаптарды дарылоо шарттары менен таанышып, мекемени кеңейтүүнү жана обсервация шарттарын жакшыртуу боюнча бардык чараларды көрүүнү тапшырышкан.

Түркмөнстандын Лебап облусунда учурда үч карантиндик зона бар. Алар негизинен чет өлкөдөн келген туристтер, чет элдик адистер, ошондой эле, Түркмөнстанда ири долбоорлорду ишке ашырып жаткан чет элдик компаниялардын кызматкерлери үчүн түзүлгөн.

Ошол эле учурда, бул мамлекетте коронавирус жуктурган бир да бейтап расмий катталган эмес. Антсе да калкты коронавируска каршы эмдөө уланууда. Январда Түркмөнстан Орусиянын эки вакцинасын каттоодон өткөргөн. Расмий Ахшабад Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму сунуш кылган башка чет элдик вакциналарды жана дары-дармектерди изилдеп, каттоодон өткөрүү планын жарыялаган. Ошол эле маалда бийлик Кытайдан чыккан вакцинанын катталышы жана колдонулушу жөнүндө так маалымат тарата элек. Бирок 6-мартта кытайлык CGTN телеканалы Кытайда чыккан вакцинанын бир бөлүгү Түркмөнстанга жеткенин кабарлаган.

Кыргызстан: Кооптонуу дале бар

Саламаттык сактоо жана социалдык жактан өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкунунда илдет күчөсө, бир катар чектөөлөр киргизилиши мүмкүн экенин "Азатыкка" билдирди. Анын айтымында, учурда абал туруктуу, бирок, илдетти жугузгандар көбөйүп кеткен учурда массалык иш-чараларга тыюу салынып, чектөөлөр кириши ыктымал.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 17-мартта берген маалыматына караганда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдеттен 1485 киши каза тапты.

Жалпысынан оору жугузуп алгандардын расмий эсеби 87 045 адам, анын 83 980и айыгып чыкты.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG