Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:13

COVID-19: үчүнчү толкун жана токтобогон өлүм


Кыргызстанда коронавирус күчөгөн маал. Ошол убактагы вице-премьер-министр Аида Исмаилова дарыгерлер менен. 2020-жылдын 25-августу.
Кыргызстанда коронавирус күчөгөн маал. Ошол убактагы вице-премьер-министр Аида Исмаилова дарыгерлер менен. 2020-жылдын 25-августу.

COVID-19 пандемиясы жарыяланганына туура бир жыл болду. Бирок анын деми кайтпай, Европа, Британия кайрадан карантинге жабылып, коңшу Казакстандагы Астана, Алматы шаарлары "кызыл зонага" кирүүдө. Кыргызстанда соңку суткаларда да өлүмдүн саны токтой элек.

Саламаттык сактоо министрлиги вирус кайрадан күчөп кетиши толук мүмкүн экенин эскертүүдө. Ал арада вирустун кесепетинен жабыр тарткандар көбөйө баштаганы байкалат. Бир жылдан кийин кайрадан кооптуу коңгуроону басуу керекпи?

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда коронавирус күчөсө, бир катар чектөөлөр киргизилиши мүмкүн экенин “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, учурда абал туруктуу, бирок илдетти жугузгандар көбөйүп кеткен учурда эл көп катышкан иш-чараларга тыюу салуу сыяктуу чектөөлөр болот.

Өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев.
Өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев.

Өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев абал кескин өзгөрүп, вируска чалдыгып, кыйналгандардын саны көбөйүп кетиши мүмкүн экенин эскертип, беткап тагынуу, аралыкты сактоо, антисептиктерди колдонуу зарыл экенин эскертти.

"Бизде абал башка мамлекеттерге байланыштуу. Эртеңки күнү оорунун жаңы толкуну кайра чыкпайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Чет мамлекеттерде чыгып жаткан вирустун жаңы түрлөрү абалды курчутуп жибериши мүмкүн. Ошондуктан ар бир жаран, атуул өзүн сактаганга аракет кылышы керек. Беткап тагынуу, аралыкты сактоо эрежелерин көпчүлүк аткарбай калды. Ушул жөнөкөй эле эрежелерди сактап турсак, бир топ кыйынчылыктардын алдын алат элек да".

Ал арада вирусолог Зуридин Нурматов коронавирустун антиденечесине байланыштуу изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн түндүк аймактардагы фазасы аяктап, азыркы тапта түштүк аймактарда атайын анализ жүрүп жатканын айтат. Бул иликтөөлөргө таянуу менен вирус кайрадан күчөй турганы күмөн деген ойдо:

"Азыр биз вирустан кийинки аймактардагы иммундук абалды иликтеп жатабыз. Бул иликтөөбүздүн алкагында түндүк аймактардагы калктын коронавируска карата антиденечелерин эсептеп чыктык. Акыркы статистикалык маалыматтарды карасак, Кыргызстан "кызыл зонага" кирбейт, жашыл зонада эле турат. Менимче, вирус кайра күчөбөйт. Көпчүлүктүн вируска карата антиденечеси пайда болуп калды десек болот. Азыр биз түштүк аймактарда изилдөө жүргүзүп жатабыз, ошол бүтсө анан жалпы картинаны көрүп, абалды бааласак болот. Эки жумадан кийин изилдөөбүздүн толук жыйынтыгы чыгып калат. Негизи азыр вирустун күчөп кетиши боюнча коркунуч жокко эсе".

Реабилитация маселеси курч бойдон

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү коронавирус менен ооруп айыккандар арасында ден соолугу толук калыбына келе албай жаткандар да көп болуп жатканын билдирүүдө.

Айрыкча жүрөк, кан тамыр, неврологиялык оорулар 2019-жылга салыштырмалуу 2020-жылы 0,6 пайызга көбөйгөн. Азыркы тапта мамлекеттик ооруканалардын кардиологиялык жана неврологиялык бөлүмдөрүндө оорунун кесепети менен күрөшкөндөр арбын болуп, бейтаптар ооруканага жатууга бир нече апта кезек күткөн учурлар бар экенин адистер белгилешет.

Ошенте да коронавирустун кесепетинен жабыр тарткандардын жалпы саны азырынча тактала элек.

2020-жылдын май айында вируска чалдыгып, ооруну жеңип чыккан бишкектик Назгүл да ден соолугу толук калыбына келбей жатканына тынчсызданууда:

"Вирустан кийинки абалым кызыктай эле болуп жатат. Сөз менен түшүндүрүү да кыйын. Буттарым, колдорум, муундарым сыздап ооруйт. Бир туруп эле тер басат, бат эле чарчап калам. Алакандарым, таманым ысып, дене табым көтөрүлгөндөй боло берет. Негизи мен бул абалымды дарыгерлерге айтып, тушүндүрүп да бере албай жатам. Колу-бутум муундатып, муздап ооруганынан ысык чай ичип, тердесем кайра жакшы болуп калам. Анткен менен бир аздан кийин эле кайра абалым начарлап кетүүдө".


Европадагы бир катар өлкөлөрдө да коронавирустан кийинки абалды иликтөө, вирус менен ооруп айыккандарга өзгөчө макам берүү маселеси көтөрүлүүдө.

Маселен, Швейцарияда COVID-19 вирусунан айыккандар бийликтен мындан аркы дарылануусу үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу көйгөйүн чечип берүүнү талап кылгандар бар.

Женевада иштеген журналист, эксперт Чолпон Орозобекова коронавирустан кийинки саламаттыкты чыңдоо тууралуу буларга токтолду:

"Коронавирус менен ооругандар Европада өкмөткө кайрылуу жасап жатышат. Аларды бийлик вирустун курмандыктары катары таанып, өзгөчө камсыздандыруу берилишин талап кылышууда. Себеби, булар улам-улам эле ооруп, шалдырап жумушунан чыгып калышууда. Же оору эмес, же соо эмес, кыскасы бир ортодо эле кыйналып жатышат. Чындыгында ооруп айыккандардын көбү кыйналып, кичине басса эле энтигип, ден соолугуна узак мөөнөттүк зыян болгон экен. Көптөрдүн кан тамыр, жүрөк жана өпкөсү жакшы иштебей, кыйналгандар да болууда".

Кыргызстандык айрым адистер Саламаттык сактоо министрлиги азыркыдай вирустук абал туруктуу болуп турган маалда COVID-19 оорусун жуктуруп айыккандарды калыбына келтирүүчү программаны иштеп чыгып, узак мөөнөттүү пландарды түзүү зарыл деп белгилеп жатышат.

Жакында эле далилдөөчү медициналык эксперттерден турган топ өлкөдөгү ооруканалардын коронавируска карата керектүү каражаттар менен камсыз болуусун текшерип чыккан.

Аида Зурдинова
Аида Зурдинова

Эксперттердин бири Аида Зурдинова ошол эле ооруканаларда коронавирустун кесепетин дарылоого ыңгайлуу шарттар жок, вирустан кийин кыйналган бейтаптар дартына даба издеп кайра эле инфекциялык ооруларды дарылаган бөлүмдөргө кайрылып жатканына капа:

"Мындан ары COVID-19 вирусу менен ооруп айыккандардын саламаттыгы жабыркаган учурлар көбөйө берет. Азыр да саламаттык тармагында алардын саны барган сайын көбөйүүдө. Аларды эмнегедир кайра эле инфекциялык ооруканаларга жаткырып же өздөрү ошол жакка барып алып жатышат. Негизи коронавирустун кесепетинен жабыркагандар жүрөгү ооруса кардиологияга, өпкөсүнөн кыйналса пульмонологияга барышы керек. Анан вирус болгондордун көбүндө психикалык абал курч бойдон. Ушундан улам неврологиялык көйгөйлөр көп. Негизи коронавирустан кийин ден соолукту калыбына келтире турган система түзүлүшү керек, эпидемиологиялык абал боюнча олуттуу эч нерсе деле жок".

16-мартка карата Саламаттык сактоо министрлигинин эсеби боюнча, вирустан бир жылда кыргызстандык 1 484 киши каза болду. Бирок Британияда чыккан "Economist" журналынын анализи коронавирустун чыныгы статистикасын, андан каза болгондордун анык саны Кыргызстанда эле эмес, дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүндө 2-3 эсе көп көрсөтүлүп жатат.

Ушундан улам адистер беткап режимин сактап, аралыкты жана тазалыкты кармоону сунуштоодо.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG