Кыргызстанда коронавирус менен ооруп айыккандар арасында инсульт жана жүрөк оорусуна чалдыккандар катталууда.
Инсульт болгондордун жарымынан көбүнүн мурдагы анализдеринде вирус табылса, вирустан айыккандар арасында жүрөктүн чел кабыгын суу басып калуу, жүрөк булчуңдарынын жабыркашы жана инфарктка чалдыккандар арбын.
"Күтүүсүз инсульт көбөйдү"
Бишкектеги "Веданта" клиникасы 2020-жылдын июнь, июль айында "кызыл зонага" айланып, жалаң коронавирус менен ооруган бейтаптарды дарылаган.
Күз айларынан тарта бул оорукана инсульт, жүрөк талмасына чалдыккан бейтаптарды кабыл алууда.
Бул оорукананын башкы дарыгери Гүлмира Биялиеванын айтымында, акыркы эки айда инсульт диагнозу менен келгендер өтө эле арбын:
«Коронавирустан кийин саламаттыгы кескин начарлап кеткендер акыркы эки айда аябай көбөйдү. Биздин ооруканага күнүнө жок эле дегенде беш-алты киши мээсине кан куюлуп (инсульт) түшүүдө. Бизде азыр реанимациядагы он керебет толук ээленди. Мындан тышкары неврологиялык бөлүмүбүз да толду. Бул бөлүмдө инсульт болгон кишилер реанимациядан чыгып, дарыланат жана андан ары реабилитациялык учур башталат.
Биздин ооруканада инсульт болгон адамды ооруканадан дароо эле чыгарып койбой, анын кайрадан ден соолугун калыбына келтирүү боюнча терапия жасайбыз. Адам инсульт болгондо алгачкы төрт саат өтө маанилүү. Ошол учурда эгер ооруканага жеткирилип, кан уюган тамырларга тийиштүү дары-дармек куюлса (тромболизация), адамдын ден соолугуна чоң зыян алып келбей, инсульттун кесепетинен сактап калса болот.
Андан тышкары алты саатка жеткирбей, ошол мээсине уюган канды атайын операция жолу менен алып салса да инсульттун адамга зыяны аз болот».
Бул ооруканада ардагер дипломат, Кыргызстандын Иран ислам республикасындагы мурдагы элчиси Асанбек Осмоналиев азыркы тапта инсульттан кийинки калыбына келтирүү терапиясын алып жатат.
Осмоналиев 2020-жылдын июль айында COVID-19 вирусун жуктургандан көп өтпөй инсультка чалдыгып, сүйлөө речи бузулган жана сол жак ыптасы толук кандуу кыймылдабай калган:
«Былтыр июль айында коронавирус жугуп, ооруп калдым. Анан биздин атайын ооруканада дарыланып жаттым. Вируска удаа эле инсульт да болдум. Бирок инсульт болуп калганымды башында түшүнгөн же билген эмесмин. Ооруканадан оорукана которуп, ошондон бери дарыланып келем. Эми реабилитациядан өтүш үчүн ушул ооруканага жатканыма үч күн болуп калды».
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, Кыргызстанда 2019-жылы кан айлануу системасы бузулгандан келип чыккан оорудан 17 188 киши каза болгон. 2020-жылдагы эсеп али чыга элек. Ошентсе да, адистер коронавирус инфекциясы кан айланууга, кан тамырларга терс таасирин тийгизип, инсульт сыяктуу капилет келчү оор дарттарга жол ачкан бирден бир себеп экенин белгилеп жатышат.
Бишкек шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын башкы неврологу Абдусалим Артыкбаев абал боюнча буларга токтолду:
Дарыгер Артыкбаев мээге кан уюп калуунун себептери менен алдын алуу маселелерине токтолду:
«Биринчиден, кан басымды ар дайым көзөмөлдөп, эгер кандайдыр бир өзгөрүү болсо, догдурдун көзөмөлүндө дарылап туруш керек. Экинчиден, туура тамактанууга үйрөнүү зарыл. Айрыкча тамакка тузду, майды азыраак салган оң. Кайсы өлкөнүн эли тузу кем азыктанса, ошол өлкөнүн эли узак жашайт. Инсульт жана инфаркт сыяктуу оорулар аз кездешет.
Ал эми туздуу тамак көп желген жерде элинин кан басымы жогору, жугуштуу эмес оорулардан өлүм саны көп катталганы аныкталган. Анан дене тарбия көнүгүүлөрүн көп аткаруу зарыл. Жөө басып, чуркап, активдүү жашаш керек».
Дарыгердин айтымында, азыркы тапта психологиялык көйгөйлөр, стресс жана депрессиядан улам жаштар арасында да инсульт оорусу күчөп жатат.
Коронавирус жүрөк саламаттыгына доо кетирүүдө
COVID-19 бейтаптарындагы жүрөк саламаттыгына байланышкан проблемалардын узак мөөнөткө созуларын АКШ окумуштуулары аныктады.
Нью-Йорк шаарындагы Mount Sinai Morningside ооруканасында коронавирустан айыккан 148 бейтапты узак мөөнөткө байкоого алышып, алардын жүрөк, кан тамыр саламаттыгын томографияга тартып турушкан. 148 бейтаптын ичинен үчтөн экисинин жүрөк саламаттыгы начарлап, кан басымы бузулганы байкалган. Окумуштуулар вирустун жүрөккө тийгизген таасирин изилдөө дагы узак убакытты талап кыларын айтышууда.
Ош облусунун тургуну Нурайым Раушанбекованын атасы Раушанбек Сыргаев июль айында коронавирус жуктуруп ооруканага жаткан. Ал вирустан айыгары менен эле жүрөк талмасы кармап каза болгон. Нурайым атасынын диагнозу тууралуу буларга токтолду:
«Менин атам 58 жашта болчу. 2020-жылдын июль айында коронавирус диагнозу коюлуп, Ош облустук ооруканасынын гепатология бөлүмүнө жаткырылган. Ооруканада бир жумадай жаткан соң дарыгерлер "атаңардын сатурациясы 98ге көтөрүлүп калды, буюрса бул жакшы көрсөткүч" дешип, кычкылтек концентраторунан чыгара электе эле, тилекке каршы, атам ошондон кийин дароо эле медиктердин өз тили менен айтканда "өпкө артерияларына кан куюлуп", жүрөгүнөн инфаркт болуп каза тапты. Менимче, ошондо атамды бир гана инфекционист дарыгер карабай, кардиолог же кардиохирургдар да карашса, кесепети мындай болмок эмес. Балким тирүү калмак».
Ал эми 58 жаштагы Самат быйыл 26-февралда инфаркт болду. Бирок оорусу аныкталгыча бир топ бейтапкана, ооруканаларды кыдырып, кардиологиялык бөлүмдөрдөн орун таппай кыйналган. Жүрөк талмасынын же инфаркттын алгачкы белгилерин ал мындайча санады:
«26-февралда эле кыйнала баштадым. Ага чейин жакшы эле жүргөм. Бир маалда эле кабыргаларым тырышып, демим кыстыгып, катуу ооруп баштады. Кусуп, кара тер басып кетти. Кабыргаларым кысса, чыдай албай кыйналдым. Кан басымым дароо эле түшүп кетти. Анан бир маалда эле кан басым кайра көтөрүлдү. Көкүрөгүм ачышып, таптакыр уктай албай койдум. Эртеси ооруканага барып, кардиограммага түшсөм, дароо эле "инфаркт" деген диагноз коюшуп, дарылай башташты».
Кардиологиялык бөлүмдөрдө орун тартыш
Өлкөнүн башкы кардиологу Акпай Сарыбаев 2020-жылы андан мурдагы 2019-жылга салыштырмалуу жүрөк оорулары 0,6% өскөнүн кабарлады. Анын айтымында, азыркы тапта Бишкектеги ооруканалардын кардиологиялык бөлүмдөрүндө орун жетишпейт. Шашылыш бейтаптар дароо кабыл алынганы менен мурда каттоодо турган жүрөк, кан тамыр оорулары бар адамдар эки, үч апта кезек күтүүгө мажбур.
Вирус менен ооруп айыккандардын жүрөк, кан тамыр саламаттыгын текшерүү үчүн атайын диспансердик каттоо иши зарыл дейт Сарыбаев:
«Коронавирус менен ооруп айыккандар кайра текшерилсе, жүрөк жана кан тамыр ооруларынын козголушу жана күчөп кетиши 80% чейин экенин изилдөөлөр көрсөтүп жатат. Ал эми кан айлануу жүрүмүндө өзгөрүү вирус менен ооруп айыккандардын баарында кездешет. Ошондуктан, коронавирус менен ооруп чыккандардын бардыгын тактап, алардын клиникалык анализдерин карап, катттоого алып, диспансердик көзөмөлгө коюу зарыл. Тилекке каршы, биз анын баарын аткарууга жетишпей жатабыз. Ошентсе да аракет кылуудабыз».
Кардиохирург Дамир Осмонов COVID-19 вирусунун жүрөккө тийгизген таасири, андан келип чыккан кардиологиялык оорулар жана белгилери тууралуу төмөндөгүдөй түшүндүрмө берди:
«Биринчиден, коронавирус адамдын организмине АПФ-2 деген фермент менен кирет, бул фермент жүрөктө аябай көп болот. Ошондуктан, жүрөктүн булчуңдарына күч келет. Муну медицинада "миокардит" деп атайбыз. Миокардит болгон адамда жүрөк жетишсиздиги келип чыгып, дем ала албай кыйналат. Анын эң башкы белгиси - энтигүү. Адам аба жутканда кыйналып, жүрөгү кысылат.
Ошондой эле миокардитте жүрөк ылдам-ылдам согуп, ритми өзгөрөт. Бейтап жүрөгү башкача согуп калганын байкайт. Вирустун эң коркунучтуу кесепети - инфаркт. Инфаркт башталарда адамдын көкүрөгүнүн сол жагында бир нерсе кысып жаткандай сезим пайда болот. Адам абалын так түшүндүрүп бере албай, бирок көкүрөгүндө бир нерсе турганын айтып эле арыздана берет.
Инфаркт болгондо сол колу, бутуна да берип, жаактарына да залакасын тийгизет. Муздак тер чыгып, аябай кускусу келет. Дагы бир кесепети - жүрөктө перикардит оорусунун пайда болуусу. Анда жүрөктүн чел кабыгына суу толуп калат. Азыр бизде вирустан айыккандарда эң көп ушул оору кездешүүдө».
Дарыгерлер жүрөк, кан тамыр оорулары башталганда же анын белгилери байкалса, канды суюлтуучу аспирин тобуна кирген дарыларды догдурдун көрсөтмөсү жок ичүүгө болбой турганын эскертишет.
Себеби, кан тамырлардагы уюган кан туура эмес ичкен дарыдан улам жарылып, кансыроо келип чыгышы мүмкүн. Ушундан улам эгерде кишинин деми кыстыгып, тер басып, кускусу келип, көкүрөк тушу ооруп, жүрөк кагуусу тездеп же буту-колу шиший баштаса, ал тез арада адиске кайрылуусу, зарыл.
Ооруканада электро-кардиограмма (ЭКГ) тартылат же талап кылынса коронаграфия жолу менен инфаркт аныкталат. Инфарктты дарылоо көп убакытты жана каражатты талап кылат.
Кыргызстанда азырынча коронавирус оорусунан реабилитациялаган жеке менчик эле клиникалар болбосо, мамлекеттик ооруканаларда мындай иштер аткарыла элек.
Улуттук статистика комитетинин акыркы маалыматтарына караганда, өлкөдө жылына катталып жаткан өлүмдүн дээрлик 51%ына жүрөк, кан тамыр оорулары себеп экени белгилүү.