Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:51

Талантбек Батыралиев эл аралык илимдер академиясына мүчө болду


Талантбек Батыралиев.
Талантбек Батыралиев.

Түркиядагы эл аралык «Лив-Истинье» ооруканасынын базасында түзүлгөн заманбап эл аралык илимдер академиясына Кыргызстандан профессор, кардиохирург Талантбек Батыралиев мүчө болду.

Бул тууралуу Батыралиев «Азаттыкка» маалымат берип, аталган академияга дүйнөнүн чар тарабынан дарыгерлер чогулуп, медицинанын жаңы жетишкендиктерин талкуулап, практикалык тажрыйба алмашуу болуп турарын билдирди.

Аталган академия ошондой эле бейтаптарды да кабыл алып, заманбап, алдыңкы технологиялар менен дарылоо жүргүзөт.

Стамбулдагы Истинье университетине караштуу Лив госпиталы «Келечектин саламаттыгы» урааны алдында дарыгерлер үчүн илимий кеңештерди, жолугушууларды уюштуруп берип турмакчы. Радиациялык онкологиядан тартып ортопедия, эндокринология тармактарына чейин өзгөчө көңүл бурулат.

Академияга мүчө болгон окумуштуулар өз өлкөсүнөн бул ооруканага акысыз дарыгерлерди же студенттерди жиберип, тажрыйба алмашууга, окутууга катыштыра алышат. Ал эми онлайн окутуу акысыз болмокчу.

Кыргызстандан академияга азырынча Батыралиевден башка медициналык илимпоз кире элек.

Талантбек Батыралиев 1960-жылы туулган, Бүткүл союздук кардиология илим борборунун аспирантурасын (1988) бүтүргөн. Кыргызстан кардиология илим изилдөө институтунда илимий кызматкер. 1997-жылдан 2014-жылга чейин Англия менен Түркияда иштеген. 2014-жылдан 2017-жылга чейин саламаттыкты сактоо министри болуп турган. (BCh)

XS
SM
MD
LG