Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:37

Сот Равшан Жээнбековго аймактарга эркин чыгууга уруксат берген жок


Равшан Жеенбеков, президенттикке талапкер.
Равшан Жеенбеков, президенттикке талапкер.

Бишкектин Биринчи май райондук соту президенттикке талапкер Равшан Жээнбековдун бөгөт чарасын карап, аны үй камагында калтырды. Мындай чечим 16-декабрда кабыл алынды.

Адвокаттары шайлоо мыйзамдарына ылайык, Жээнбеков президенттикке талапкер катары кол тийбестик укугунан пайдалана алат жана бардык талапкерлерге бирдей мүмкүнчүлүк берилиши керек деген негизде сотко кайрылып, бөгөт чарасын өзгөртүүнү суранышкан болчу. Жээнбеков муну «Азаттыкка» өзү билдирип, чечимди президенттикке талапкердин укугун бузуу жана үгүт иштерине тоскоолдук жаратуу деп баалады.

Эми талапкер Кыргызстандын аймактарына чыга турган болсо, ар бир жолу сотко келип уруксат алууга тийиш.

Равшан Жээнбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясындагы башаламандыкка байланышкан «Кой-Таш иши» боюнча айыпталууда. Ал 2019-жылы декабрда ИИМдин убактылуу кармоочу жайына камалып, быйыл 5-6-октябрдагы элдик толкундоодо бошотулган. Кийинчерээк сот аны үй камагында калтырган.

16-декабрда Бишкек шаардык соту дагы бир талапкер, Кой-Таш окуялары жана октябрдагы башаламандык боюнча күнөөлөнүп жаткан Курсан Асановдун бөгөт карап, аны өлкөнүн бардык аймактарында эркин жүрүшүнө уруксат берген.

Президенттикке талапкерлердин үгүт өнөктүгү 15-декабрда башталган. Бул кызмат үчүн 18 талапкер ат салышууда. Президенттик кезексиз шайлоо 10-январда өтөт. (SE)

XS
SM
MD
LG