Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:49

Акыйкатчы аппараты зордукталган 13 жаштагы кыздын жагдайын көзөмөлдөп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Акыйкатчы Токон Мамытов өз мекемесинин Ысык-Көлдөгү өкүлүнө 13 жаштагы зордукталган кыздын жагдайын кунт коюп көзөмөлгө алууну тапшырды. Мекеменин басма сөз кызматы бул иш Акыйкатчы аппаратанын көзөмөлүндө экенин кабарлады.

Кыздын ата-энеси Тоң райондук сотунун чечимине каршы облустук сотко кайрылды. Сот жараянына акыйкатчынын өкүлү мониторинг жасамакчы.

Буга чейин Тоң районунун Кара-шаар айылында 13 жаштагы секелек кызды үч эркек зордуктап, кийин сот алардын экөөнү актап жибергени коомчулукта кызуу талкууга алынган. Зордуктаган адамдардын бирөөнө коюлган күнөө жеңилдетилип, 7,5 жылга кесилген. Бул факт коомдо кызуу талкууланып, судьянын дарегине сын күчөдү.

Кыз өзү азыр реабилитациялык борборлордун биринде. (SE)

XS
SM
MD
LG