Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:05

Мамашова 13 жаштагы зордукталган кыздын ишин парламенттик отурумда кароону сунуш кылды


Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова.
Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова.

Жогорку Кеңештин 16-декабрдагы отурумунда «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Айсулуу Мамашова балдарга карата зомбулук маселесин жана Ысык-Көлдөгү зордукталган 13 жаштагы кыздын ишин 17-декабрдагы парламенттик отурумда кароону сунуш кылды.

«Биз ар дайым «Балдар - биздин келечегибиз» деп эле айта беребиз. Массалык маалымат каражаттарында соттун адилетсиздиги тууралуу сөз болуп жатат. Ооба, биз соттордун ишине кийлигише албайбыз. Бирок, аны адам деп айтууга да ооз барбайт. Үч зордукчунун бирөө гана түрмөдө. Бул боюнча тийиштүү органдарды чакырып, талкуулайлы», - деди Мамашова.

Бирок вице-спикер Мирлан Бакиров мындай маселени алгач комитетте талкууламайын күн тартибине киргизүү болбой турганын эскертти.

Депутат Мамашова вице-спикердин жообуна нааразы болуп, айрым маселелер комитеттин кароосу жок эле өтүп жатса, балдар маселесин кечеңдетүүгө негиз жок экенин айтты.

Буга чейин Тоң районунун Кара-шаар айылында 13 жаштагы секелек кызды үч эркек зордуктап, кийин сот алардын экөөнү актап, сот залынан чыгарып жибергени коомчулукта кызуу талкууга алынган. Зордуктаган адамдардын бирөө 7,5 жылга кесилген.

Азыркы тапта Ысык-Көл облустук прокуратурасы секелек кызды зордуктап, бирок сот тарабынан акталгандардын өкүмүнө карата апелляциялык арыз даярдап жатканын маалымдады.

ЮНИСЕФ Кыргызстандагы бул окуяны сындап, өлкөдө балдарга, кыз-келиндерге болгон зомбулукту токтотуу боюнча кескин чараларды көрүүнү сунуш кылды. (BCh)

XS
SM
MD
LG