Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:55

Тогуз-Тородо 25 жылдан бери баңгизат жасап жүргөн жаран кармалды


Баңги зат жасап, колдонууга шектүү адам
Баңги зат жасап, колдонууга шектүү адам

Милицияга келген маалыматтын арты менен Ш.Б. аттуу Тогуз-Торо районунун тургуну жашаган үйдө тинтүү жүргүзүү учурунда эки даана тегерек формадагы кара-күрөң түстөгү, өзгөчө кескин жыты бар, салмагы болжол менен 20 грамм болгон заттар далил буюм катары алынган.

Кармалган жаран көп жылдан ашуун убакыт Казарман айылынын алыскы тоолорунда өскөн баңгизаттык жана колдонулушу мыйзамга каршы келген чөптөрдү алып келип, андан баңгизаттарынын түрлөрүн жасап келгени аныкталган.

Бул факты боюнча 2020-жылдын 2-декабрь күнү Тогуз-Торо РИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 268-беренесинин («Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатын көздөбөстөн мыйзамсыз даярдоо») негизинде катталып, сотко чейинки териштирүү иши башталган.

Тогуз-Торо райондук сотунун тергөө судьясынын токтомунун негизинде шектүү эки айлык мөөнөткө убактылуу кармалуучу жайга киргизилген. (TB)

XS
SM
MD
LG