Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:15

Хивада тарыхый эстеликтин бузулугу боюнча кылмыш иши козголду


Таш-Хаули сарайы.
Таш-Хаули сарайы.

Хорезм облустук прокуратурасы Хива шаарындагы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген байыркы «Таш-Хаули» сарайынын дубалдарынын бузулушу боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Өзбекстандын Маданият министрлигине караштуу маданий мурастар башкармалыгынын өкүлү билдирди.

Анын айтымында, «Таш-Хаули» сарайы жайгашкан «Ичан-Кала» мамлекеттик музей-коругунда атайын бекитилген долбоорсуз жана ЮНЕСКО менен Илимий-эксперттик кеңештин макулдугусуз оңдоо иштери жүргүзүлгөн. 8-декабрда корук жетекчилигинин буюртмасы менен иштеп жаткан «Сургутнефть-Строй» жеке компаниясы байыркы эстеликти бузган.

Расмий түрдө реставрация иштерин аткарууга уруксаты жок бул компаниянын өкүлү ал жерде «Ичан-Кала» музей-коругу менен түзүлгөн келишимдин негизинде иштегенин билдирди. Маданий мурастар башкармалыгы имарат начар аткарылган оңдоо иштеринен улам бузулган деп эсептөөдө. Өз кезегинде корук-музейдин жетекчилиги «имараттын дубалы кыйшайып калганын, аны урап калбасын деп бузушканын» айтууда.

Маданият министрлигинин маалыматына караганда, Хивадагы мыйзамсыз оңдоо иштери токтотулду.

«Таш-Хаули» сарайы Хиванын ханы Аллакулихан тарабынан 1830-1838-жылдары курулган. 1968-жылы ал мамлекеттин кайтаруусуна өткөн. Сарай Хива шаарынын 2500 жылдыгына карата 1997-жылы жарым-жартылай оңдоодон өткөрүлгөн.

XS
SM
MD
LG