Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:27

Жогорку Кеңеш экономикалык мунапыс тууралуу мыйзамды карайт


Жогорку Кеңештин жыйындар залы.
Жогорку Кеңештин жыйындар залы.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 16-декабрда «Экономикалык мунапыс маселелери боюнча мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун карайт. Аталган долбоор буга чейин парламенттин Укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөш комитетинде жактырылган.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, КСДП фракциясынын мүчөсү Марлен Маматалиевдин «Азаттыкка» билдиргени боюнча, бул мыйзам - коррупционерлерди актоо аракети эмес.

«Коррупционерлерге же мыйзамсыз байыгандарга бул мыйзамдын тиешеси жок, - деди ал. - Мында ишкерлерди, банктардан насыя алгандарды, мүлктү туура эмес колдонгондорду, жалпылап айтканда экономикалык мүчүлүштүк кетирип алган жарандарды бир ирет мүмкүнчүлүк берип, шарт түзүп, кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу сунушталып жатат».

Мыйзам долбоорунда Жазык кодексинин алты беренеси боюнча айыбын мойнуна алып, мамлекетке келтирген зыянын төлөп, мүлкүн декларациялаган жарандарды жазадан бошотуу каралган.

Демилгечилер бул мыйзам менен азыркы кылмыш жообуна тартылган жарандардан кеминде 500 миллион сомду мамлекетке кайтарса болорун билдирип жатышат.

Жогорку Кеңеш 5-ноябрда «Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө» мыйзамды кабыл алган. Ага президенттин милдетин аткарып жаткан төрага Талант Мамытов 9-декабрда кол койду.

Мыйзамда ыктыярдуу декларациялоо көмүскө мүлктүн жана кирешенин бир бөлүгүн мыйзамдуу жүгүртүүгө киргизүүгө мүмкүндүк берип, экономикалык жигердүүлүктүн күчөшүнө алып келери жазылган.

Мыйзамдын оппоненттери ал коррупционерлердин, олигархтардын кызыкчылыгы үчүн иштей турганын айтып чыгышкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG