Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:58

Ак-Жар, Ак-Бата жаңы конуштарына электр жарыгы берилди


Жол тоскон жаңы конуштуктар.
Жол тоскон жаңы конуштуктар.

Бул тууралуу Аламүдүн районунун акими Марс Саккараев «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, электр жарыгы жаңы конуштарга кезек менен берилип жатат. Аким бул электр трансформаторлоруна күч келбеши үчүн аргасыздык болуп жатканын айтты:

«Жарыкты кезек менен берсек жеткире алабыз. Мисалы, эки көчөгө эки саат берип, дагы эки көчөнү өчүрө турсак. Анан аларга бергенде беркилери өчүрүлүп турат. Тургундар өздөрү да буга макул болушту».

15-декабрь күнү кечинде Бишкектин түндүк тарабындагы Ак-Жар, Ак-Бата жаңы конуштарынын тургундары айланма жолду буушту. Алар муну бийликтин көңүлүн тынымсыз өчүп жаткан электр көйгөйүнө буруу аракети деп билдиришти. Жол тоскондор 10-15 градус суукта балдары менен электр жарыгысыз, жашоого шарты жок калышканын айтышкан. Алардын сөзүнө караганда, электр жарыгы дээрлик бир айдан бери улам өчүрүлүп жатат.

Жол тоскондор автомобил дөңгөлөктөрүн өрттөп, машинелерди өткөрбөй турушту. Окуя болгон жерге Аламүдүн районунун акими Марс Саккараев, Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө аракет кылышты. Жаңы конуштуктар түн оогондо тараганын облустук милиция кабарлады.

Ак-Жар конушунун тургундары айланма жолду буушту
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:46 0:00

Бишкектин түндүгүндөгү Ак-Жар, Ак-Бата жаңы конуштары 2005-жылы жерлерди жапырт басып алуудан кийин пайда болгон. Жаңы конуштар жайгашкан жер Чүйдүн Аламүдүн районуна карайт. Бүгүнкү күнгө чейин жаңы конуштагы айрым үйлөрдүн «кызыл китеби» жок.

Бишкектеги Жеке турак жай курулуш департаменти тарабынан жүргүзүлгөн эсептөөнүн негизинде 42 жаңы конушта мыйзамсыз деген 6 382 жер участогу аныкталып, 3,5 миңден ашуун үй мыйзамсыз, кооптуу жайларда курулган деп табылган. Бул үйлөрдү түрттүрүү, коопсуз жактарга көчүрүү же болбосо мыйзамдаштырып берүү маселеси чечиле элек экени кабарланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG