Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:24

Министр: Коронавирус илдети күчөсө, чектөө болушу мүмкүн


Алымкадыр Бейшеналиев.
Алымкадыр Бейшеналиев.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда коронавирус күчөсө, бир катар чектөөлөр киргизилиши мүмкүн экенин “Азаттык” радиосуна билдирди.

Анын айтымында, учурда абал туруктуу, бирок илдетти жугузгандар көбөйүп кеткен учурда эл көп катышкан иш-чараларга тыюу салуу сыяктуу чектөөлөр болот.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус Чүй облусунда дагы бир бейтаптын өмүрүн алды.

COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб 16-мартта билдиргендей, бир күндө вирус 73 кишиден жаңы аныкталды.

Статистика боюнча бул 23-февралдан берки эң көп көрсөткүч. Андан бери илдет күн сайын 20-60 кишиден табылганы расмий кабарланып жаткан.

Министрликтин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган 2020-жылдын март айынан тартып оорудан кайтыш болгондордун жалпы саны 1484 кишиге жетти.

Пандемияда оору жугузуп алгандардын расмий эсеби 86 990 киши болду. Анын 83 924ү айыгып чыкты. Азыр 337 киши ооруканаларда жатат. Анын 15инин абалы өтө оор, 87 кишинин акыбалы оор деп бааланган. 307 адам үй шартында дарыланууда. (TSh)

XS
SM
MD
LG