Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

Министрлик: Интернетте тарап жаткан жөлөк пул боюнча маалымат жалган


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги социалдык тармактарда жана WhatsApp мессенжерлеринде “үч же андан ашык баласы бар үй-бүлөлөргө үч миң сомдон жөлөк пул берүү боюнча буйрукка президент кол койду” деген маалымат чындыкка туура келбейт деп билдирди.

Министрлик жарандарды жалган маалымат таратып, коомчулукту адаштырбоого чакырды.

Ушул тапта интернетте 3 баласы бар үй-бүлөлөргө жөлөк пул катары 3 миң сомдон мамлекет тарабынан жардам берилип, автоунаалардын айып пулдары азайтылганы жөнүндө буйрук чыкканын айткан бейтааныш аялдын видеосу тарап жатат.

Бүгүнкү күнү жашы жете элек балдардын жөлөк пулу 810 сом, ал эми мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга ай сайын 2000-4000 сом жөлөк пул берилет. Расмий маалыматтар боюнча 810 сом жөлөк пул алган балдардын саны 210 миңден ашуун. (TSh)

XS
SM
MD
LG