Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:07

Садыр Жапаров: Камбар-Ата-1 ГЭСин үч жылда куруп бүтөбүз


Садыр Жапаров. 15-март, 2021-жыл.
Садыр Жапаров. 15-март, 2021-жыл.

Президент Садыр Жапаров Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарында Кыргызстанда Камбар-Ата-1 ГЭСин коңшу өлкө менен чогуу куруу тууралуу келишим түзүлгөнүн айтты.

Бул тууралуу өлкө башчы 15-мартта «Азаттык» радиосуна курган маегинде билдирди.

Буга чейин белгилүү болгондой Өзбекстан менен энергетика жана өнөр жай министрлигинин багытында Кыргызстанда Камбар-Ата-1 ГЭС инвестициялык долбоорун биргелешип даярдоо жөнүндө макулдашууга жана электр энергиясын өз ара жеткирүү жөнүндө протоколго кол коюлган.

«Камбар-Ата-1 ГЭСин Өзбекстан менен бирге куруу жөнүндө келишим түздүк. Азыр иш башталды. Кудай буюрса, Камбар-Ата-1 ГЭСин үч жылдын ичинде куруп бүтүү боюнча максат койдук. Толук кандуу ишке ашат. 30 жылдан бери кура албай келатабыз. Кудай буюрса үч жылда куруп бүтөбүз деп турабыз», - деди Садыр Жапаров.

Кубаттуулугу 1 860 мегаватт боло турган бул станцияны куруунун долбоору 1980-жылдардын аягында пландалган.

Акыркы жолу 2012-жылы Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон. Ага ылайык, Орусиянын «РусГидро» компаниясы бул эки энергетикалык объектини курмак. Бирок иш үзгүлтүккө учурагандыктан, 2016-жылы Кыргызстандын демилгеси менен макулдашуу денонсацияланган.

Расмий Ташкент Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна каршы чыгып келген жана бул эки өлкөнүн алака-катышындагы түйүндүү маселеге айланган. 2017-жылы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келгенде коңшулар ГЭСти чогуу-чаран куруу тууралуу макулдашкан. (BTo)

XS
SM
MD
LG