Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:58

Блогер Элмир Сыдымановго сот чечими 24-мартта чыгат


Элмир Сыдыманов.
Элмир Сыдыманов.

«Инстаграмда» Sydyman деген ат менен белгилүү Элмир Сыдымановдун иши 16-мартта Октябрь райондук сотунда каралып, жарыш сөз аяктады.

Сыдымановдун «Азаттык» радиосуна билдиргенине караганда, судья блогердин соттогу акыркы сөзүн сүйлөөнү 24-мартка белгиледи. Акыркы сөздөн кийин сот чечими чыгарылат.

10-мартта сот процессинин жүрүшүндө Башкы прокуратура блогер Элмир Сыдымановго койгон айыбынан баш тарткан. Блогердин адвокаты комиссиялык соттук-лингвистикалык экспертиза дайындоо тууралуу өтүнүч келтирип, аны мамлекеттик айыптоо колдогон. Ал корутундуда "Сыдымановдун аракетинде аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган аракеттер аныкталган эмес" деп табылган.

Сыдыманов «Инстаграмда» Sydyman деген ат менен белгилүү. Ал 2020-жылы февраль айында өзүнүн баракчасы аркылуу түз эфирде Кыргызстандын айрым облустарында колдонулган сөздөрдү сындаган. Бул окуя коомчулукта кызуу талкууга алынган. Кийин блогер жаңылыштык кетиргенин моюнуна алып, элден кечирим сураган. Блогер Бишкектеги №1 тергөө абагына камалып, 10 күндөн кийин үй камагына чыгарылган.

Ага Жазык кодексинин 313-беренеси («Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу») боюнча айып коюлган. (TSh)

XS
SM
MD
LG