Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:35

Байсалов: Өкмөт программаларды ишке ашырууда позициясынан кайтпаш керек


Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

Кыргызстандын Улуу Британиядагы ыйгарым укуктуу элчиси, Конституциялык кеңешменин мүчөсү Эдил Байсалов КТРКнын «Ала-Тоо 24» каналына маек куруп, Баш мыйзам долбоорунун айланасындагы суроолорго жооп берди.

Ал Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда бийлик башындагылардын жоопкерчилиги так жазылганын, "парламенттин укуктары чектелди" деген сындар негизсиз экенин билдирди.

Байсалов өкмөт долбоорлорун ишке ашырууда өз позициясына бекем турушу керек эсептейт.

«Ээн баш, ээн ооздордун дагы укугун камсыз кылып берели. Бирок аларга алаксыбаш керек. Канча өкмөттү көрдүк, чоң программаларды киргизет, мисалы салык, автоунааны камсыздоо сыяктуу. Анан бирөө «Фейсбукка» пикир жазып койсо эле жокко чыгарып салат. Ал программанын жоопкерчилигин алганга бийлик жок болуп калды. «Фейсбук» менен эле башкарылып калдык. Анан кантип алдыга жылабыз? Жоопкерчиликти алган күчтүү бийликтен коркпош керек», - деди Байсалов.

Коомдук ишмер Эдил Байсалов 2019-жылы 11-июнда Кыргызстандын Улуу Британия менен Түндүк Ирландиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган. (TSh)

XS
SM
MD
LG