Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:07

Гүлжигит Алыкулов Азия чөлкөмүндө аптанын мыкты футболчусу болду


Гүлжигит Алыкулов. 2019-жыл.
Гүлжигит Алыкулов. 2019-жыл.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын жана Казакстандын «Кайрат» футбол клубунун жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов Азия чөлкөмүндө аптанын мыкты фотболчусу болду.

Бул тууралуу маалымат Азия футбол конфедерациясынын (АФК) расмий сайтына жарыяланды. Ушул эле кабарды Кыргыз футбол союзу социалдык тармактардагы баракчаларына жайгаштырды.

14-мартта аяктаган сурамжылоонун жыйынтыгында 10 футболчунун ичинен Гүлжигит Алыкулов 44,39% добуш алып биринчиге чыкты. Ал эми Орусиянын «Зенит» клубунун ирандык футболчусу Сардар Азмун 22,42% добуш топтоп, экинчи сапка жазылды.

Казакстандын «Кайрат» клубунда ойногон 20 жаштагы кыргызстандык футболчу буга чейин Түркия менен Беларуста ойноп келген. Гүлжигитке күйөрмандар «Кыргыздын Мессиси» деп каймана ат койгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG