Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:17

Түркмөнстанда инфекциялык илдеттен дарыланбагандар жазаланат


Туркмөнстанда коомдук жайларда беткап тагынбагандарга 60 манат (17 доллар) айып салуу өткөн айда башталган.
Туркмөнстанда коомдук жайларда беткап тагынбагандарга 60 манат (17 доллар) айып салуу өткөн айда башталган.

Түркмөнстанда бийлик Жазык кодексине өзгөртүү киргизди. Ага ылайык, эми мындан ары «коркунучтуу инфекциялык оорудан» дарылангысы келбегендер, ооруканадан качкандар эки жылга эркинен ажыратылат. Эгер мындай көрүнүш дагы кайталанса, беш жылга түрмөгө кесилет.

Жазык кодексине киргизилген алымча-кошумчалар медиа каражаттарына жарыяланды. Анда документке президент Гурбангулы Бердымухамедов 22-августта кол койгону көрсөтүлгөн.

Түркмөнстан - Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) коронавирус бар экенин ырастабаган жападан-жалгыз мүчөсү. Бирок июль айында бийлик бардык ири соода борборлорун, базарларды, көңүл ачуу, оюн-зоок жайларын жана кызмат көрсөткөн ишканаларды 10 күнгө карантинге жапкан. «Азаттыктын» түркмөн кызматы эл көп чогулган жайларда адамдар ортосунда эки метрлик аралыкты сактоо талап кылынганын жазган.

Өлкөдө коомдук жайларда беткап тагынбагандарга 60 манат (17 доллар) айып салуу август айынан башында башталган. Бийлик оозу-мурдун чүмкөө боюнча талапты «абада чаң көбөйгөнү» менен түшүндүргөн.

Соңку айларда түркмөн ооруканалары пневмония менен ооруган бейтаптарга толуп калганы, медицина кызматкерлери илдеттен көзү өткөн адамдарды моргго жеткирип үлгүрбөй жатышканы тууралуу маалыматтар байма-бай айтылып жатат.

XS
SM
MD
LG