Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 23:00

“Көк дептердин” улуу кышты көргөн каарманы


Иллюстрациялык сүрөт.

Жеңишбек Эдигеевдин “Көк дептери” - кыргыз окурмандарынын сүйүп окуган чыгармасы. Бүгүн кыргыз аңгемесинин классикасынан автордун белгилүү коомдук ишмер Корчубек Акназаров тууралуу жазган “Атаңды ажалдан алып калат элем” документалдык баяны тууралуу кеп кылсакпы деп турабыз.

Артта калганды алдыгы сүрөгөн

Жеңишбек Эдигеев эки жашка чыкканда атасы Кадырбек капыс ажалга туш келген. Атасын билген адамдардын эскерүүлөрүн угуп чоңойгон автор 2017-жылы “Дайралар артка агышпайт” даректүү эскерүү баянын чыгарган. Социалисттик эмгектин баатыры Корчубек Акназаров тууралуу даректүү баян ошол китепке кирген.

Айтса, китеп чыкканча эле андагы баяндар окурмандарга социалдык тармак аркылуу тарап, мезгилдүү басма сөздөргө чыгып жайылып кеткен. Улут адабиятынын жаңы технологиялар заманындагы мындай ыкмасы кийинки кездери көп колдонулууда. Ошондон кызыктуу эскерүүлөрдүн көбү оболу гезитке чыгып, андан социалдык тармакка жарыяланып, китепке айлангыча бир топ электен өтүп, автор каламынан чыккан туундусунун кандайлыгы китеп болгуча эле баасын алып, белгилүү болуп калат.

Жеңишбек Эдигеевдин китеби да ушундай тагдырга туш келди, анысы чыга электе сынга караганда мактоону көбүрөөк угуп, улут адабиятыбыздагы жаңылык катары кабыл алынды.

Мекениңдеги болуп аткан окуялар, майда-чоң жаңылыктардын баки-жогу башка континентте, жашоо-салты өзгөчөлүү өлкөдө жашап аткан инсанды өзгөчө таасирлентет. Жеңишбек тууган жерине келген сайын атасын билген адамдардын, ак сакалын жайкалткан кадырлуу карылардын катары суйдаң тартып баратканын көрүп кабыргасы кайышарын көп айтат.

Кадырбек Эдигеевди билип, социализм заманында мактоосуна караганда урушун көбүрөөк уккан, коммунисттик кадрлардын өзүнчө бир мууну бу жарыкчылыкты таштап, катары суюлууда. “Анткени ошол адамдардын баары менин атамды көргөн, жакындан тааныган, билген, колун кармаган, сөзүн уккан, ийиндеш, киндиктеш жандар эле”, - дейт автор.

Ошондой көңүлгө жакын, ыманы ысык адамдардын бири Корчубек Акназаров болчу. Бул кишини улуу муундагылар абдан жакшы билчү. Социализм заманында коммунисттик партия кайсы райондун ишин алдыга сүрөп, социалдык-экономикалык абалын оңогусу келсе, Корчубек абаны ошол жерге жетекчи кылып жөнөтчү.

Уйкусуз түндөр, чарбанын иши деп күн тынымын, түн уйкусун ойлобой чапкылап жүрмөй, оңой менен кыймылга келбес эңгезер мамлекеттик машинени жүргүзүү түйшүгү ошондон кийин башталчу.

Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучусу, канмайдандан кайтып келгенден кийин Кыргызстандын бир топ жерлеринде чаалыкпай-чарчабай иштеген, өкүмзордукка салбай жакшы сөз, жеке демилгеси менен өзү кошо аралашып, бир райондун милдетин алган ал киши совет заманындагы эң бийик сый-урматка – Социалисттик эмгектин баатыры наамына татыктуу болгон.

Ал кезде райкомдун биринчи катчыларынын арасынан мындай сый-урматка жеткендер жалгыз Кыргызстанда эмес, жаамы союзда беш манжа менен саналчу. Корчубек Акназаровду ал кездеги партиялык төбөлдөр райондук жетекчиликтен жогорку кызматка коюшпады, ал киши өзү деле бийлик тепкичинен тез-тез өйдөлөп отурганды каалабаса керек. Көңүлүнө жакын айыл турмушун эч нерсеге алмаштырбай, элеттиктер менен мамыр-жумур аралаш жашап-иштөөнү баарынан жогору койгон болуу керек.

Жеңиш чет өлкөдөн жайкы дем алышка келген сайын ошол легендарлуу инсанга жолугуп, 95 жаштагы аксакалдын “Өмүрдөгү ак жол” китебинин үзүндүсүн радиодон чогуу угуп, убакты-саатынын кыйласын ошол кишиге арнап койчу. Корчубек Акназаровго кызыгуусу артып, сүйлөшүп отуруп келишинин себебин ал өзү мындайча түшүндүрөт: “Атам Эдигеев Кадырбекти жаш кезинен таанып, чарбага жетекчи кылып 5 -6 жыл ийиндеш иштешкен, үй-бүлөлүк катышта болушкан”.

Калың кар

Корчубек Акназаров башынан кечирген бай турмуш жолун мына ушул эскерүү китебинде жазган. Анын эң кызык эпизоддорунун бири 1968-жылкы оор кыш, акылдуу кары туура жазгандай, жүз жылда бир келчү жут болгон экен. Кар аябай калың түшүп, алыскы кыштоолорду кой, айылдардын бири-бири менен катташуусу кыйындаган.

Корчубек Акназаров ал учурда Ак-Талаа райкомунун биринчи катчысы, көкүрөккө Социалисттик эмгектин баатыры наамын тагып, күн тынымы жок чарбаларды кыдырып, табияттын катаал сыноосунан кантип чыгуунун аргасын издеп жүргөн кези. Кар ушунчалык калың жаагандыктан Кенес-Анархай кыштоосундагы кыргызстандык малчыларга баруучу жолду тазалоого тракторлордун күчү келбей аскер танктары жардамга келген.

Алыскы Ак-Талаанын кокту-колотторундагы койчуларга жетиш, айласы куруган малчыларга жем-чөп жеткириш тозоктун тозогуна айланып турган кез. Корчубек Акназаров комсомол жаштардан бригада түзүп, алардын бирине Кадырбек Эдигеевди башчы кылып дайындайт. Карыянын эскерүүсүнө караганда, бир да жаш адам оор иштен качпаптыр, тапшырган жумушту убагында аткарыптыр.

“Чоң Карагай-Төр багытындагы чабандарга Эдигеев Кадырбек жетектеген комсомолдук бригада барган.

- Эдигеев Кадырбек балдар менен келип жардам бербегенде койлор жалаң кардын үстүндө жатып тоңуп өлмөк. Жалгыз өзүм мынча карды 10 күндө күрөп бүтмөк эмесмин, балдарга чоң ырахмат. Бир күндө короодогу карды чыгарып беришти, - дейт бир чабан... Карагай-Төр кыштоосу кыштактан 20 – 30 чакырым. Ат жол эчак бүтүп калган. Балдар лыжа, жапкак менен кетишкен. Кеткендерине он күндөн ашып кетти. Жеткен-жетпегени белгисиз. Вертолёт учпайт. Күнүгө кар жаап, көз ачырбайт. Бардыгы солкулдаган жаш балдар. Көчкүдөн аман болсо эле болду. Күнүгө колхоздун төрагасы Жусупжанов Оболбекке телефон чалып, балдардан кабар барбы деп сурасам, “жок” дегенден башка жооп жок. Айла кетти. “Акназаров менен Жусупжановдун түнкү уйкулары качып, айласы кетип жүрөт” деген эл арасында ар кандай жаман сөздөр угула баштады. Чынында ошондой. Тогуз-Торого жол салып бараткан С-100 бульдозерун Ой-Кайыңдыдан көчкү жүрүп коктуга сүрүп таштаган. Тракторчу аман калган. Тракторду ошол жылы жайында араң чыгарып алышкан”, - деп эскерет ошол кезди Корчубек Акназаров.

1968-жылкы улуу кар кийин түшпөдү. Кылымда бир кайталанчу табияттын оор сыноосу чарба жетекчилеринин түйшүгүн арттырган. Колхоз малын баккан чабандар көргөн азап өзүнчө чоң сөз. Корчубек Акназаров абалдын абдан оорчулугун айтып, Фрунзедеги вертолетчулардын командири Безкоровойныйга телефон чалып, күн бир аз ачылганда ал өзү учуп келип алыскы кыштоолордогу чабандарга барууга мүмкүнчүлүк жаралат.

“Малчыларга деген ун, кант, чайыбызды жүктөп алып үч отор кой кыштаган короого кондук. Барсак эле бир чабандын аялы мени кучактап чыңырып ыйлаганда ошол жерде ыйлабаган адам калган жок. Аял мени көпкө кучактап ыйлады. Мен балдар соо болбой калган экен го деп муундарым титиреп кетти. Аялдын үнү басылгандан кийин: “Деги амансыңарбы?” деп сурадым. – Өзүбүз аман элебиз, карабайсызбы үйүлүп жаткан тарпты. Мал кырылып калды, - деп жанагы аял дагы ыйлады. Койлордун өлүгү ар кайсы жерде үйдөй болуп үйүлүп жатат. – Райондон жиберилген балдар силерге келдиби? – деп сурадым. – Келишти, карды ошолор күрөп, жолду, короону ачып беришти. Азыр алар өйүздөгү короолордо жүрсө керек. Бул сөздү уккандан кийин эс ала түштүм. Бетиме эми кан жүгүргөндөй болду. Чабандардын акыбалы менен толук таанышып чыктым. Үч короо койдон бир короосу гана аман калыптыр. Жем, чөп түшүрүлсө калганын аман алып калгыдайбыз...”.

Ал кезде, албетте, совет өкмөтүнүн кел-кели келип турган кез. Ошон үчүн малдын көбү кырылганына карабай болгон техниканы пайдаланып (“тягач менен ташып”) жем-чөп жеткирип, бийлик башындагылар, жергиликтүү активдер уйку көрбөй малчылардан кабар алып, ага керектүү оокат-ашын жеткирип, оор кышта кимдин кимдиги билинип отурбайбы.

Корчубек Акназаров 83 жаштагы Сыдык карыядан кыйла кызык кептерди угат, аксакал мындай улуу карды биринчи көрүшүн, совет өкмөтү жаңы чыкканда Мөндүрдүн көтөрүлүшү – Бондаревдин Нарындагы козголоңу чыккан 1920-жылы да улуу кыш болгонун, бирок мынчалык калың кар түшпөгөнүн, кой жаткан таш короону кар басып түптүз болуп, койлор кар үстүндө жатып калганын айтып, кимди да болсо сестентчү улуу кышты биринчи көрүп жатканын айтат.

Кыш калың түшүп, чарбалардын малы кырылып, жагдай оор болуп турган чакта Кыргызстан компартиясынын биринчи катчысы Турдакун Усубалиев өзү баш болуп колхоздорду кыдырып, убакты-саатынын кыйласын ат үстүндө өткөрүшөт. Усубалиевден соң Ак-Талаага республиканын айыл чарба боюнча катчысы Султан Ибраимов келип колхоз башкармасы Жусупжановдон: “Жолдош башкарма, бул кар качан кетет?- десе ал: - Султан Ибраимович, бул кар качан кетерин билбейм. Азыр жети карыш кар жатат, Эки күндө бир карыштан эригенде да 14 күндө араң кетет го” дегенин, ага Султан Ибраимов аябай күлгөнүн Корчубек аба эскерген. “Мынакей, ал кездин жетекчилери кандай иштешкен! Бүгүнкүнүн эл башылары мал эмес, эли өлүп аткан жерге да басып барышпайт” деп жазат Жеңишбек Эдигеев.

Катаал заман

Корчубек Акназаровдун балалыгы сталиндик катаал заманга туш келген. 1934-жылы атасы тапшырган жүнүнө буудай алганы Таласка бараткан жеринен эки орус кароолчулар таң атпай "буудай уурдаганы келаткансың" деп жалган жалаа менен беш жылга каматтырып жиберишет.

“Ал кезде “Август указы” деген өтө катуу мыйзам чыккан. Бир машак буудай уурдасаң да бир центнер уурдаганга тете болуп беш жылга эркинен ажыратчу. Ошону менен атамды беш жылга түрмөгө кесип жиберет. Үйдө апам оорукчан болчу. Атам камалгандан эки айдан кийин апам каза болуп калды. Үйдө мен, эки карындашым менен чоң энем болуп төртөөбүз эч багуусуз калып калдык. Анда 12 жаштамын. Карындаштарымдын улуурагы сегизде. Экөөбүз машак терип иштей баштадык. Эртеден кечке иштеп жүрүп буудай таап келип жан багып аттык. Кыш жакындаганда менден төрт жаш улуу таякелерибиз бар эле, ал да жалгыз энеси менен турчу. Ошолордукуна кетип кыштан чыкканбыз. Андан кийин көрүнгөн кишиникине эки айлап, алты айлап жалданып иштеп, үйүндөгү жумуштарды кылып, ордуна ун, жүгөрү алып 1938-жылга чейин оокат кылып жүрдүк. Кийин уксак, атамды Казакстандын "Пахта-Арал" деген совхозуна алып барып саз кургаттырып иштетишкен экен, камалгандан үч жыл өткөндөн кийин каза болуптур...” , – деп эскерет Корчубек Акназаров.

1938-жылы балдар үйүнө кабыл алынып, эрезеге жеткенден кийин жогорку билимдүү болуп, согушка катышып, андан келгенден кийин Чаткалда мугалим, мектеп директору, анан кызмат тепкичтери менен көтөрүлүп отуруп өмүрүнүн отуз жылын райкомдун биринчи катчысы, жети жылын экинчи катчысы болуп өткөргөн кадырман карыянын турмуш жолун Жеңишбек Эдигеев кемелине келтирип сүрөттөп берген.

Мынчалык мыкты иштеген, кызматына кыянаттык кылбаган жетекчи совет доорунда деле аз болчу. Корчубек Акназаровдун малчы, дыйкандар менен аралашып, алардан өзүн бийик койбогон жөнөкөйлүгү, анан да ишине жоопкерчилиги кийинки муундагы аткаминерлерге өрнөк болушу керек.

Бир кылымга үч жаш жетпей бу жарыкчылыкты таштап кеткен тарыхый инсанды кийинки муун унутпай, эмгегин эскерип жүрүшү парз. Жеңишбек Эдигеевдин даректүү аңгемеси ошондой иштердин бири.

Корчубек Акназаровдун "Азаттыктын" архивинде калган маеги. 2018-жыл.

Акназаров: Президенттин иши сөзүнө дал келиши керек
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:28 0:00

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG