Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:10

Элдик философияны изилдеген ойчул эле


Академик Аскар Какеевдин мыкты окумуштуу экенин ыраматылык Салижан Жигитовдон уккам. Салижан аке ал кишинин мыкты философ экенин, орусча келиштире жазарын, акылдуулугун айтып калчу.

Негедир ал киши орус тилинде мыкты жазган кесиптештерин аябай жакшы көрчү, аларды улутташтарынын арасындагы башкача бир жандар катары мүнөздөп ийчү. Аскар Чукутаевичтин Салижан Жигитовго жаккан сапаттарынын бири орусча мыкты жазганы, жөнөкөйлүгү, мээнеткечтиги болсо керек.

Айтса, ал кезде горбачевдук “кайра куруунун” арааны ачылып, “чоң борбордон” күнү кур эмес чыгып жаткан “тарыхый сенсациялар” социализм заманында чет бучкак эсептелген бизге окшогон республикадагыларды шыктантып, мурда айтууга тыюу салынып келген жашыруун сырлар бир четтен чубалып, эли үчүн жасаган эмгеги эске алынбай “эл душмандары” эсептелип келген эчен кайрандарды эскерүү аракеттери башталган.

Ошондой өзгөрүүлөр күчөп турган кезде биздин Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун окумуштуулары тарабынан Кыргыз совет адабиятынын тарыхынын эки томдугу жазылып, кол жазма терүүгө берилип, анан китеп болуп чыгарга жакын бүдөмүк бир иштер башталып кетти. Эки томдуктун илимий редактору Абдыкадыр Садыков бир ирет мага келип китеп Кыргызстан компартиясынын Борбордук комитетинде кармалып калганын айтып калды. Ал кезде Илимдер академиясынын “Илим” басмасынын редактору элем.

Эмнеликтен адабият тарыхына арналган эмгек Борбордук комитетте кармалып калганына түшүнүп-түшүнө элегимде китептин басма редактору катары ал жерге чакырып калышты. Борбордук комитеттин илим жана жогорку окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы академик Аскар Акаев, орунбасары Аскар Какеев болчу. Аскар Какеевди ошондо биринчи ирет көрүшүм. Арык, чачын артка тегиз тараган, сур костюм-шымчан, анан да кабыл алган кишисине “сиз” деп кайрылган сылык-сыпаа киши экен.

Отургандан кийин Аскар Акаев дагы башка жооптуу кишилер кол жазманы окуп чыгышканын, алар биртоп идеялык мүчүлүштүктөрдү көрсөтүшкөнүн, эми аларды китептин корректурасынан алып салууну айтты. Мен китептин басма редактору экенимди, авторлордун уруксатысыз алардын текстине тие албасымды, өлкөдө ачык-айкындуулук болуп атса Молдо Кылыч, Касым Тыныстанов тууралуу маалыматтар чыгышы керектигин түшүндүргөндөй болдум.

Аным Борбордук комитеттин бөлүм башчысынын орунбасарына жакпай калды. Бир жылдан ашуун кармалып, китеп ошол “БКнын адамдары” айткандай, идеялык жагынан “кынтыксыз” тазаланып чыкты. Салижан акеге “мактаган досуңуз ушинтти” десем ийнин куушуруп эч нерсе дебеди. “Идеялык иргөөдөн” өтпөй калган текстти эч ким талашкан деле жок. Ал кезде Борбордук комитет, цензура күчтүү эле. Менин “кайра куруу”, “айкындуулукка” деген ишеничим ошол китеп менен кошо өлдү. Партиялык жооптуу кызматта, жаркыраган жакшы кабинетте, чыкыйып жасанып отурган партиялык аткаминерлерге делген суктануум өчүп, сырт көрүнүш менен реалдуу иштин ортосундагы асман менен жердей айырманы ошондо аңдадым.

Кийин Аскар Какеев агай айласыздан ал ишке аралашканын, өзү каалабаса деле ал кездеги партиялык эреже-талаптарга ылайык китепти “оңдоого” мажбур болгонун, партиялык бюрократия катаал болгонун, ага туш келип калган эч кимди аябаганын экөөбүз Кино үйүнүн кенен залында чогуу отуруп калганыбызда агынан чечилип айтып берген.

“Айла жок, кээде өзүң каалабаган нерселерди жасоого туура келет” деген. Тагдырдын тамашасы, талашка түшүп калган ошол тарых китептеги Салижан Жигитовдун өткөн кылымдын 20-жылдарындагы кыргыз адабияты менен Кеңешбек Асаналиевдин Молдо Кылыч тууралуу жазган мыкты бөлүмү аянбай кескиленген болчу. Жедеп жүрөкзаада болуп калган авторлор айласыз баарына кол шилтеп кала беришти.

Ал эми Борбордук комитеттин мындай иштин кыйласын башынан өткөргөн кыйды аткаминерлери адабият тарыхын мыкты билет деп талаштуу жумушту Аскар Какеевге жүктөшүп, өздөрү сыртта кала беришкен экен. Бир жылга жакын созулган адабият тарыхы чыккандан көп өтпөй Борбордук комитеттин бөлүм башчысы Аскар Акаев Илимдер академиясына вице-президент болуп шайланып келди. Ага улай СССР Жогорку Кеңешине Ноокаттан депутат болуп шайланды. Иши жүрүшсө ушул экен, кездешкен адамына ийилип колун сунчу элпек академиктин ташы өйдө кулап, Москвадагы чоң жыйындарда чыгып сүйлөп турду. Анысы аркылуу көпчүлүктүн көзүнө илинип, 1990-жылы кыргыз коммунист төбөлдөрү бийликти бөлүшө албай калганда “легендарлуу парламенттин” таасирдүү тобунун аракети менен өлкөнүн президенти болуп калды. Аскар Какеев да адашы менен Борбордук комитеттеги партиялык жооптуу кызматынан Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын Философия жана укук таануу институтунун директорлугуна которулду. Ал кезде институт директорунун саясий орду бийик болчу.

Аскар Какеевдин илимий ишмердиги негизинен билим берүү системасында өттү. Кыргыз айыл чарба институтунун Философия жана илимий коммунизм кафедрасынын башчысы, ага улай институттун партиялык уюмунун катчысы кызматын ээлеген. Коммунисттик кызмат тепкичиндеги мына ушул орто звено биртоп жогорку кызмат тепкичине керектүү аткаминерлерди даярдаган. Илимий мыкты кадрлардын көбү кийин Кыргызстан компартиясынын Борбордук комитетинин бөлүм башчысы, катчысы болуп, республиканын башкаруучулар катарын толукташкан.

Аскар Какеевдин кызмат тепкичинен жогорулашы Аскар Акаевдин кыска мөөнөт ичинде Илимдер академиясынын президентинен өлкө башчысына Кыргызстандын туңгуч президентине шайланышынан кийинки учурга туш келди. Анын уюштуруучулук, саясий кызматтагы жолу эгемендик тушунда жогорулады.

Маалымдоо каражаттарына берген маектеринин биринде ал уруусу мундуз, Каке багып алган атасы экенин, философияга кызыгуусу университетте окуп жүргөндөн башталганын, илимдеги устаттары катары Алтымышбаев, Жунусов, Аманалиев, Брудный сындуу окумуштууларды эсептерин, соңку жылдары Кыргыз-орус славян университетинин гуманитардык философия кафедрасында илим, кыргыз философиясынын, кыргыз маданиятынын тарыхы боюнча студенттерге дарс окурун маалымдаган.

Кыргыз философиясынын жаралышын, өнүгүшүн иликтеген окумуштуу коомдук табигый илимдердин эриш-аркак өтөрүнө кызыгарын, бул проблеманын тереңдеги байланыш-катыштарын аныктоого өмүрүн арнаган.

Жаштыгы философия илимин аңдоого жумшалып, ага улай партиялык кызматтын даамын татып калган аткаминердин иши жүрүшүп, президенттик акимчиликтин башчысы, мамлекеттик катчы, билим берүү жана илим министри, Кыргыз улуттук университетинин ректору кезиндеги иш-аракети эгемен Кыргызстан башынан кечирген толгон-токой кыйынчылыктарга туш келди. Ары кызык, ары татаал маселелерди чечүүгө, мамлекет кызыкчылыгын, бүгүнкүсү менен эртеңкисин аныктоого байланышкан маданий, илим, билим берүү жаатындагы көп иштерге Аскар Какеевдин кайсы бир деңгээлде таасири тийип, бир тобуна аралашып, катышып калды. Академик Какеев учурунда Кыргыз-түрк “Манас”, Кыргыз-орус славян, Кыргыз-Америка университеттеринин ачылышына, келечектүү долбоорлорду даярдоо, толгон-токой бюрократиялык жөрөлгөлөрдөн өтүшүнө тиешеси бардыгын сыймыктануу менен эскерчү.

Жооптуу мамлекеттик кызматтарда жүргөндө Түркиянын президенти С. Демирел менен кездешкенин, эки өлкө ортосундагы маданий карым-катнаштардын тереңдешине салым кошконун кеп кылчу. Өзү кызмат кылган коммунисттик партиянын бийлиги тушунда кыргыздын эчен мыкты азаматтары атылып кеткенин, ошол Касым Тыныстанов, Жусуп Абдырахманов, Төрөкул Айтматов сындуу азаматтар аман калышса биздин республиканын өнүгүшү азыркысынан да мыкты болмогун, өткөн кылымда кыргыз эли туш келген эки апаат - 1916-жылкы Үркүн менен 30-жылдардагы репрессия эчен мыктыларды жок кылганын кейиш менен эскерчү.

Кыргыздын Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдырахманов, Абдыкадыр Орозбековго окшогон патриот уулдарынын аракети менен Кыргыз автоном облусу, андан автоном республикасы, соңунда союздук республикасы уюшулганын, эгемен Кыргызстандын пайдубалы тарыхтын татаал жолунда түптөлгөнүн, эчен кылымдан кийин кыргыз мамлекети өз алдынча түтүн булатып чыгышы элибиздин бактысы, тарыхтын сейрек кездешчү белеги экенин айтуудан тажачу эмес. Мына ушул тарых акыйкатын ал өмүрү өткөнчө жогорку билим алууга умтулган жаңы муунга үйрөтүүгө кыйла убакты-саатын сарптады.

Өткөнгө кайрылганда аны бир жактуу четке кагуу туура эместигин, социализм кыргызга көп нерсе бергенин, ошол замандан калган эчен байлыктар таланып-тонолуп кеткенин, канча завод-фабрикалар жок болгонун, антсе да өткөн кылым соңундагы доор алмашуудагы жетишкендигибиз - эгемендүү мамлекет болгонубуз сыймыктуу иш экенин белгилечү. Совет мезгилинде укмуш нерселерге жетишкендигибизди, республикада тогуз жогорку окуу жайы болгонун, жүз миңдеген нускада китептер чыкканын, анткен менен, Совет өлкөсү тоталитардык, буйрукчул-өкүмзар мамлекет болгонун ырастачу.

Социалисттик өлкөнү башынан аягына чейин коштой келген репрессия менен кандуу согуш кыргыздын мыкты инсандарын жок кылганын, анын кээри ушу кезге чейин жоголо электигин өкүнүч менен эскерчү.

"Репрессиянын эстелиги "Ата-Бейитте" туру, Касым Тыныстановдун биринчи ыр китеби 1925-жылы Москвадан чыккан, аны улутчул деп атып салышкан. Жусуп Абдырахманов, Кыргыз Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы, азыркыча премьер-министр болгон. Автоном облусту автоном республикага ошол өткөргөн. Суверендүү мамлекеттин түзүлүп калышы бактыбыз, өткөн чагыбызды эстен чыгарбашыбыз керек", - дечү.

Кыйла убакты-саатын алган саясий кызматына карабай Аскар Какеев илимди, айрыкча философиялык ойдун өнүгүш тарыхына кызыкчу. Жазгыч акын Молдо Нияз баш болгон буга чейин унутта калып келген биртоп ойчулдардын чыгармаларын талдап, анын философиялык маани-мазмунун чечмелегенди жактырчу. Элге унутта калган улууларды жеткирүү керек деп, ага колунан келген аракетин жасады.

“Көрсө, Молдо Нияз улуу Калыгулдан (1785 – 1855-жж.) кичүү, ал эми атактуу Арстанбектен 1824 – 1882-жж) улуу экен. Демек, хронологиялык принциптен алганда да, чыгармаларынын үндөштүгү жагынан алганда да, илимий, тарыхый мааниси боюнча алганда да Молдокем экөөнүн так ортосундагы өзүнүн мыйзамдуу ордун алышы керек”, - деп жазган академик жазгыч акын Молдо Нияз тууралуу.

Аскар Какеев эки доордо жашаган, кош замандын белгисин алып жүргөн инсан эле. Анын жүрөгү кыргыз деп сокчу, өз элинин орошон ойлоруна, философиялык дүйнө таанымына, ойчулдуктун өтмө катар тарыхын изилдөөгө келгенде анын жөндөм-шыгы ойгонуп, өзүн бактылуу сезчү. Ал баарынан илимий ишин алдыга койчу, эми ошол калтырган эмгектери анын атын өчүрбөй, шакирттери менен ишин жолдоочулардын арасында эмгегин унуттурбай эстетип турат.

Өмүрүн педагогикага арнаган академик
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:50 0:00

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG