Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 02:35

Эл Баатыры келбес жайга кетти


Бексултан Жакиев

Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Эл жазуучусу Бексултан Жакиев дүйнө салды.

85 жаштагы Бексултан Жакиев соңку убакта ооруп жүргөн. Ал кырчындай болгон 24 жашында калың элге кеңири таанымал "Атанын тагдыры" пьесасын жазган. Дал ушул чыгармасы аны коомчулукка тааныткан.

Ошол пьеса Кыргыз драма театрында 500дөн ашык жолу коюлуп, окурман, көрөрмандардын жүрөгүнөн түнөк тапкан. Мындан башка калемгердин "Миң кыял", "Алтын аяк", "Өкүм", "Эртең – жаңы жыл", "Жолугушуу", "Күттүргөн жаз да келер", "Саадак какты", "Жүрөлүчү жүрөк оорутпай", "Жаза" жана башка драмалары кыргыз драматургиясында көрүнүктүү орунду ээлейт. Ал мындан тышкары новелла, аңгеме, очерк, киносценарийлердин автору. Жакында эле анын “Өмүр өтөт билинбей” аттуу чоң повести жарык көргөн.

Кыргыз адабиятында опол тоодой эмгеги бар таланттуу жазуучунун замандаштары кайгыруу менен эскерип жатышат.

Кайран Бексултан абам!

Кыргыз адабиятынын, исскуствосунун, маданиятынын алп тоолорунун бири элеңиз. 85 жылдык өмүрүңүздө жашоонун жакшысын да, жаманын да, кыйынчылыктарын да көрдүңүз. Өмүр бою эч бир кыйынчылыкка моюн сунбай, калемиңизди колдон түшүрбөй иштеп келдиңиз.

Элиңиздин жашоосундагы оош-кыйыш окуялардын баарында четте калбай, өз пикириңизди билдирип, калк менен бирге болдуңуз.

Радиодон үнүңүздү уксам, телевизордон жүзүңүздү көрсөм, кыраан бүркүттөй болгон кайран агам деп, сүйүнүп турар элем.

Акыркы жылдары ооруп, кыйналып жүргөңүздү такыр билдирген жоксуз. Кайран көк жал агам!

Мен ооруп калганда ден-соолугумду кайра-кайра сурап, телефон аркылуу кабар алып турдуңуз. Бирок мен сиз менен жолугуп, кенен-кесири сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүгүм болбой жатты!

Бексултан аба! Ыйманыңыз саламат, жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун!

Сиздин ысымыңыз кыргыз барда унутулбайт. Иниңиз Шайлообек Дүйшеев.

Бексултан Жакиев (сүрөттө көз айнекчен) өмүрүнүн аягына коомдук-саясий турмушка активдүү аралашып жүрдү. Акын жана журналист Шайлообек Дүйшеев (солдон үчүнчү)
Бексултан Жакиев (сүрөттө көз айнекчен) өмүрүнүн аягына коомдук-саясий турмушка активдүү аралашып жүрдү. Акын жана журналист Шайлообек Дүйшеев (солдон үчүнчү)

Бексултан агай улуттук кайра жаралуунун доору эле

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, драматург Султан Раев Бексултан Жакиев сүргөн өмүрүндө өчпөс из калтырып кеткенин белгиледи:

Султан Раев.
Султан Раев.

"Бексултан Жакиев кыргыз маданиятынын патриархы, улут маданиятынын доору. Бүтүндөй бир доор арабыздан акыретке жол алды. Кыргыз улут адабиятына титандык эмгек жасаган, улуттун уңгу жузу, улуттун рух уңгусу Бексултан агайбызды арабыздан жоготуп алып, арманыбыз көкүрөккө батпай турат. Доор - адамды, адам - доорду жаратат. Бексултан агай улуттук кайра жаралуунун доору эле. Кыргыз театрынын Бакайы, дайыма жашоосунда күрөшчүл духту туу кылып жашап өттү. Мыкты чыгармаларды жаратты. Улут театрын бийик деңгээлге көтөрдү. Мекенчилдик, чынчылдык, калыстык, акыйкаттуулук анын адамдык жашоосу эле. Жарандык сезими, духу бийик инсан катары улуттук баалуулуктарды, дөөлөттөрдү сактоодо опол тоодой эмгек кылды. Кайран агайыбыз, сөздүн чыныгы маанисинде баатырдык өмүр сүрдү, бирок эч качан чындыгынан жанган жок. Биз дайыма агайдын акыл кебине, улуулук насаатына конок берип өстүк. Артынан шакирттерди калтырды, узанган чулу оюн ар бир адам жүрөгүндө калтырды. Бүгүн биз кыргыз легендасын акыркы сапарга узатканы турабыз. Чыныгы легендага айланган инсан өмүрү түбөлүктүү! Кош, агайым, устатым, улуу устат!".

Кыргыз Эл жазуучусу, Эл Баатыры Бексултан Жакиев (солдо) жана чыгаан журналист, публицист, коомдук ишмер Азамат Алтай (Кудайберген Кожомбердиев). Ысык-Көлдө тартылган сүрөт. Сентябрь, 1995-жыл.
Кыргыз Эл жазуучусу, Эл Баатыры Бексултан Жакиев (солдо) жана чыгаан журналист, публицист, коомдук ишмер Азамат Алтай (Кудайберген Кожомбердиев). Ысык-Көлдө тартылган сүрөт. Сентябрь, 1995-жыл.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 26-апрелде саат 11:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына караганда, коштошуу зыйнатынан кийин анын сөөгү Бишкекте жерге берилет.

"Азаттык" радиосунун жетекчиси Венера Сагындык кызы алп жазуучуну мындайча эскерди:

Венера Сагындык кызы.
Венера Сагындык кызы.

"2004-жылы ыраматылык Азамат Алтайга Нью-Йоркто жолуксам, "жеке архивимдин бир бөлүгүн Бексултан Жакиевге бергем. Ошол жактан көрсөң болот" деп калды. Кийинки жылы жайында Бишкекке келгенде Бексултан агайга чалып, дачасына барып, ошол жерде бир нече күн Азамат Алтайдын архивин казып иштедим. Бексултан агай экөөбүз чай ичебиз арасында, сүйлөшөбүз. Ал жазган "Атанын тагдыры" драмасындагы баласын кайнатасына калтырып кеткен Сагындык эже кийин биздин айылга келин болгон. Мектепте мугалим болду көп жыл. Сүйлөшчү темалар толтура. Ошол кезде Бексултан агай "Манас" эпосу боюнча киносценарий жазып жүргөн экен. Эпостун окуя, каармандарына аралашып, кечке ошолор менен болуп аз уктап, таңкы 4-5терде туруп алып жазып жүргөнүн айтып берген. Ал сценарий даяр турса керек. Кийин телефон чалышып калчубуз кээде, бир нече жолу маектешип да калдык, радиого, ТВга жаздырып. Маркум Азамат Алтайды илгери СССР маалында Мухтар Ауэзовдон угуп калып, согушта дайынсыз кеткен агам болуп калбасын деп аябай толкунданган экен. Кийин ага-инидей болуп калышыптыр. Тагдыр, өмүр деген ар кандай болоорун, эң башкысы адам бойдон калыш керектигин бардык чыгармаларында даңазалап жазып жүрдү агай. Бизге акылман кеңешчи болуп калдыңыз эле. Жетимсиреп калды жалпы журтуңуз. Жакында эле чыккан китебиңизди окуп атам. Ал тууралуу өзүнчө сөз болор. Кош болуңуз, акылман, адилет сөзүн айткандан тайманбаган агабыз. Ордуңуз ээнсиреп бош калды".

Төмөндө жазуучунун үч жыл мурда "Азаттыкка" курган маегин сунуштайбыз. Анда Жакиев "Айтматовдун чыгармачылыгы, басып өткөн жолу дагы деле ойдогудай изилдене элек, каармандарынын чыныгы сырлары аягына чейин ачыла элек", - деп айткан экен.

Жазуучу Бексултан Жакиев 1936-жылы 16-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган.

1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 1962-жылы Киносценаристтердин Москвадагы эки жылдык жогорку курсунда билим алган. Андан кийин эмгек жолунда "Кыргызфильм" киностудиясында редактор, Кыргыз ССР Маданият министрлигинде, Кыргыз ССР Мамлекеттик кинематография комитетинде башкы редактор, Кыргызстан театр ишмерлер союзунун катчысы, президенттин мамлекеттик кеңешчиси, "Манас-1000" мамлекеттик дирекциясынын көркөм жетекчиси, директору, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык боюнча комитеттин төрагасы болуп эмгектенген.

"Азаттыктын" редактору, акын Бурулкан Сарыгулованын эскерүүсү:

Бурулкан Сарыгулова.
Бурулкан Сарыгулова.

"Ишенгим да келбейт. Жарым айдан мурдараак эле машинеңизди өзүңүз айдап "Азаттыкка" бир топ архивдериңизди калтырып кетпедиңиз беле. "Өзүбүз барып алмакпыз агай, бекер убара болдуңуз" десем, "Мен өзүм келсем болбойбу? Өзүңөр адам укугу дейсиңер, анан менин укугумду бузасыңар" деп борсулдап күлүп, тамашаладыңыз эле. "Ден соолугум жакшы, күн жылымдап, көңүлүм ачык, машине айдагым келип. Кээде эле мобу жүрөк ойноктоп кетип атат" дегенсиз. Сиз машинеде, мен жаныңызда туруп жарым сааттан ашык сүйлөштүк эле. Азамат Алтайды актоо процессине, Кыргызстанга алып келүүгө кошкон салымыңыз, Чыңгыз Айтматов, токсонунчу жылдардын партчиновниктери тууралуу көп кеп айттыңыз эле. "Өмүр өтөт билинбей" деген китебиңиз чыкканын айткансыз. "Ушунун баарын жаздыралы, жүрүңүз" десем, эмкиде деп көнгөн жок элеңиз машинеден түшкүңүз келбей. Сиз кыргыз рухий дөөлөттөрүн алып жүрүүчү, акыл-эстин, нарк-насилдин үлгүсү элеңиз. Сиз улуттун кадырын көтөрүп турган көрөңгөсү күчтүү мыктылардын катарын өтө бөксөртүп кеттиңиз. Айла жок. Ыйманыңыз саламат болсун, Бексултан агай!".

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер Садык Шер-Нияз жазуучуну жети сап ыр сабы менен жоктоду:

"Аска, зооң ким десе,
Ак мөңгү чоку сизди айтып.
Ага досуң ким десе,
Асылым байкем сизди айтып.
Аксакалың ким десе,
Анык залкар сизди айтып.
Калабыз эми кимди айтып".

Догдуркүл Кендирбаева.
Догдуркүл Кендирбаева.

Билим берүү жана илим министринин кеңешчиси Догдуркүл Кендирбаева замандын залкар жазуучусу тууралуу мындайча эскерүү калтырды:

"Өтө өкүнүчтүү! Кандай гана залкар инсан элеңиз! Сиз менен кездешип сөзүңүздү укканда ар бир кыргызстандык угуп калса экен деп тилейт элем. Ошол сөзүңүздү эфирге чыгып айтсаңыз болот эле деп сурасам. "Азыр бизди ким укмак эле, баалуулуктарды сыйлабаган нарксыздар көбөйдү, ченебегендей майдаландык" деп өлкөдөгү абалга катуу кейидиңиз. Доор менен жашташ болуп, ичиңизде эмне деген маалымат бар эле. Акыркы жолу жүрөгүңүз ооруп ооруканада жатканыңызда барганда Азамат Алтай жана тагдыры, кыргыздардын өткөнү, учуру жана келечеги жөнүндө кеңири айттыңыз. Небереме кол тамгаңыз менен тилегиңизди жазып бердиңиз эле. Ушул куракка чейин машинени ишенимдүү айдап, көз айнексиз жазып, эс тутум жана чыгармачылык ойлоруңуз күчтүү эле. Сиз менен "Сүрөттүү Манас" китебин жаратууда тыгыз иштедик. Ошондо калем акыңызды канчага баалайсыз деп сурасам, " Мен Манастын китебин жаратууда акча алып байыбай эле койдум, ар бир кыргыз Манасты таанып, туу тутса, менин акым ошол!" дедиңиз. Бүгүнкү күндө акчага, башкага байланган күнкордук заманда, көп адамдын ичинен биринчи жолу сизден уктум ушул сөздү! Кош болуңуз!".

Калемгер Кыргыз ССРинин искусствосунун эмгек сиңирген ишмери, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, Кыргыз эл жазуучусу, III даражадагы "Манас" ордени жана Даңк медалы менен сыйланган. Казакстандын Төлөгөн Айбергенов жана Жамбыл Жабаев атындагы эл аралык сыйлыктардын лауреаты болгон. Ага Казакстандын Астана медалы да берилген.

Кыргызстанда Бексултан Жакиевге эң даражалуу Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы ыйгарылган.

Кыргыз деп күйгөн залкар эле

Бексултан Жакиевдин дүйнө салышы менен кыргыз драматургиясынын “алтын доору” аягына чыкты, улут адабиятынын акыркы могикандарынын бири бул жарыкчылыкты таштап кетти, жарым кылымдан ашуун элине ак дилден кызмат кылган чыныгы мекенчил кайтпас сапарга аттанды, эми анын “экинчи өмүрү” башталат.

Көркөм сөз өнөрүндө нукура талантты баалап, улут адабиятынын коомдук кадыр-баркынын өсүшүнө, тамыры тереңге кетип чартактап-бутактап жайылышына кызыкдар, ал үчүн убакты-саатын аябай алтымыш жылдан ашуун аракет кылган кыргызга аскар зоо болуп туруп берчү залкар актыкка моюн сунду. Алтымыш жыл ашуун убакытка созулган сүрөткерлик турмушунда ал дайым калыстыкты, акыйкатты туу тутчу, калам менен кагазга өч жазуучулар журту эркин болушу керек, чабытынын кенен жайылышы зарыл деп сөз эркиндиги менен демократиянын баарынан жогору эсептечү. Андайга жетиш үчүн каламдаштарына колдон келген көмөгүн көрсөтүп, жардамын аячу эмес. Өлкөдөгү эң бийик сыйургалга жеткен чагында да бийлик башында отургандарга кошомат кылбай, өзү туура көргөн акыйкатын алдыга жайып калыстыгынан тайбады, адамдык, жазуучулук бийик атын жаманатты кылган жок.

«Манас» эпосу комикс түрүндө чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:17 0:00

Биздин муун Бексултан Жакиевди “Атанын тагдыры” драмасы аркылуу таанып, анын үзүндүлөрүн мектептеги өздүк-көркөм ийриминде коюп, ошол аркылуу Улуу Атамекендик согуштун азабын, трагедиясын туйдук. Ал кезде мектептеги коюлган оюндар Касымалы Баялиновдун “Ажар” баяны менен Бексултан Жакиевдин ушу “Атанын тагдыры” болор эле. Кыргыз элинин ХХ кылымда башынан кечирген ушул эки азабы бизге алгач мектеп сахнасы аркылуу сезимибизге уюду. Бала кезде көргөн-билгендер, өзүң аралашып калган көркөм дүйнө унутулбай өмүр бою сакталат экен. Кийин студент болуп калган кезде стипендия тийгенден кийинки барчу жерибиз Кыргыз драма театры болчу.

Оо, ал кезде театрга билет алыш кыйын, оюн башталарга чукул эшик алдында ашыкча билет сурап топураган кишилер турчу. Анда азыркыдай саман-топону аралаш интернет айдыңы жок, айылда келген балдар-кыздарга театрдан өткөн кызык дүйнө жок эле. Кино жандуу сүрөт, ал эми театрда жандуу адамдар образга кирип, өзгөчө бир дүйнөгө баарыбызды ээрчитип кирип кетишчү. Маектеринин биринде Бексултан ага ошол кездеги кыргыз театрдын “алтын доорун” мындайча сыпаттаган:

“Албетте, театрда жаңы спектаклдин коюлушу бул жаңылык, окуя. Театр биздин кыргыздар үчүн өзгөчө маанидеги окуя болгон. Эгемендикке чейин айылдан кишилер шаарга келишсе чай ичип-ичпей “театрыңарда эмне оюнуңар бар” дешчү. Айылдыктар да, шаардыктар да театрга баргысы келип турчу. Студенттер, окуучулар жаңы спектаклдерге ачка болсо да барышчу. Театрды калтырышчу эмес.”

Арадан анча деле көп убакыт өтпөй заман өзгөрүп, доор алмашып, театрга барчулар азайып, сыйкырдуу өнөрдүн башына оор кыйынчылыктар олчоюп отуруп калары ал кезде кимдин оюна келиптир?! Тарыхтын ушундай тамашасы да болот экен. Санарип заманын, интернет доорун Бексултан ага да көрүп калды. Бирок ага сүңгүп кирип кете албады. Чыгармачылыкка өмүрун сайган адамда боштук деген болбойт экен. Баштагыдай кызыктуу оюндар коюлбай, кыргыз театры күжүлдөп иштебей калган кезде Бексултан ага өзү айткандай “океандын океаны” “Манас” дүйнөсүнө кайрылып, улуу эпосту элге жайылтуу, дүйнөгө таанытуу иштерине шымаланып киришти. Көркөм чыгармачылыктын белгилүү бир ашуусуна келгенде ар бир үлкөн өзу ушундай ишке берилет окшойт. “Манаска” кызыгып калуунун маани-жайын Бексултан ага өзү момундай чечмелеп берген:

“Себеби бул “Манаста” кыргыз элинин жаратылышы, кулк-мүнөзү, дээри, жакшы-жаман сапаты, эрдиги-бок жүрөктүгү, сүйүүсү-жек көрүүсү, досчулукту барктоо-барктай билбегендиги, анан бул жашоонун касиети эмнеде, жеке эле кыргыз үчүн эмес – мына ушунун баары бар.”

Кыргыз тили, рухий дүйнөсү, улуттук баалуулуктарына Бексултан ага өзгөчө ызаат, чын дилден чыккан урмат-сый менен мамиле кылчу. Чоң атасы Абийир 1916-жылкы Үркүндө журтташтары менен кытайга чейин барып кайткан экен. Андагы азаптары аз келгенсип, Абийирдин балдары Улуу Атамекендик согушка катышып кайтпай калып атышпайбы.

Тестиер чагында согуш эмне экенин, айрылуу кандай болорун жон териси менен сезген өспүрүм, каргадай кезинде башынан өткөндөрүн кийин кара сөз, драмалык чыгармаларында баяндап берди. Баарысы көңүлүнө бекем орноп калган экен, ийгиликтүү уланган чыгармачылыгына түгөнгүс тема болуп берди. Кыргыз сахнасында миңден ашуун коюлган классикалык “Атанын тагдыры” драмасындагы жүрөк титиреткен окуялар автордун жеке турмушунан алынып, бийик сүрөткердик чебердиктин элегинен эленип, көркөмдүк жалпылоого өткөн, бир үй-бүлөнүн азап-кайгысы жаамы журттун, улуттун, доордун трагедиясы болуп чыга келген.

Бексултан аганын каламынан чыккан драмалык, прозалык, публицисттик чыгармалардын текши баарынын кызыгуу менен кабыл алынып, узакка сахнадан түшпөй, окурмандардын кызыгуусун арттырып келатышынын бир сыры - андагы турмуш чындыгынын таамай, таасын сүрөттөлүшүнө байланыштуу.

Бексултан ага кыргыз турмушун баарынан бийик коюп, ага теңдеш калк бу жер үстүндө жоктой эсептечү, элибиздин пейилин, абийир-ыйманын сүрөттөөнүн чебери болчу. Аны эчен айтса да жетишпей калгансып, баса көрсөтүп, улам ырастап турчу. Кыргыз элиндей "абийири таза, пейили кенен элдер бул дүйнөдө аз" дечү.

“Мындай касиет кыргыздарда байыртадан бери бар. Себеби кыргыз эли канча кылымдардан бери өзүн-өзү сактап келатат. Бизден канча чоң элдер, мамлекеттер жоголуп кетти. Абдан күчтүү мамлекеттер жоголду. Мунун айырмасы, мурда да айткам, кыргыз дээринде, жаратылышында көр оокат чогулткан эмес. Кыргыз алтын күткөн эмес. Кыргыз руханий байлык чогулткан. Мына “Манас”, комуз, айтыш, ат оюндары, шырдак, оймолор, саймалар – ушулардын бардыгы руханий байлык”, - деген ал.

Өз эне тилин, каада-салтын, тарыхын ал башкалардан өзгөчөлүү деп эсептечү.

“Мына биздин шырдагыбызда эле канча философия жатат. Ошону чет элдик окумуштуулар келип сырларын ачып жатышат. Театр да ушундай”, - деп өзүнүн айтканына ыраазы болуп калчу.

Бексултан аганын 1958-жылы Фрунзе шаарындагы жападан-жалгыз Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктагандан кийинки эмгек жолу көркөм өнөр, театр менен жуурулушуп, ары кызыктуу, ары мазмундуу өттү. Өмүр соңу жакындап келатканын туйган автор “Өмүр өтөт билинбей” эскерүү китебин жазган. Жакында эле жарык көргөн мына ушул китеби менен окууну аяктагандан бир жылдан кийин коюлган айтылуу “Атанын тагдыры” драмасы экөөнүн ортосунда алтымыш жылдан ашуун убакыт жатат. Университетти жаңы бүткөн жыйырма төрт жаштагы драматургдун тун чыгармасынын республикалык кыргыз драма театрында коюлушунун өзү кандайынан келгенде да үлкөн маданий окуя го.

Чыгарма кыйла жылдар театр сахнасынан түшпөй, театралдык сезонду ошону менен ачып, чыгармада козголгон проблемалар, адам тагдырлары миллиондордун ой-сезимин козгоп, жашоо-турмуштун ушунчалык татаалдыгын, оордугун эстетип, адамзат баынан кечирген экинчи дүйнөлүк уруштун трагедиясын кийинки муундун эсине салып келди.

Драматургдун андан кийинки «Миң кыял» (1964), «Алтын аяк» (1967), «Өкүм» (1972), «Эртең – жаңы жыл» (1975), «Жолугушуу» (1979), «Күттүргөн жаз да келер» (1981), «Саадак какты» (1982), «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай» (1989), «Жаза» (1990) сындуу драмалары учурунда театрларда коюлуп, көрүүчүлөрдүн кызыгуусун жараткан.
Бексултан ага биртоп кара сөз, публицистикалык чыгармалардын автору эле. Анын улуттук баалуулуктар, калкты калк, элди эл кылган көөнөрбөс асылдыктар тууралуу ой жүгүртүүлөрү, пикирлери, карманган позициясы, ынанымдуу жүйөөсү эч кимди кайдыгер калтырчу эмес. Оозеки аңгеменин чебери эмнени айтса да уккан адамды ишендирип, ынандырып койчу.

“Кыргыз байыркы калкпыз. Кылымдарды карыткан бай тарыхыбыз бар. Байыркылыгыбызда талаш жок азыр. Мындан ары да тек-насилибиз унутулбай кыргыз көчү байсалдуу уланса экен деген тилегибиз чоң. Тилек өзүнөн өзү ишке ашпайт. Байлыгы ашып-ташкан ач көз зор өлкөлөрдүн алкымына жутулуп кетпес үчүн, бүт ааламды курчап бараткан азыркы доордун бороон-чапкынында жок болуп кетпес үчүн биздей космоско ракета учурбаган, атом бомба чыгарбаган саны аз калктын коргонуп калар куралы бардыр? Албетте, бар. Ар кандай табышмактын жандырмагы бар да. Болбой койбойт. Ал курал – эне тилибиз!” – дечү Бексултан агабыз.

Улуттук рухий баалуулуктарды баарынан жогору койгон гениалдуу драматург, кара сөз чебери, коомдук турмуштун маанилүү маселелерине тартынбай үн кошуп турчу агабыз да акыры ажалга алдаткан экен. Эмне дейбиз, артында калгандарынын амандыгын тилейли. Бексултан ага менен эчен ирет сүйлөшүп, кызыктуу кебине ыраазы болдук эле, жайыңыз жаннаттан болсун асыл ага!

"Азаттыктын" жамааты улуу калемгердин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

Эл Баатыры элин таштап кетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:26 0:00

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG