Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:08

Бишкекте Бексултан Жакиевдин 85 жылдыгына арналган көргөзмө өтүүдө


Бексултан Жакиев, Кыргыз эл баатыры.
Бексултан Жакиев, Кыргыз эл баатыры.

Бишкекте жазуучу, драматург, Кыргыз эл баатыры Бексултан Жакиевдин 85 жылдыгына арналган “Заманыбыздын залкары, кыргыз драматургиясынын классиги” аттуу китеп көргөзмөсү уюштурулду.

Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканадагы көргөзмө 21-январда ачылган, бир айдай уланарын уюштуруучулар билдиришти. Көргөзмөгө жазуучунун китептери, цитаталары, гезит-журналдарга чыккан макалалары коюлду.

Жакиев “Атанын тагдыры”, “Миң кыял”, “Алтын аяк”, “Өкүм”, “Эртең жаңы жыл”, “Күттүргөн жаз да келер”, “Саадак какты”, “Жүрөлүчү жүрөк оорутпай”, “Жолугушуу”, “Жаза” ж.б. чыгармалары менен белгилүү.

Кыргыз эл баатыры, Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын ээси Бексултан Жакиев 1936-жылы 16-январда Тоң районунун Бөкөмбаев айылында туулган.(MJ)

XS
SM
MD
LG