Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 07:54

«Бешинчи канал» менен «Пирамида» каналдарын сатуу боюнча демилге көтөрүлдү


«Бешинчи канал» менен «Пирамида» телеканалдарынын эн белгилери. Коллаж.

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөлөрү мамлекеттик «Бешинчи канал» жана «Пирамида» телеканалдарын жеке жактарга сатууну сунуш кылышты. Бул тууралуу 1-февралда эки каналга бюджеттен 20 млн. сомдон 40 млн. сом бөлүп берүү маселеси каралып жатканда айтылды.

Финансы министри Кыялбек Мукашев телеканалдардын кызматкерлерине 2020-жылдын декабрь айы үчүн бюджеттен каралган айлык жетпей калганын, ушундан улам кошумча акча керек болуп жатканын билдирди. Жыйынтыгында депутаттар 40 млн. сомду бөлүп берүүнү чечишти.

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Илязбек Балташев «Бешинчи каналдын» 82 млн. 484 миң сом карызы бар экенин кабарлады. Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев сөз болуп жаткан жалпыга маалымдоо каратажаттарын жеке жактарга сатууну сунуш кылды:

«Биз телеканалдарды, башка да активдерди менчикке беришибиз керек. Бул каналдар боюнча комиссия түзүп чекит койбосок болбойт. Ошол эле кезде азыр аларга акча бербей ишин токтотуп койгон да туура эмес. Анткени ал жерде кызматкерлер иштеп атат. Парламенттин көз карашы боюнча телеканалдар жыштыктары менен сатылышы керек. Жок эле дегенде алар бюджеттен акча албай калгандай деңгээлге жетиш керек».

Депутат Улан Примов да каналдарды сатуу тууралуу демилге көтөрдү. «Бешинчи канал», «Пирамида» жана ОшТВ каналдары Мамлекеттик мүлк фондуна карайт жана алардын жетекчилерин фонд дайындайт.

«Бешинчи канал» 2005-жылы мурдагы президент Аскар Акаев бийликтен кулагандан кийин КООРТ каналынын базасында түзүлгөн. 2006-2009-жылы аны кийинчерээк апрель окуясы боюнча айыпталып, он жылга сыртынан соттолгон Оксана Малеваная башкарган. 2010-жылы Убактылуу Өкмөттүн декрети менен мамлекеттештирилген. 2011-жылы Жогорку Кеңештин ишин чагылдыруу максатында «"Бешинчи канал" жабык акционердик коому жөнүндө» мыйзам кабыл алынган.

«Бешинчи каналды» жеке жактарга сатуу боюнча демилге утур-утур көтөрүлүп келет.

Кыргызстанда туңгуч эркин телеканал катары таанылган «Пирамида» мурдагы бийликтин тушунда колдон колго өтүп, 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин мамлекеттин карамагына берилген.

2016-жылдын февралында ал парламенттин, башка бийлик бутактарынын, мамлекеттик органдар менен мекемелердин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат тарата турган канал болгон. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG