Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Бексултан ага: Менин аялымдан өтөөрү жок!..


Кыргыз Республикасынын баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев.
Кыргыз Республикасынын баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев.

Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев өзгөчө тамашакөй инсандардан. “Күлкү кербенинин” кезектеги чыгарылышында анын айрым тамаша кептерин сунуштайбыз.

* * ** * * *

Түкөмүн (б.а. Кыргыз Республикасынын Баатыры, эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбеков. — Ред.) бизден жакын көргөндөрү да бар болчу. Аларды Түкөм дайым колдочу, калкалачу, чыгармаларына жолдомолор жазып берчү. Алар да үйрүчүктөп Түкөмүн үйүнөн чыкчу эмес.

Ошондой жакындарынан экөөнүн бирөө өтпөсө, бирөө өтөөр деген ниетте Түкөм Теңдик Аскаров Турдакун Усубалиевдин "куйругу" катары Жазуучулар Союзунун биринчи секретарлыгынан түшө турган болгондо, Борбордук Комитетке барып, Аскаровдун ордуна койдурганы жүрүптүр деп угуп калдык. Темике да өз жигитин түртө баштаганы, дагы башка аксакал жазуучуларыбыздын далалаты угулду.

Аларды укканда Насирдин Байтемировдун: “Ой, чоң жазуучулардын баары эле бирден торпогун жетелеп, ЦэКада жүрөт дейт ко", — деген сөзү боорубуз эзилгенче күлдүрүп, дуу таркаган. Деги Насыке мыкты сүйлөп койчу эле.

Кийин 1987-жылы... ийри отуруп, түз баарлаштык. Түкөм ошондо көп жакшы жактарыбыз менен бирге айрым бир жашы кичүү жазуучулардын улууну улуу дебей, кичүүнү кичүү дебей, адепсизирээк жүргөнүн, көбүрөөк сөз талашканын айтты эле, Түкөмүн бул айтканы баягы Аскаровдун ордуна коём деген эки жигитинин бирине карата экен.

“Жигити» турду да: “Качанка дейре силерден сөз да артпай, устукан, белек да артпай, куржалак жүрө беребиз”, — деп, Түкөмдү талкалап түштү.

Жыйналышыбыз бүткөндө, тышка чыгып баратсам, Түкөм томсоруп, ышкырчу кишидей "шү-шү-шүлөп", терезеде отуруп калыптыр.

…Мурда, Апсамат Масалиев бийликке жаңы келгенде, жазуучулардын чоң жыйыны болуп, Түкөм эки саатка жакын тил жөнүндө, маданиятыбыздын абалы, тарыхыбыздын бурмаланып келаткандыгы, деги толгон маселелер жөнүндө букту чыгара катуу сүйлөгөн.

Аскаровдун ордуна койдурам деген «торпокторунун» бири жаңы бийликке жагынгысы келди окшойт, сөз алып, Түкөмдү көмөлөтө сүзгөн болучу.

Азыр мына ошо өзү өстүрөм деген эки жигитинин кылыктарына күйүп:

— Торпокторумдан көрдүм да, кордукту! — деп отурбайбы.

Капа болуп турган адамга мындайда тамаша — дары. Жан тарткан болуп, болуша сүйлөсөң, ызасы ого бетер күчөйт.

— Түкө, - дедим тамашага оодаргым келип, — сиз Кең-Сууңузданбы, Талды-Сууңузданбы, шаарга качан кеттиңиз эле? 1927-жылы келгемин деп жүрөсүзбү? Ошончо жылдан бери шаарда жашап, малдын сырын унуткансыз да?..

— И-и?..

— Торпок тандай албай калган өзүңүздөн көрүңүз.

Түкөм эки бөйрөгүн бүлк-бүлк эте саал-паал күлгөн болду.

— Эмесе, мени үйгө чейин узатып кой, — деди.

* * * * * * *

Тамак ичип алып, (Азамат Алтай дарыланып жаткан Нью-Йорктогу. — Ред.) ооруканага куру кол жөнөдүк.

— Абага бирдеме сатып алабызбы? — дедим жолдо баратып.

— И-э, гезит аларга кирак (керек), — деп койду (Сания. — Ред.) жеңе мен ойлогондой тамак-аштан эч капары жок.

Мен быяктагыларды деле өзүбүздөй көрүп, жемиш-жүмүшсүз, тоок бышырып албай, сомоюп баратканыбызга оңтойсуздандым. Көрсө, ооруканага тамак көтөрүп барыш америкалыктардын оюна кирбеген жосун экен. Анткени, алардын ооруканаларында бары-жоктун баары болот имиш.

Кийин бир күнү Азамат Алтайдын палатасында саат экиден түнгө дейре отуруп калдым.

— Кардың ачты го, тамак алдырып келейин, — деп Азамат Алтай мага кайрылганынан, “тамашалап атабы” десем, чын экен.

— Аба, - дедим тамашалап, - сиз бизди минтип шакабалабаңыз. Бизде тамакты ооруканада жаткан адамга алып келет, а сиз мага тамак бергиңиз бар...

— Быякта ушундай. Айтып койсоң, ресторандагыдай даярдап келет. Баасы дарыланган акыңа кошулат. Айт, эмне бышыртайын?

— Кереги жок. Силер өз көнгөнүңөр менен болгула, мен өз көнгөнүбүздү жасай албасам да, оорукананын тамагына курсак тойгузуп, жаман атты болгудай алым жок.

Кардым ачып турса да, а жерде тердеп-кургап, тамак ичип отуруштан тартынып, тамашалаган болуп кутулдум.

* * * * * * *

...Кыргыз тилинен сабак алыш үчүн Вашингтондон келип калган Кетлин экөөбүз Азамат Алтайдын машинесине түштүк. Жолдо баратканда Кетлин аркы-беркини сурады. Суроосунун көбү кыргыз аялдары, алардын укугу, абалы жөнүндө болду.

Бир маалда баягыда БУУда Кыргызстандын Күнүн өткөрүп жатканымда ушу суроону сурагандар менен сүйлөшүп алгансып, Кетлин да:

- Кыргызстандагы эң мыкты аял ким азыр? - деди.

- Менин аялым! - деп, ошо БУУда айткан жообумду дароо кайталай салдым.

Азамат Алтай каткырып жиберди да, жообумду Кетлинге которуп берди. Кетлин да каткырды.

* * * * * * *

Булак: URL: http://bizdin.kg/книга/азамат-алтай-азаттык-менен-демократиянын-жарчысы/

XS
SM
MD
LG