Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:09

Салижандын азилдеринен: Шакирти Таалайбектен бир шиңгил


Көрүнүктүү коомдук ишмер, адабиятчы, азилчи Салижан Жигитов (1936-2006).
Көрүнүктүү коомдук ишмер, адабиятчы, азилчи Салижан Жигитов (1936-2006).

Тилчи, котормочу, түрколог илимпоз Таалайбек Абдиев маркум Салижан Жигитовдун юморлуу кептеринен чогултуп келет. Анын айрымдарын автордун уруксаты менен төмөндө сунуштайбыз.

* * * * * * *

Бир жолу ("Манас" университетинде) Мухиттин Гүмүштүн кабинетинде отурсак, Салижан абам келип калды. Бир аздан кийин башка түрк мугалимдер да келишти. Салижан абам аркы-беркини сүйлөп, адатынча баарыбызды күлдүрүп отурду.

Бир кезде түрк мугалимдер ага проректор катары арызданып калышты:

«Салижан бей, бул жердин полистери (милициялары – Т.А.) эмне деген адамдар? Жөө чыксак, өзүбүздүн документтерибизди текшерип, акча алышат. Машина менен чыксак, анын документтерин сурамыш болуп акча алышат».

Салижан абам ойлонбой туруп:

«Эми ал кысталактарга Акаев 400 сом айлык берип, калганын Мухиттин бейден алып аласыңар десе, алып атышат да», – дегенде баарыбыз кыйрап күлгөнбүз.

* * * * * * *

Азиз Салиев бир жолу: «Философия, эстетика боюнча көп эле эмгек кылдым, канча китеп жаздым, бу кыргыздар анын деле баркына жеткен жок, баркына жетмек турсун окуп да койбойт», – деп наалыса, Салижан абам: «Эми Азиз Салиевич, биз өзүбүздөн кийинкилерге кык болуп берсек болду да», – деп жубаткан экен.

* * * * * * *

«Революция каармандарына» аттуу эстелик ачылган күнү Салижан абам эл көп болот ко деген ой менен барбай коёт да, кийинки күнү барат. Ал жерде, абамын сөзү менен айтканда, ага окшогон кыйтырлар көп экен дейт. Баары эстеликти карап туруп калышат. Бир маалда ары жактан Насирдин Байтемиров келатат дейт.

Салижан абам ага тийишип: «Наке, бу катындын эстелиги жакшы чыккан ээ?», – десе, Насирдин буйдалбай туруп: «Бул катын эмес, революция, революциянын жынысы болбойт», – деп жооп бериптир.

* * * * * * *

Салижан абам Түгөлбай Сыдыкбеков менен келатып, тийишип калат:

– Түкө, бир кезде сиз дагы абыдан көптүңүз, ээ?

– Эмне кылып көптүм?

– Чачты далыга чейин өстүрүп жүрбөдүңүзбү?

– Эми чач деген кудай берсе өсө берет турбайбы, – дептир тиги киши Салижан абамын башын карап.

* * * * * * *

Бир жолу жолдон бирөө кезигип, Салижан абаман сурап калат:

– Ой, Саке, кайдан келатасыз?

– Ой, бир халтурщик акын бар эле, ошону кыргыз адабиятына экинчи келгис кылып көөмп келатам, – деп жооп бериптир.

* * * * * * *

Салижан абам бир жолу «Ала-Тоо» журналынын редакциясына барып калат. Ал жерде Сулайман Маймулов деген жазуучу иштечү экен. Ал жердегилерден абам: «Бу кудай урган чычкандын баласын эмне дейт, ким билет?» – деп сурайт. Эч ким билбейт. «Эми кудай урбадыбы, баласы болгондон кийин аты да болуш керек да, туурабы? Мисалы, карышкырдын баласын бөлтүрүк дейт, түлкүнүкүн бачки дейт, аюунукун мамалак дейт, маймылдыкын Сулайман дейт», – деп элди дуу кылыптыр.

Таалайбек Абдиев.

Булак: https://oshakir.wordpress.com/2017/01/26/таалайбек-абдиев-салижан-жигитовду/

P.S.

Башка окурмандарыбызды да сатирик, акын, адабиятчы Салижан Жигитовдун азилдери тууралуу “Азаттык” үналгысы буга чейин жарыялап келе жаткан түрмөккө салым кошууга чакырабыз.

XS
SM
MD
LG