Линктер

бейшемби, 15-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 08:37

"Кыргыз жаштары демократияны саткан эмес"


Жыпар Жекшеев.

Тарыхта ГКЧП же "Өзгөчө абал боюнча мамлекеттик комитет" деген аталыш менен калган Совет өлкөсүндөгү мамлекеттик төңкөрүшкө туура 27 жыл болду. 1991-жылы 19-21-август күндөрү Компартия менен КГБдагы консервативдүү күчтөр СССР президенти Михаил Горбачевго каршы төңкөрүш уюштурган. Ал күндөрү Кыргызстандын саясий жетекчилиги жана коомчулугу бул аракетке каршы чыгып, өз позициясын билдирген. Ошол күндөрү ГКЧПга каршы турган штабдын башчысы болгон, Кыргызстан демократиялык кыймылынын (КДК) ошол кездеги теңтөрагасы Жыпар Жекшеев “Азаттыкка” маек куруп, окуяларды эскерди.

“Азаттык”: Жыпар мырза, ушул күндөрү тарыхта ГКЧП же СССРди мурдагы калыбында сактап калыш үчүн Өзгөчө абал боюнча мамлекеттик комитет түзүлгөнүнө 27 жыл толду. Ал күндөрү эгемендигин жарыялаганы турган Кыргызстан бул окуяны тааныбай, коңшу өлкөлөрдөн айырмаланганы белгилүү. Сиз ГКЧП күндөрүндөгү окуяларга жигердүү катышкансыз. Ошол окуяларды эскерип өтсөңүз?

Жекшеев: Ошол күнү ал окуялар тууралуу “мамлекеттик комитет түзүлүп, бийликти колуна алды” деп таң атпай радиодон уктук. Мен дароо эле "Бул төңкөрүш эмеспи?" деп шектендим.

Кыргызстан демократиялык кыймылынын (КДК) кеңсесине барып, башкармалыктын мүчөлөрүн чакырттык. Алардын айрымдары укса, айрымдары уга элек экен. Ошол жерден “биз демократиялык өзгөрүүлөрдү, эгемендикке умтулган аракетибизди сактап калышыбыз керек” деген пикиримди айттым. Алар да мени дароо колдоп, өзгөчө штаб түзүп, мени төрага кылып шайлап коюшту. Ошондо 20 миңге жакын кыргыздын жаштары, азыр жаңы конуш деп жатпайбызбы, негизинен ошол жакта жашагандар “биз жаныбызды берсек да, эркиндикти эч кимге сатпайбыз, ГКЧПга баш ийбейбиз” деп турушту.

Бизде эч кандай курал жок болчу. “Бийлик өзгөрдү, эми силерди биринчи атат, акырын тоого чыгып кеткиле” деп кеңеш айткан айрым ардагерлер да чыгышты. Бирок мындай кептерге карабай эгемендик үчүн, демократиялык өзгөрүүлөр үчүн катуу турган, патриоттук сезими абдан курч кыргыз жаштарына башымды ийдим.

Кыргызстан демократиялык кыймылынын (КДК) митинги. 1991-жыл.
Кыргызстан демократиялык кыймылынын (КДК) митинги. 1991-жыл.

Феликс Кулов анда ички иштер министри болчу, ал келди. КГБнын төрагасы Жумабек Асанкуловду чакырдык. Азыр эми Куловдун тегерегинде ар кандай сөз болуп жатат. Бирок ошол күндөрү Феликс Кулов азаматтык кылган.

“Москвада жапжаш кыздар, жигиттер танктарды гүл менен токтотуп жатат, силер да ошондой болгула, курал бере албайбыз” деп бизге колдоосун билдирип турду.

Биз атайын кайрылуу даярдап, КМШ боюнча бизде гана теле аркылуу бердик. Ал кезде Телерадиокомитеттин башчысы Сатыбалды Жээнбеков эле, ал коркпостон кайрылууну жарыялады.

Мындан соң Бишкектин тегерегинде жайгашкан Орто Азия аскер округунун жоокерлери кайрылууну угуп, “элге каршы чыкпайбыз” деген сөздөр болгон экен.

“Азаттык”: Сиз белгилегендей, ал күндөрү Кыргызстандын саясий жетекчилиги да, коомчулугу да төңкөрүш аракетине каршы чыккан Орто Азиядагы жалгыз өлкө болду. Мындай кырдаалга эмне себеп болду? Өлкөдөгү кайра куруу жылдарындагы ачык-айкындыкты жактыруубу?

Жекшеев: Орто Азия эле эмес, Советтер Союзунун мурдагы республикаларынын бири да расмий каналдар аркылуу позициясын билдире алган жок. Чочулап, коркуп турушту. Биз гана теле аркылуу позициябызды билдирдик. Мында маркум Сатыбалды Жээнбековдун да салымы чоң. Ал киши демократиялык баалуулуктарды карманган, биздин киши болчу.

Чын эле өлкөдө өзгөрүүлөрдү каалоо күчтүү болгону байланыштуу болду.

Кыргызстан демократиялык кыймылынын (КДК) мүчөлөрү. 1991-жыл.
Кыргызстан демократиялык кыймылынын (КДК) мүчөлөрү. 1991-жыл.

Азыр эми түшүнүктөр чаржайыт болуп кетти, бирок ал учурда ак менен караны таасын аныктап, түшүнгөнбүз. Биздин жаштар чечкиндүү туруп берди.

“Азаттык”: Эми ал окуялардан бери 27 жыл өттү. Азыркы учурдун көз карашынан алганда ГКЧП күндөрүндөгү кырдаалдын саясий, тарыхый сабагы кандай болду?

Жекшеев: Саясий сабак жөнүндө кеп козгогондо биз баарыбыз унутчаак экенбиз. Эгер ошол күндөрдөн, демократияга умтулуудан жакшы тыянак чыгарсак өлкөнүн абалы, жашообуз да бир топ оңолмок. Бул эми тарыхка айланды. Бирок кыргыздын жаштары эч качан эркиндикти бирөөнө бербей, демократияны сатпай турганын көрсөттү.

20 миңге жакын жигиттер тез арада өз ыктыяры менен келип, фамилиясынан бери жазып беришти. Алгач Ак үйдөгүлөр титиреп отурушкан. Жаштарды көргөндө адегенде ал кездеги парламенттин спикери Медеткан Шеримкулов билдирүү жасады. Ага чейин эле КДКнын билдирүүсү чыгып кеткен эле. Акаевдин биринчи билдирүүсү коркок кишиникиндей болчу. Анан башкалардын билдирүүлөрүн көрүп, экинчи ирет кайрылуу менен чыкты. Себеби, президенттин кадыр-баркы төмөндөй баштаганын билип, анан кескин билдирүү жасады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG