Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:52

1991-жыл, 24-август: Горбачев КПСС тараганын жарыялаган


Мындан жыйырма жыл илгери, 24-августта Михаил Горбачев КПССтин баш катчылык кызматын тапшырган.

Муну менен Коммунисттик партиянын Борбордук комитети өз ишин токтоткон эле. Ал тарыхый окуя Кыргызстанда кандай кабыл алынган жана бул күндөрү дагы эмне окуялар орун алган?

Компартиянын “жаназасын окуган” билдирүү

19-21-август күндөрү Совет өлкөсүндөгү ГКЧП деп аталган мамлекеттик төңкөрүш ишке ашпай калгандан кийин, Советтер союзунун ыдырашы тездеп отурган. 1991-жылы 24-августта Михаил Горбачев Советтер союзунун Комунисттик партиясынын баш катчылык кызматын тапшыргандыгын жарыялаган. Анын билдирүүсүн cоюздук борбордук телевидениенин “Время” жаңылыктар берүүсү тараткан.

- Сиздер “Время” берүүсүн көрүп жатасыздар. Биздин редакцияга азыр гана Михаил Сергеевич Горбачевдун билдирүүсү келип түштү.

Михаил Горбачевдун билдирүүсүнүн мазмуну мындай эле.

- Ушундай жагдайда КПСС Борбордук комитети өзүн-өзү таркатуу жөнүндө кыйын, бирок ак ниет чечим кабыл алууга тийиш. Республикалык партиялардын жана жергиликтүү партиялык уюмдардын тагдырын алар өздөрү аныкташат. Өзүм үчүн КПСС Борбордук комитетинин Баш катчылык милдеттерин мындан ары аткаруу мүмкүн эмес деп эсептеймин жана тиешелүү полномиечелеримди токтотомун.

Компартиянын кулашы кандай кабыл алынган?

Ага дейре эки кызматты бирдей аткарып келген Горбачев мындан ары Советтер союзунун президенти катары кала берген. Бүгүнкү пенсионер, ошол кезде мектеп мугалим Конуш Орозбеков Компартиянын кулашын өкүнүү менен кабыл алганын айтат.

- Мен өзүм аны каалаганым жок. Анткени мен 40 жыл мугалим болуп иштедим. Тиешелүү айлыгымды алчумун, тарбиялуу болчубуз, билимдүү болчубуз. Канча акча алсак, ошонун баары жетчү.

Ал эми Бишкек шаарынын тургуну Абазкан Акматбеков ал күндөрдү мындайча эскерет.

- Элүүдөн ашып калган адамдардын баары тең эле кайгыруу менен кабыл алышты. Анткени секретарь, райком, облисполком деген кызматтардын кумары баары бир алардын жүрөгүн ээлеп туруп алды. Ошол ой менен көпкө чейин жашашты. Бирок баары бир жаңы муун, жаңы бийлик, жаңы падыша келсе экен деген ой менен жүрдүк.

Баатырларды акыркы сапарга узатуу

Ушул эле күнү, 24-августта Москвада ГКЧП учурунда, тагырак айтканда 20-августта Ак үйдү коргоп жатып, аскер күчтөрү менен кагылышууда каза болгон жаш жигиттерди акыркы сапарга узатуу тажиясы өткөн. Алардын бири Дмитрий Комар кыргызстандык, тагырак айтканда Ысык- Ата районунан эле. Аларды акыркы сапарга узатуу учурунда Михаил Горбачев мындайча сүйлөгөн.

- Өлкөнүн президенти катары мен бүгүн Дмитрий Комарга, Илья Кричевскийге жана Владимир Усовго Советтер Союзунун Баатыры деген наам берүү боюнча указга кол койдум. Өз мезгилинен эрте кеткен жаш жигиттерге колубуздан келген нерсени кылуу баарыбыздын парзыбыз деп билем. Биз чыныгы граждандарды акыркы сапарга узатып жатабыз!

Ак үйдү коргогон Советбек Абдрасулов

19-21 август күндөрү Москвада Ак үйдү коргоого Советбек Абдрасулов да катышкан. Абдрасулов учурда Бишкектеги Юридикалык академияда кафедра башчысы болуп эмгектенет, философия илимдеринин кандидаты. Ал 1991-жылы үч күн бою Ак үйдү коргоого кандайча катышып калганын эскерди:

- Мен Москвага аспирантурага тапшырганы баргам. 19-августта документимди өткөрөйүн деп жатсам, ГКЧП чыгып калды. Анан ушундай окуя болуп жатса, мен документ тапшырам деп жүрөт белем деп, документ тапшыруунун акыркы күнү экендигине карабай, Ак үйгө баргам. Ал жерден өзүм менен мурда окуган балдарды, ошондой эле агайымды жолуктурдум. Баарыбыз чогулуп, Ак үйдүн алдындагы биринчи тосмолорду койгонбуз. Алардын арасында мен да бар элем.

Абдрасулов аскер күчтөрү менен кагылышуу кандайча болгонун да айтты:

- Эң коркунучтуусу биринчи күн, биринчи түн болду. Анткени эмне, кандайча болорун эч ким билген эмес. Ал эми каза болгондор болсо, аскерлер келе жатканда алдынан чыгып, аларды тосуп, өткөрбөйбүз дешкен.

Бишкекте болсо, 24-август күнү Кыргызстан компартиясынын борбордук комитети “Кыргызстан компартиясында түзүлгөн абал” жөнүндө деген кезексиз жыйынына чогулган. Ушул эле күнү Украинанын Жогорку Совети кезексиз сессияда Украинанын көз карандысыздыгын жарыялаган. Ал эми Кыргызстандын эгемен өлкө болоруна толук бир жума калган эле...
XS
SM
MD
LG