Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:10

1991-жыл, 23-август: Ала-Тоо аянтындагы митинг


КДК өкүлдөрү Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарынын Борбордук аянтында нааразылык жыйынын куруп, советтик аскерлердин Балтика өлкөлөрүнөн чыгарылышын талап кылышты. 1991-жылдын 21-январы.
КДК өкүлдөрү Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарынын Борбордук аянтында нааразылык жыйынын куруп, советтик аскерлердин Балтика өлкөлөрүнөн чыгарылышын талап кылышты. 1991-жылдын 21-январы.

Мындан жыйырма жыл илгери 23-августта Бишкек шаарындагы борбордук аянтта жүздөгөн адамдар катышкан митинг өткөн.

Анда саясий да, улуттук да маанайдагы бир топ талаптар айтылган. Ошол митингдин катышуучулары өздөрү бүгүн ал окуяларды эскеришет.

“Жеңүүчүлөрдүн митинги”

1991-жылы 23-августта Кыргызстан демократиялык күчтөрү Бишкек шаарынын борбордук аянтында митинг өткөрүп, Совет өлкөсүндө 19-21-август күндөрү болгон ГКЧП деп аталган мамлекеттик төңкөрүшкө саясий баа берип, аны айыпташкан. Ал митингдин уюштуруучуларынын бири, ошол кездеги Кыргызстан демократиялык кыймылынын жооптуу катчысы, журналист Сабыр Муканбетовдун айтымында, ага 3 миңдин тегерегиндеги адам катышкан.

- Ураалап, ГКЧП жеңилди деп, өзүбүз жеңишке жетишкендей сүйүнүп турдук. Анткени, жазганды көрөбүз деп, качып кетпей, тобокелге салгандар да көп эле да. ГКЧП менен күрөшүш керек деп башынан ушундай пикирде кармангандар да көп болгон.

Ошол митинг “Жеңүүчүлөрдүн митинги” деп аталып калган. Анын себебин Муканбетов мындайча чечмеледи.

- Болду, ГКЧПнын мизи толук кайтарылды дегенден кийин, кел ушуну белгилейли деп, “Жеңүүчүлөрдүн митинги” дегенбиз. Өзүбүздү да Москвадагы Ельциндей жеңүүчү катары сезгендиктен, борбордук аянтка митинг өткөрүү идеясы чыккан.

Ал митингдин акырында атайын резолюция кабыл алынган. Анда “мамлекеттик төңкөрүштү колдогондугу үчүн Кыргызстан Компартиясынын борбордук комитетинин бюро мүчөлөрү мамлекеттик кылмышкер катары айыпталып, жоопко тартылсын, Компартиянын мүлкү улутташтырылысын, Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясы чакырылсын, Ленин атындагы борбордук аянт Ала-Тоо аянты болуп, ал эми Джержинский атындагы гүлбак Эркиндик деп өзгөртүлсүн” деген талаптар бар эле.

Ошол митингде уюшуруучу жана алып баруучу болгон Кыргызстан демократиялык кыймылынын теңтөргасы Жыпар Жекшеев буларга токтолду:

- Мындан ары эгемен мамлекет болмоюнча биздин келечегибиз болбойт деген катуу талаптар айтылган. Ошондой эле Кыргызстандын эгемендүүлүгүн сактайбыз, демократиялык күчтөрдү биригүүгө чакырабыз, эми эч кандай мамлекеттик төңкөрүшкө жол бербейбиз деп, алардын уюштуруучуларын айыптайбыз деп айтылган резолюцияда.

Эгемендүлүккө сегиз күн калган эле...

Бул күнү ошондой эле Кыргызстан Компартиясынын борбордук комитетинин бюросунун жыйыны 24-августа чукулунан “Кыргызстан компартиясында түзүлгөн абал” жөнүндө деген кезексиз жыйын чакыруу боюнча чечимге келет.

1991-жылы 23-августта Кыргызстандын көз карандысыз эгемен өлкө болоруна болгону сегиз гана күн калган эле.

Журналист Сабыр Муканбетов ошондогу элдин маанайын мындайча сүрөттөйт:

- Эгемендүүлүк деген коомдо бышып жетилип, эл күтүп калган. Ага Прибалтикадагы үч өлкөнүн өз киндигибизди өзүбүз кесебиз деп бөлүнүп кеткени да түрткү болду. Ошондон кийин кыргыздар өзүнчө мамлекет болсок, аз элбиз, кудай урбадыбы, бат эле оңолуп кетибиз деген ойлор айтылган. Ошондой ишеним менен Кыргыз мамлекети болсун, кыргыздын туусу желбиресин, дүйнөгө тараган мамалекет болсун, Ала-Тоонун үстүндө кыргыздын желеги желбиресин, өзүбүзчө эл болуп, башка бирөөгө көз каранды болбой, өз жерибизге өзүбүз ээ болсок, турмушубуз тез оңолуп, өнүккөн мамлекеттердин катарына кошулуп кетебиз деген сезим жалпы коомчулуктун ичинде кеңири тарап калган.
XS
SM
MD
LG